Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Талас: Кайсы кесипке талап жогору?


Тигүүчүлөргө талап жогору.
Тигүүчүлөргө талап жогору.

Кыргызстанда адатта жогорку билим тууралуу диплом барктуу саналат. Ошол эле кезде дипломдуу адистердин көбү ишке орношо албай жүрөт. Ал арада ширетүүчү, слесарь, тигүүчү өңдүү кесиптердин кадыры өсүп жатат.

Алмаз Казакбаев кезинде Талас шаарындагы №90 кесиптик окуу жайда окуп, шыбакчы кесибин өздөштүрүп чыккан эле. Кийин ал көпчүлүк өңдүү эле жогорку окуу жайга тапшырып, юристтин дипломун алган. Бирок жумушка орношо албай, кайрадан баягы улан кезиндеги кесиптик окуу жайга кайрылып, темир ширетүүчүнүн кесибин өздөштүргөн. Эми ошол өнүрү менен үй-бүлөсүн багып жатат.

- Азыркысын айта албайм. Учурунда начар окугандарды ушул окуу жайга жиберчү. Бул жакта окуган уят болчу да. Бирок бир кесиптин ээси болуп чыкчубуз. Бизге алгач шыбакты үйрөтүп салыптыр. Эми темир ширетүүчүлүктү үйрөнүп алып үй-бүлөмдү багып атам.

Алмаз Казакбаев кесиптик лицейде чогуу окуган курбулары Орусияда иштеп, жакшы адис катары бааланып жатканын кошумчалады.

Кадрлар аз, адистер жетишсиз

Өткөн кылымдын 80-жылдары №90 кесиптик лицейге тапшыруу оңой болсо, азыр бул лицейге кирүүнү каалагандар атайын сынактан өтөөрүн окуу жайдын директору Анарбек Байтилеев айтты.

- Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерге чыгып иштегендерге да кесип керек болуп жатат. Ошондуктан бизге азыр жалаң 5 менен 4 деген баага окуган балдар келип, билим алып жатышат.

Азыр курулуш үчүн жаңы материалдар талап кылынат. Мисалы, пластикалык түтүктөрдү жалгаштыруунун жаңы ыкмаларын үйрөтүү, тикмечи, бычмачыларга ылайыкталган заманбап тигүү машиналарды долбоор аркылуу алып жаткандарын Анарбек Байтилеев белгиледи.

- Жаңы ыкмаларды эске алып Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 9,5 миллион сомго грант утуп алган элек. Мына бүгүнкү күндө ушул окуу жайдын класстарын заманбап жабдуулар менен жаңылап жатабыз. Анын ичинде электр газ менен темирлерди ширетүү жана тикмечи, бычмачыларга жаңы жабдуулар келип жатат. Жаңы ыкма менен сантехниктерди окутсак бул биздин шаарыбызга керектүү нерсе.

Ошол эле кезде аталган кесиптик лицейде көйгөйлөр да аз эмес. Бул биринчи кезекте окутуучу кадрлардын жетишсиздиги менен байланышкан. Устат адистер саналган орус, немис улутундагы окутуучулардын көбү Кыргызстандан кетип калган.

- Бүгүнкү күндө кадр көйгөйү катуу турат. Себеби айлыктын аз болгонунан улам көптөгөн жакшы адистер кетип калып, азыр жакшы кадрлар керек болуп жатат.

Кесиптик лицейде чачтарач, тикмечи, ашпозчу, электр газ менен темирлерди ширетүүчү жана компютердик адистер окутулат. Бул лицейде учурда 180 окуучу бюджеттик жана 15 студент келишимдик негизде билим алууда.
XS
SM
MD
LG