Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Сооронкулов: Жаш мугалимдерге артыкчылык берилди


Билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Сооронкулов мугалимдердин айлыгына байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн мугалимдердин айлыгы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн түштүккө жөнөтүп жаткан экенсиздер. Майдан баштап мугалимдер жаңы система менен айлык ала баштайт эмеспи. Ошондо мугалимдердин айлыгы көбөйдүбү, көбөйсө канчага?

Гүлжигит Сооронкулов: Мугалимдин айлыгы көбөйдү. Үч жарым, кээ бир учурларда төрт эсеге чейин жакындап барып көбөйдү. Бирок эмнегедир жер-жерлерден акыркы бир-бир жарым айдан бери телефон чалып, мугалимдер ишенбей жатышат. Бул жерде бирөөлөр иштеп аткансыйт. "Өкмөт акча таба албады, майда болгону 30 пайызга гана көтөрүп коет экен", деген сөздөрдү таратып, жер-жерлерде мугалимдерди кайрадан нааразылыкка көтөрүү аракеттери болуп атат.

“Азаттык”: Кечээ эле бизге Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда иштеген мугалимдер чалып, айлык акы тууралуу маалыматтын жетпей жатканына нааразы болушту. Өкмөт эки күндүн ичинде расмий маалымат бербесе жапырт иш таштоо болот деп эскертишти. Сиздер маалымат жеткире албай жатасыздарбы?

Жети-Өгүз районунун мугалимдеринин нааразылык акциясы, 13-декабрь, 2010-жыл
Сооронкулов: Бардык маалымат берилип жатат. Министрликтин алдында көп жылдардан бери мугалимдердин “Кут билим” деген гезити жума сайын чыгат. Ошонун ар бир санына айлык тууралуу маалыматты айтып жатабыз. Кантип эсептеш керектигин айтып жатабыз.

Илгерки бирдиктүү тарифтик торчодон баш тартып, жаңы моделди киргизип жатабыз. Ал жерде бир топ маселелер бар, ошолорду элге үйрөтүп, жер-жерлерде семинар өткөрүп атабыз.

Бүгүн эртең менен биздин пландоо каржы бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асанов бир-эки кишиси менен түштүккө кетти. Түштүктө, буйруса, үч жерде мектептин деректирлерин, айыл өкмөттүн бухгалтерлерин чогултуп жаңы модель боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Буга чейин өкмөттүн чечими чыккандан кийин бир топ маселелер ортосунан чыгат экен. Жаңы модель болуп аткандан кийин бир топ майда нерселерин баарын өкмөттүн токтомуна киргизе албайсың да. Ошолордун баары иштелип чыгып, мына үч-төрт күн түштүктө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Андан кийин ошол эле команда менен түндүк тарапка, Нарын, Талас, Ысык-Көлгө жөнөйт. Жакында Чүй облусундагы мектеп деректирлерин чогултуп, эки-үч айдын ичинде бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө майдан баштап жылдын аягына чейин 5 миллиард 760 миллион сом бөлүнүп атат.


“Азаттык”: Жаңы система менен айлык төлөө мурункусунан эмнеси менен айырмаланат? Мурун мисалы дептер текшергени үчүн, же дагы башка иштер үчүн кошумча төлөмдөр бар эле.

Сооронкулов: Ооба, мурда ондон ашык майда-чүйдө кошумчалар болчу. Сиз айтып жаткан дептер текшерүү үчүн 15 сом, класс жетекчилиги үчүн 30 сом, анан айылдык шартта иштеген мугалимдерге 15 сом кошулчу. Биз ушундай эч нерсеге жетпеген, көрүнбөгөн кошумча төлөмдөрдүн баарынан баш тарттык чоң-чоң, бүкүлү-бүкүлү маселелер коюлду.

Негизинен айтканда илгерки мугалимдердин категориясы деген нерседен баш тарттык. Себеби акыркы жылдары Кыргызстан боюнча 70 пайызга жакын мугалим эң жогорку категорияны алып жүрүшүптүр. Ошондой категорияны алгандарды, көп жыл иштеген мугалимдерди тажрыйбалуу деп эсептеп келчүбүз. Эми өзүбүз түшүнөбүз да, мугалимдин кыйындыгы, тыңдыгы анын 30 жыл же 5-6 жыл иштегенинен көз каранды эмес.

“Азаттык”:
Демек жаш адистерге артыкчылык берип жаткан турбайсыздарбы?

Сооронкулов: Негизинен жаш мугалимдерге артыкчылык берилди. Эгерде мурунку бирдиктүү тарифтик торчо боюнча университетти жаңы бүтүп, мектепке келген мугалимдерибизге 1,5 миң сомго жетпеген акча эсептелип, ошонун 1200 сомун колуна алса, азыр жаңы шартыбыз менен айылдын мугалимдери эгер 20 саат сабагы болсо 7 миң сомго дейре айлык алышат. Анан сиз айтып жаткан дептер текшерүү, классты жетектөө деген маселелер да көп коюлуп жатат.

Мындан сырткары дагы бир жакшы нерсе – стимулдаштыруу деген өзүнчө айлыктын дагы бир бөлүгү бар. Буйруса мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө майдан баштап жылдын аягына чейин 5 миллиард 760 миллион сом бөлүнүп атат. Ошонун 10 пайызы ар бир мектеп өздөрү жакшы иштейт деп чечкен мугалимге кошумча айлык төлөп берүүгө жумшалат.

Буйруса эмки жылдан баштап 10 пайыз 20 пайызга чейин көтөрүлөт. Ал деле дакшы эле акча болуп калат. Педкеңеште мугалимдер өздөрү чечип, баланча мугалим жакшы иштеп атат, жакшы натыйжа көрсөтүп жатат деп азырынча 10, кийинчерек 20 пайызды кошуп бергенге мүмкүнчүлүк болот.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG