Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Үгүт маалында мыйзам бузгандар көбөйдү


Кыргызстанда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө 17 мыйзам бузуу катталды. Ал арада талапкер Адахан Мадумаровдун Чүй облусундагы бир жактоочусун белгисиз адамдар сабап кеткени кабарланды.

Бир катар жаштар уюмдары айрым талапкерлердин үгүт иштерине өспүрүмдөр катышып жатканын жар салышты.

Үгүт иштерине байланыштуу 7 кылмыш иши козголду

Президенттик шайлоого жакын калганда талапкерлердин үгүт материалдарын сыйрып кетүү өңдүү залака келтирүү фактылары көбөйүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча он күн мурда сегиз мыйзам бузуу катталса, учурда алардын саны он жетиге жетти. Министрликтин басма сөз кызматкери Адыл Осмонов үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча жети кылмыш иши козголгонун билдирди:

- Үгүт иштеринин жүрүшүндө ички иштер органдары тарабынан 17 мыйзам бузуу катталды. Алардын жетиси ээнбаштык, төртөө башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу, үчөө уурдоо, экөө жаратылыштын көрүнүштөрүнүн кесепети, бирөө үгүт материалдарына атайылап зыян келтирүү болуп саналат. Натыйжада жети факт боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин президенттикке талапкер Адахан Мадумаров, Анарбек Калматов жана Кубатбек Байболовдун үгүт материалдарына зыян келтирилип, Камчыбек Ташиевдин өкүлдөрүнө ыдык көрсөтүлгөнү айтылган.

Ал ортодо Чүйдүн Панфилов районундагы Чалдыбар айылында президенттикке талапкер Адахан Мадумаровду колдогон тургунду белгисиз адамдар сабап кеткени кабарланды. Бул маалыматты талапкердин кеңешчиси Кыяз Молдокасымов "Азаттыкка" кабарлады:

- Кара машина менен келишип, “биз мурда силерге эскерткенбиз, биз айткандай кылбасаңар ушуну көрөсүңөр” деп белгисиз, булчуңдуу балдар сабап кетишиптир. Аны эми райондук милициясы тактап, өз ордуна коюшу керек.

Азырынча бул маалыматты расмий булактар тастыктай элек.

Канткен менен үгүт жүргүзүүнүн жол-жоболорун талапкерлердин өздөрү да бузуп жатканын бүгүн бир катар жаштар уюмдары билдиришти. “Эркин муун” либерал жаштар альянсынын тең төрагасы Зыйнат Абдирасулованын айтымында, жер-жерлерде үч талапкердин үгүт иштерине өспүрүм балдар катышканы тастыкталды:

- Биз узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзөбүз. Биздин байкоочулар аймактарда жана башка ири шаарларда байкоо жүргүзүп жатканда президенттикке талапкерлердин үгүт иштерине өспүрүмдөрдүн катышканын байкашкан. Бул мыйзам чегинде эмес. Жалпы биздин маалымат боюнча, азыр үч талапкердин мындай аракетке барганы аныкталды.

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 38 миңден ашты

Президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда чет өлкөдөгү консулдуктарда каттоодо тургандардын саны 36 миңден саал ашканы маалым болду. Учурда дагы 2 миң 200дөн ашык адамдын арызы каралып жатканын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бакытбек Жумагулов 20-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жолу консулдуктарда каттоодон өткөн кийин гана добуш берүүгө мүмкүн болгондуктан айрым ири шаарларда каттоого тургандардын саны кыйла өскөн. Маселен, буга чейин Орусиянын Москва шаарында каттоодо турган 6 миң кыргызстандык болсо, учурда алардын саны 13 600гө жетти. Казакстандын Алмата шаарында болсо, каттоого тургандардын саны үч эсеге көбөйүп, 10 миңге жетиптир:

Москвадагы элчилик
Москвадагы элчилик
- Шайлоочулардын тизмеси эки эсе көбөйгөнү менен, ушунча адамды бир участоктон тейлөөгө мүмкүн болбой жатат. Андан тышкары чет өлкөлөрдө кээ бир талапкерлер өздөрүнүн тарапкерлерин каттоодон өтпөсө деле добуш берүүгө алып келип, жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан 20-октябрга чейин каттоодон өтпөгөндөр шайлоого катыша албайт деп кайрылгыбыз келет.

Ал эми Боршайком Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы тизмесин даярдоо менен алек болууда. Кечээ түнкү саат 12де шайлоочуларды тизмеге киргизүү, тизмени үймө-үй кыдырып тактоо иштери аяктаган. БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун айтымында, учурда Боршайкомдо түзүлгөн атайын топ такталган тизмелерди борборлоштурулган системага киргизүү менен алек болууда.

Ал арада талапкерлердин КТРКдагы теледебаттары да уланууда. Дебаттын форматы, анын жүрүшү социалдык түйүндөрдө дале болсо талкууга алынууда. 20-октябрда кечинде президенттикке талапкерлер Темирбек Асанбеков жана Курманбек Осмонов телетаймашка чыгышмакчы.

XS
SM
MD
LG