Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Жумабеков: Дарыгерлерди саясатка аралаштырбагыла


Саламаттыкты сактоо министрлиги шайлоо алдында кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн дарыгерлер арасында үгүт жүргүзүп жатабы? Министр Сабырбек Жумабеков "Азаттыкка" маек курду.

- Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун штабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин шайлоо күнү жасалчу иш-чаралардын тизмеги бекитилген токтому табылганын маалымдашты. Анда шайлоо күнү дарыгерлерди 400гө чукул шайлоо участогуна бөлүп жиберүү, адамдарды көбүрөк ооруканага жаткыруу сыяктуу тапшырмалар берилгени айтылууда. Сабырбек мырза, токтом чын эле сиз жетектеп жаткан министрликке тиешелүүбү?

- Андай токтом биздин министрлик тарабынан иштелип чыккан эмес, болбойт дагы. Себеби мен шайлоо алдында көп мекемелерди кыдырганда "медицина кызматкерлерин саясий оюндарга аралаштырбайлы, ар бир кызматкер өзүнүн ишин жасай берсин" деп айтып чыккам. Бирок жаран катары ар ким жүрөгү менен өзүнө жаккан талапкерге добуш берүүгө укугу бар. Жетекчилердин административдик жактан кысым көрсөтүүсү туура эмес.

- Токтом Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү эмес экенин айтып атасыз. Андай болсо шайлоо күнү дарыгерлер кайсы бир талапкердин эсебине иштебейт деп кепилдик бере аласызбы?

- Кыргызстанда 68 миң медицина кызматкери бар, мен ар бири үчүн жооп бере албайм. Мен министр катары жалпы мекеме жетекчилерине, жалпы медицина кызматкерлерине айткым келет: ар бир адам өз талапкери үчүн добуш берүүгө укуктуу. Кысым көрсөтүүгө мен каршымын.

Мен жетекчилерге дагы бир жолу айтып кетким келет: силер андай жолго барбагыла, аны жасабагыла. Бүгүн шайлоо өтөт, эртең да башка күн келет. Бүгүн биз башка заманда, мурункуга салыштырмалуу демократиялык мамлекетте жашап атабыз.

- Буга чейин шайлоо алдында дарыгерлер тобу Бишкектен алыскы райондорго барып, үгүт иштерин жасап келери көп айтылчу эле. Азыр деле кээ бир райондордо тастыкталбаганы менен ушундай сөздөр ушак катары айтылып атат. Сизге ушундай жагдайлар маалымбы?

- Министрликтин өзүнүн пландык иштери бар. Ал шайлоого карата эмес, жыл сайын болуучу нерсе. Алыскы райондордун айылдарына барып, элди текшерип, көзөмөлдөп туруу биздин милдетибиз. Бул мага чейин эле жасалган, менден кийин да жасала турган иш.

Бирок кол топтоп, ар бир үйгө баш багып, үгүт жүргүзүп, жетекчилердин кысымы менен жасалып атканы туура эмес. Мага да ушундай маалыматтар келип атат, бир эле бийлик тарабынан эмес, башка талапкерлерге да кээ бир райондордон жетекчилер өзүнүн кол астында иштеген кызматкерлерге кысым көрсөтүп жаткан экен. Бул туура эмес. Кысым көрсөтпөгүлө, ар бир жаран өзүнүн талапкерин тандап алганга толук укугу бар.

- Шайлоо өнөктүгү маалында сизге кайсы бир талапкерден "бизге иштеп, үгүт иштерине катышып бер" деген сунуш болдубу?

- Жок, мага андай сунуш түшкөн жок. Мен өкмөттүн жыйынында мындан 6-7 ай мурун "дарыгерлерди саясатка тартпайлы" деп айткам. Ошондуктан менин турумумду бардыгы билет. Буга чейин мен саясатка аралашкан эмесмин, мындан ары да аралашпайм. Ошондуктан жетекчилерге да "саясатка аралашпай, өз ишиңерди жасагыла" деп айткым келет.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG