Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Талапкерлердин катары суюлууда


"Мен тандайм" өнөктүгүнүн алкагында чыгарылган плакаттар.
"Мен тандайм" өнөктүгүнүн алкагында чыгарылган плакаттар.

Апта башынан бери президенттик жарыштан 4 талапкер өз ыктыяры менен баш тартты. Бүгүн БШК алардын үчөөсүнүн арызын канааттандырды.

Шайлоого саналуу күндөр калганда талапкерлердин жарыштан чыгышы Боршайкомго ашыкча түйшүк алып келүүдө. Талдоочулар болсо президентикке талапкерлердин саны мындан да азаяры ажеп эмес дешет. Ал ортодо өлкө башчысы Роза Отунбаева жарандарды шайлоого катышууга чакырып, добуш берүүдө жердешчиликке жетеленбөөгө чакырды.

БШК үч адамдын талапкерлигин жокко чыгарды

Бүгүн Боршайком президенттик жарыштан өз ыктыяры менен баш тарткан Нариман Түлеев, Исхак Масалиев жана Шамшыбек Медетбековдун арызын канааттандырып, аларды талапкерлердин катарынан чыгарды. Ал эми Акылбек Жапаровдун талапкерлиги азырынча эч кандай арыз түшпөгөнүнө байланыштуу каралган жок. Шайлоого саналуу күндөр калганда талапкерлердин жарыштан баш тартышы БШК үчүн кошумча түйшүктөрдү жаратууда, дейт Боршайком төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева:

- Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү бюллетендерден бул талапкерлердин ысымдарын кол менен чийип чыгышат. Биз бюллетендерди даярдап жатабыз да. Мыйзамдын талабы менен шайлоого 20 күн калганга чейин чүчүкулак өткөрүп, бюллеттендин формасын бекиттик. Бул жагдай талапкерлердин жоопкерчиликсиздигинен болуп жатат. Элестетсеңер, алар участкалык комиссияларга ашыкча түйшүк жаратышты. Талапкерлер эрте деле айтышса болмок.

Апта башында Нариман Түлеев талапкерликтен баш тартып, мындай чечимин кеч каттоодон өтүп, үгүт иштери үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүргөн. Андан көп өтпөй Акылбек Жапаров шайлоодогу конфликттердин алдын алуу үчүн жарыштан чыгып жатканын билдирген.

Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев шайлоонун мыйзамдуулугунан күмөн санаганы үчүн талапкерлигин алганын ачыктады:

- Шайлоонун жыйынтыгы коркунучтуу болуп турат. Себеби бүгүнкү күнгө чейин Конституциялык палата түзүлгөн жок. Ал эми Конституциялык палата шайлоо мезгилиндеги жарандардын конституциялык укугун карашы керек болчу. Жанагы төрт талапкерди каттоо бүтүп, үгүт иштери башталгандан 12 күндөн кийин катталышы нормалдуу мыйзамдын жоболоруна дал келбейт да. Бул деген, эртең 30-октябрдан кийин шайлоо мыйзамсыз деген чечимге негиз болуп жатат. Кийинки себеби, биздин партия шайлоого керектүү деңгээлде даярдык таба албады.

Талапкерлер эмнеге баш тартууда?

Убагында президент болуууну каалап арыз берген сексенден ашуун адамдын ичинен учурда 20 гана талапкер калды. Эгер Акылбек Жапаровдун арызы каралып, БШК чечим чыгарса, талапкерлердин саны 19га түшмөкчү.

Деген менен талдоочулар шайлоого чейин талапкерлердин катары мындан да суюлушу ажеп эмес дешет. Алардын бири “Азия полиси” борборунун эксперти Элмира Ногойбаева жагдайдын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биринчи себеп пиар-технологияларга байланыштуу. Мисалы кайсы бир талапкер өзүнүн рейтингин кыйла жогорулатып алып, ал рейтингди башка талапкерге берүү үчүн шайлоого аттанган. Экинчиден, мындай аракеттер башынан эле БШКны жолдон адаштыруу максатында жасалышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, талапкер кайсы бир учурда өзүн башкаларга салыштыргандан кийин татыктуу талапкер боло албасын түшүнүп, жарыштан баш тартышы ыктымал.

Президенттик шайлоо алдындагы “Мен тандайм!” акциясынын логотиби
Президенттик шайлоо алдындагы “Мен тандайм!” акциясынын логотиби
Кантсе да президенттик шайлоо күнүнө чейин дагы канча талапкер жарыштан чыгаары азырынча белгисиз. Ал арада президент Роза Отунбаева Коомдук телеканалга берген маегинде, калкты шайлоого катышууга чакырып, Кыргызстанда шайлоо алдындагы коопсуздук боюнча кооптонууга негиз жок экендигин айтып, добуш берүүдө жердешчиликке жетеленбөөгө үндөдү:

- Менин замандаштарым, мекендештерибиз добуш берүү үчүн урнага келгенде, өлкөбүз биримдикте болсун деп ойлошу керек. Биздин өзүбүздүн жигитибиз өтсүн деп ойлобошу керек. Бул эң коркунучтуу. Мен биримдик жөнүндө катуу ойлонушсун деп айтат элем.

Ошентип президенттик шайлоого жарым айдай убакыт калды. Ушул тапта президент болууну каалаган талапкерлер жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүүзүдө. Үгүт мөөнөтү шайлоого бир күн калганда аяктайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG