Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Жалал-Абад: үгүттү коштогон кырсыктар


Жалал-Абад
Жалал-Абад

Парламенттик шайлоого үгүт иштеринин жүрүшүндө Жалал-Абадда беш мыйзам бузуу фактысы катталып, кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

Мындан сырткары өткөн жумада үгүт баннерине кызыгып барган 4-класстын эки окуучусу аскадан кулап, бири каза болгон. Аксыда эл менен жолугушууга бараткан үгүт автоунаасы кырсыкка кабылып, 10 жаштагы бала өлгөндүгү кабарланды.

15-сентябрдагы баланын өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуя Таш-Көмүр шаарынын сыртындагы "Крокодил" деп аталган аскада катталган. 10 жаштагы оюнкараак классташтар Жамшид менен Арсен тоо башына кадалган "Ата Мекен" партиясынын баннерин алабыз деп чыгып, кулап түшкөн. 2006-жылы туулган Жамшид Юлдашев жеринде каза болгон. Ал эми Арсендин сол колун таш басып калып, дарыгерлер аны кесип салууга аргасыз болушкан.

Колунан ажыраган баланын жакыны Алтымыш Жунусов партиялар жарнактарынын коопсуздугун карашы керек эле деген ойдо:

- Жарнактарды илген жердин бардыгын этияттык менен жасаса, ушундай кырсык болмок эмес. Шайлоо боло берсин, эл үчүн иштей берсин, ага эч ким каршы эмес. Бирок асканын башына баннерин жаш балдарды кызыктырып илбей эле койсо болмок. Менин неберем өмүр бою майып болуп калды, эми анын андан ары жашоосу кандай болот. Мамлекеттен жардам болобу же жокпу?

Каргаша коштогон экинчи окуя 16-сентябрда Кош-Дөбө-Кербен унаа жолунда катталган. "Кыргызстан" партиясынын Кербенде өтүүчү жолугушуусуна бараткан жеңил автоунаа кырсыкка кабылып, натыйжада 10 жаштагы бала ооруканада көз жумганын жергиликтүү тургун Жанарбек Надырбеков кабарлаган. Жогорудагы эки окуяга тең укуктук баа берилип жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Ибрагим Шатманалиев билдирди:

- Таш-Көмүрдөгү окуя боюнча коомчулукта ар кандай ойлор айтылып жатат. Биздин маалымтатар боюнча, ал жерде эч бир саясий окуя жок. Болгону окуя үгүт иштеринин учурунда болгондугу үчүн саясий боёк берилип калды. Биз туура эмес илинген жарнактар үчүн аларга эскертүү бердик.

Үгүт башталган 20 күнгө жакын убакыттан бери Жалал-Абадда 260 жолу партиялардын жолугушуусу өтүп, бирок эч биринде мыйзам бузуу фактысы катталган эмес. Бирок бул күндөр аралыгында жарнактарын айрып салуу жана талапкерлердин чатакташуусу сындуу беш факт катталып, милиция аларды тергеп жатат. Ибрагим Шатманалиев ишендиргендей, алардын эч биринде олуттуу чектен ашуу жок.

Буга чейин да "Кыргызстан" партиясы Сузакта уюштурган футбол оюнунан соң жаштар ортосунда чыр чыгып, бирок арыз-даттануу жоктугунан милиция бул ишти тергеген эмес.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева партиялардын бири-бирине атаандашуусу күчөгөн убакта коопсуздук маселеси башкы орунда экенин, негизги багыт шайлоону тынч жана таза өткөрүүгө бурулуп жатканын айтты:

- Биз партияларга эскертүү берип жатабыз. Анан азыр президент жана премьер-министр дагы айтты. Эртең шайлоо да өтөт, нааразчылыктар же кандайдыр бир пикир келишпестиктер чыкса шайлоо комиссиясы эмес, жергиликтүү бийлик силер да жоопкерчилик аласыңар деди. Ошол себептүү биз коопсуздук жагын карап баарына бирбей шарт түзүп жатабыз.

Жалал-Абадда кечээ күнү партиялардын бири-бирин каралоосун жана бут тосуусун токтотуу максатында сегиз саясий партиянын өкүлдөрү меморандумга кол коюп, жергиликтүү бийлик менен бирге иш алып барып, коопсуздук жагынан көмөк берүүгө милдеттенме алышты. Ага "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана "Замандаш" сындуу алты партия катышкан жок.

XS
SM
MD
LG