Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Жарыштан чыгарылгандар менен БШК талашы


“Мен тандайм!” долбоорунун плакаты, 27-сентябрь 2011-жыл
“Мен тандайм!” долбоорунун плакаты, 27-сентябрь 2011-жыл

Президенттик шайлоону утурлай “Мен тандайм!” аттуу маалыматтык кампания ишке киришти. Ал арада каттоодон өтпөй калган талапкерлер Жогорку Кеңешке кайрылып, Боршайкомдун аракетине баа берүү талабын койгону турушат.

Ошол эле учурда Жогорку Сотто президенттик шайлоого байланыштуу соттошуулар уланууда.

“Мен тандайм!” кампаниясы ишке киришти

Бишкекте төрт жарандык уюм өкүлдөрү жарыялаган “Мен тандайм!” аттуу маалыматтык кампания Кыргызстандын аймактарындагы жарандарды добуш берүүнүн тартибинен кабардар кылып, ал үчүн атайын 10 миңдей плакат, 650 миң баракча жасалды.

Уюштуруучулардын бири, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова бул иш-чара жарандардын шайлоо укугун убагында жана туура пайдалануусуна шарт түзөөрүн белгилейт:

- Азыр шайлоо участкаларында тизмелер илинип баштады. Жаңы мыйзамга ылайык, ички мигранттар каттоосу жок болсо дагы, жашаган жеринен добуш бере алышат. Ал үчүн алар 21-сентябрдан баштап, жакынкы шайлоо бекетине барып, арыз жазып, паспортун көргөзүп, ошол тизмеге киргенге укугу бар. Бирок бизде шайлоочулар бул жөнүндө билбейт. Мындан улам биз маалыматты толугу менен таркатып, анан кийин баарын тең ошого чакырабыз.

Жарыштан четтетилгендер парламентке кайрылышат

Президенттикке талапкер болуп катталган 20 саясатчы үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жаткан мезгилде, жарыштан четтетилген талапкерлер менен БШК ортосундагы соттук териштирүүлор уланууда. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта шайлоого байланыштуу 20 көзөмөл арыз Жогорку Сотко келип түшүп, алардын тогузу боюнча чечим чыкты.

- Арыздардын көпчүлүгүн шайлоочулардын колдорун жараксыз деп таап, аларды президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан БШКнын токтомуна байланыштуу арыздар түзөт. Көбүнчө ушундай арыздар менен кайрылып жатышат. Сот бул иштерди карап, көп учурда БШКнын токтомун негизсиз деп таап жатат.

БШК каттоодон баш тарткан талапкер Нариман Түлеевдин адвокаты Александр Мощин маалымат жыйынында сот алардын пайдасына чечим чыгаргандан кийин БШК мамлекеттик тил сынагын өткөрүп бериши керек болчу деген пикирин жар салды. Мындан тышкары жарыштан чыккандар Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго атайын ачык кат жолдогону турушат, дейт “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева:

- Парламентке талапкерлер чогулуп, төртүнчү күнү каралсын деп кат жазып жатабыз. Парламент болуп жаткан мыйзам бузууларды карап, чечим чыгарып берсин. Мына тогуз талапкер соттон утуп алды. БШКнын өкүлдөрү качып жүрөт. Мына ыйгарым өкүлүм барып келди. Бир да өкүлү жок. Эмне кылышып жатат?

БШК сындарды четке кагат

Боршайком болсо өзүнүн дарегине айтылган сындарды четке кагып, бардык токтомдор мыйзам чегинде кабыл алынганын билдирип келет. БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов:

БШК
- БШКнын юристтери барып, биринчи инстанциядагы сотко катышышты. Ал жерден утулуп калгандан кийин, өзүбүздүн мыйзам ченемдүү укугубузду колдонуп, Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылдык. Алар 29-сентябрда карала турган болуп жатат. Бул Үмөталиева жана Түлеев боюнча. Токтайым Үмөталиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү качып жүрөт дегени негизсиз деп ойлойм. БШК мыйзам ченемдүү иштеп жатат.

Ал арада шайлоочулардын тизмесин тактоо иши уланууда. 26-сентябрда БШК Кыргызстан боюнча шайлоо жашындагы жарандардын тизмесин өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

(http://www.shailoo.gov.kg/www/index.php) Мындан жарандар өзүнүн тизмеде бар же жок экендигин тактай алат. Бул тизме жаңыланып отуруп, президенттик шайлоого үч күн калганга чейин шайлоочулардын так тизмеси белгилүү болот. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG