Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Шайлоого шайма-шай келдикпи?


30-октябрда өтө турган президенттик шайлоону уюштуруу, коопсуздукту камсыздоодо өкмөттүн аракети, жарандык коомдун көзөмөлү “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда ортого салынды.

Талкууга кыргыз өкмөтүнүн аппарат башчысы Нурканбек Момуналиев жана “Таза шайлоо” биримдигинин байкоочуларынын координатору Эрнст Автандил катышты.

“Азаттык”: Нурканбек мырза, шайлоого дээрлик бир ай калды. Даярдык кандай? Сиздер тараптан аткарылчу иштер канчалык деңгээлде ишке ашырылды?

Момуналиев: Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин токтому чыгары менен эле шайлоого даярдык көрүп, өткөрүү боюнча өкмөт бир нече токтомдорду кабыл алды. Буга ылайык республикалык жана жергиликтүү деңгээлде бир катар штабдар түзүлгөн. Алардын бардыгы өздөрүнө коюлган милдеттерди аткарышты, аткарып жатышат, бүгүнкү күнгө карата өкмөткө караштуу иш-чаралар толук аткарылды десем жаңылышпайм.

“Азаттык”: Жалпы Кыргызстан боюнча жана сырттагы шайлоо участокторун тиешелүү жабдыктар менен жабдуу иштери канчалык деңгээлде ишке ашты? Мисалы, компьютер, телефон байланыштары жана башка зарыл техника, кагаздар дегендей...

Момуналиев: БШК тарабынан да өкмөткө бир катар суроо-талаптар коюлган эле, аларды аткаруу боюнча атайын каражат бөлүнүп, ишке ашыруу аракеттери жасалды. Шайлоо участокторун тиешелүү жабдыктар менен жабдуу үчүн атайын бөлүнгөн каражаттын негизинде бул аткарылды.

“Азаттык”: Шайлоочулардын тизмеси тууралуу да ар кандай талаш-тартыштар эмитеден айтыла баштады, айрым шайлоочулар өздөрү катталып, жашап жаткан жерден добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилбей калганын айтышса, кээ бир аймактарда баягыдай эле маселе: көзү өтүп кеткен кишилердин ошол тизмеде жүргөнү тууралуу да нааразылыктар бар. Шайлоочулардын тизмесин шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өздөрү үймө-үй кыдырып түзүшөбү же аларга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары маалымат беришеби?

Момуналиев: Бул маселе көптөн бери болуп келе жаткан эң көйгөйлүү маселелердин бири. Ошондуктан шайлоочулардын тизмесин тактоо БШКга жүктөлгөн, аларга жергиликтүү бийлик органдары жардам берүүгө милдеттүү.

Эрнст Автандил: Шайлоочулардын тизмеси – өтө орчундуу маселе. Аны тактоо, жогоруда айтылгандай, мүчүлүштүктөр кетип калбасы үчүн жарандык коом, биз да БШКга көмөктөшүп атабыз. Ал үчүн БШКнын өкүлү, биздин уюмдан жана жергиликтүү бийликтен өкүлдөрдү кошуп, атайын мобилдүү топ түзөбүз. Алар шайлоочулардын тизмесин так аныктап, ким бар, ким жашап атат, ким сыртка кетти, мына ушулардын баарын тактап иштешет.



“Азаттык”: Шайлоо алдындагы, добуш берүү күнү жана андан кийин өлкөнүн, жарандардын коопсуздугун камсыздоо деген чоң бир маселе турат. Бул боюнча өкмөт кандай чараларды көрдү?

Момуналиев: Кудай буйруса, бул шайлоо тынч өтөт деген үмүт бар. Себеби республикалык комиссиянын отурумунда да ички иштер министри маалымат берди. Шайлоодо тартипсиздиктерге жол берилбейт деген ишенич бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG