Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Болочок президентке талап көп


Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат, 1-ноябрь
Алмазбек Атамбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат, 1-ноябрь

“Хюман Райтс Уотч” эл аралык адам укугун коргоо уюму кийинки президент сөз эркиндигинин жана адам укугунун абалына кам көрүшү керектигин айтууда.

Аталган уюм Кыргызстандын жаңы шайланган президентинин негизги милдеттеринин бири - сөз эркиндигине болгон чектөөнү алуу жана июнь коогалаңынан кийинки түштүк облустарында орун алып жаткан өзүм билемдикти токтотуп, сот адилеттигин калабына келтирүү керек экендигин билдирүүдө.

Ал эми талдоочулардын пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы дурус деп бааланганы менен, адам укугун коргоо жаатында чоң көйгөйлөр бар.

“Хюман Райтс Уотч” эл аралык адам укугун коргоо уюму сот адилетсиздигин жана кыйноолорду токтотмоюнча эки элдин жарашуусуна жана туруктуулуктун болушуна ишенүү кыйын экендигин белгилөөдө.

Ош шаарындагы “Адам укугун коргоо жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековдун пикиринде, мыйзамдар толук аткарылганда гана адам укуктары камсыздалат:

- Мен сот адилеттигин, адам укугун жана сөз эркиндигин камсыз кылуунун бир гана жолун көрүп турам. Бул - Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдар ким тарабынан болбосун так жана туура аткарылышы керек жана ал мыйзамдарды бузгандар алардын ким экендигине, кайсы бийликке таандык экендигине карабастан жоопкерчиликке тартылышы кажет. Ошондо гана айтылып жаткан багыттар боюнча укуктар жана мыйзамдар сакталат деп ойлойм.

“Укук коргоо оор болуп жатат”

Адам укугун коргогон бейөкмөт уюмдар мыйзамдарды бузууга бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү ортоктош болуп келатканын айтышууда. “Эдвокаси” адам укугун коргоо борборунун өкүлү Жеңиш Тороев буларды билдирди:

- Мыйзам иштебегенден кийин адам укугун коргоо кыйын болуп жатат. Ош, Жалал-Абад жерлеринде ошол эле тартип коргоо органдары мыйзамды сыйлабай, кыянатчылык кылганы көрүнүп жатат. Ушундай арыздар менен бизге кайрылгандар көп.

Фарид Ниязов
Фарид Ниязов
Ал эми шайлоодо утту делинип жаткан талапкер Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Фарид Ниязов Атамбаев сот адилеттигин камсыздоого аракет кылат деп ишендирүүдө. Ниязов июнь жана апрель окуялары боюнча жүрүп жаткан сот жараяндары боюнча буларды билдирди:

- Атамбаев мурда да, шайлоо кампаниясы учурунда да апрель жана июнь окуялары боюнча тергөө иштери аягына чыгышы керектигин бир нече ирет билдирген. Ошондой эле мыйзамдуулуктун жана акыйкаттын негизинде сот чечими чыгышы керек деп айтып келген.

“Хюман Райтс Уотч” уюму кийинки президент жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө тоскоол жаратып жаткан чектөөлөрдү алып, маалымат алуу эркиндигин камсыздап, аны таратуунун бардык мыйзамдуу жолдорун урматташы керектигин белгилеген. Анын ичинде кийинки өкмөттү жана анын саясатын сындаган жалпыга маалымдоо каражаттарын да камсыздоо зарылдыгы тууралуу сөз болот.

Медиа адистердин көпчүлүгү учурда Кыргызстанда толук болбосо да сөз эркиндиги бар деген ойду карманышууда. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө журналисттер журтчулугунун каалаганын эч кимден тартынбай жазууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул көрүнүш кийинки президенттин тушунда да уланат деген үмүттөрүн билдиришүүдө. Медиа адис Акмат Алагушев:

- Чынын айтканда ЖМКга эч тийишпей, ал мамлекеттен сырткары турса жакшы болот. Менин оюмча мамлекеттик ЖМКлар болбошу керек. 5-канал , КТРК боюнча иштер ачык эле көрүнүп, түшүнүктүү эле болуп турат, аны курал кылуу аракети. Мында бир гана саясий маселелер болуп жатат.

“Акча алдында алсыздык кылууда”

Журналист, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары кандайдыр бир күчкө жана басымга туруштук бере алганы менен материалдык кызыкчылыктардын алдында алсыздыгын көрсөтүп жатат деп эсептейт. Ал буга президенттик шайлоо учурунда негизги делген талапкер Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы ЖМКларга акча төлөө менен өзүн сындаган макала-материалдарды жарыялатпай койгон деген жүйөнү келтирди.

Замира Сыдыкова шайлоодо утту делинип жаткан Алмазбек Атамбаевдин бул саясаты кийин да уланышы мүмкүн деген ойдо.

- Өзүнүн күчүн салбаса да, акча менен ЖМКны алып койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Биз "Максим баарын сатып алды" деп айтчу элек. Айдарды да ошентип айтчубуз. Ал эми бул баарын чогуу эле, гезит болобу, сайт болобу өзүнө макул кылып койду.

Фарид Ниязов Атамбаев сөз эркиндигин колдоп келгенин, аны президент болуп турганда да улантарын айтууда.

- Алмазбек Атамбаев көптөгөн жылдар бою Кыргызстанда сөз эркиндиги жана шайлоо эркиндиги болушу үчүн күрөшүп келди. Андыктан мамлекеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарында болуп жаткан өзгөрүштөргө Атамбаевдин салымы бар экендиги талашсыз. Булар - кооомдук каналды түзүү, анын иштешине колдоо көрсөтүү, сөз эркиндигин колдогон иштер. Албетте мындан ары да бул иштер уланмакчы.

Ошол эле кезде Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаев журналистикадагы ушак-айыңга, адамдын беделине доо кетирген көрүнүштөргө караманча каршы экендигин эскерте кетти.
XS
SM
MD
LG