Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

Шайлоо: байкоочулардын баамы жана баасы


Байтик айылындагы добуш берүү
Байтик айылындагы добуш берүү

Парламенттик шайлоого байкоо салган жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын байкоочулары жыйынтыктарын жарыя кылды.

Жалпысынан байкоочулар 4-октябрдагы шайлоонун таза өткөнүн бир ооздон айтып, ошол эле учурда техникалык себептер менен шайлоочуларда нааразылыктар болгонун белгилешти.

ЕККУнун кыска мөөнөткө келген байкоочуларынын жетекчиси Игнасио Санчес Амордун белгилөөсүндө, жаңы шайлоо технологияларын колдонуу менен бирге шайлоо системасын жакшыртуудагы саясий эрк ар тараптан ийгиликтүү болгонуна карабастан, биометрикалык каттоонун шашылыш түрдө киргизилиши шайлоочулардын тизмелерин тактоодо бир топ кыйынчылыктарды жаратты.

- Шайлоого деп шашылыш биометрикалык каттоонун жалпы өлкө боюнча жүрүшүнүн жыйынтыгында көпчүлүк адамдар тизмеге кирбей, добуш берүү укугунан четтеп калышкан. Айрым жарандар биометрикалык маалыматын берүүдөн баш тартышты. Алар өз коопсуздугунан кооптонуп турушат. Мындай адамдар дагы добуш берүү укугунан ажырады.

Президент бир партияга жардам берди

Байкоочулар өлкөдөгү парламенттик шайлоо кызуу жарыш менен негизги партиялардын активдүү үгүт өнөктүгүнүн коштоосунда өткөнүн айтышты. Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеядагы делегация жетекчиси Меритксель Матео Пи партиялардын үгүт өнөктүгүндө президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү аралашканын белгиледи.

ЕККУ байкоочулары
ЕККУ байкоочулары

- Президент, шайлоо өнөктүгү учурунда абдан көп көзгө илинди жана бир саясий партия анын атагын өз пайдасына колдонду. Административдик ресурстардын бир партиянын кызыкчылыгына колдонулуусу, буга чейин эле көйгөй болуп келген, бирок бул шайлоодо негизги маселе болуп көтөрүлгөн жок.

Европарламенттин делегациясынын комиссиясы Ричард Чарнески Евробиримдик жана Европарламент Кыргызстандын шайлоо системасын өнүктүрүүгө жардам берүүнү уланта берерин кошумчалады.

Биздин байкоочулар эмне дейт?

Эл аралык байкоочулар менен катар Кыргызстандагы жергиликтүү байкоочулар дагы өз корутундуларын коомчулукка жарыялап, негизинен шайлоонун таза өткөнүнө үн кошушту.

Шайлоону көзөмөлдөө боюнча Улуттук кеңештин төрагасы Турсунбек Акун убактылуу түзүлгөн шайлоо участкаларында мыйзам бузуу жана түшүнбөстүктөр көп катталганын айтып, бирок алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына таасирин бере алган жок дейт.

Шайлоонун жүрүшүнө көз салган “Демократия жана жарандык коом коалициясы” болсо добуш сатып алуулар мурдагы шайлоого караганда көп болгону менен аларды далилдөө кыйын деди. Коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова шайлоонун жүрүшүнө 1500дөй байкоочу көз салып, атайын даярдалган мобилдүү топ иштегенин айтты.

- Шайлоо жалпысынан атаандаштык жана тынч атмосферада өттү. Кыска мөөнөткө карабастан өкмөт, БШК жана каттоо кызматы өз ишин өз маалында жасоонун аракетин көрсөтүштү.

Атамбаев сүйүнүчтөн уктаган жок

Шайлоого байкоо салган эл аралык уюмдардын жетекчилерин президент Атамбаев кабыл алганга жетишип, аларга байкоого катышканына ыраазычылык билдирди. Атамбаев өз сөзүндө мамлекет таза шайлоо үчүн акыркы бир нече жылдан бери тынымсыз иштерди жүргүзгөнүн айтууда. Буга чейинки шайлоолордо ар дайым митинг, нааразылыктар коштоп келгенин эл аралык байкоочуларга айткан Атамбаев, шайлоо таза өткөндүктөн утулган партиялар чуу чыгарууга себеп таппай жатканын белгиледи.

Шайоо. Бишкек. 4-октябрь
Шайоо. Бишкек. 4-октябрь

- Мен жашырбай эле айтайын шайлоого чейин бир нече күн уктаган жокмун. Шайлоо болгон күнү сүйүнүчүмөн уктай албай койдум. Таза шайлоо өткөрүү мен үчүн маанилүү эле, ошол тилегим ишке ашканына сүйүнүп турдум. Бул жашоомдогу бактылуу күндөрдүн бири. Анткени өлкө боюнча бир дагы аймакта, бир дагы район же шаарда эч кандай митинг өткөн жок.

Эл аралык уюмдардын байкоочулары Кыргызстандагы шайлоо системасындагы айрым мүчүлүштүктөрдү оңдошууга даяр экенин президентке айтышты. Жакынкы күндөрү алар өз баяндамасын толугу менен президенттин өзүнө дагы жиберерин билдиришти.

Жалпысынан Кыргызстандагы шайлоого 607 байкоочу көз салды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунан 256, КМШдан 136, Шайлоочулардын эл аралык ассоциациясынан 55 байкоочу иштеди.

XS
SM
MD
LG