Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Александровкалыктар абал тынч экенин айтышты


Беш-Көрүк айылынын кире бериши. 26-январь, 2018-жыл.
Беш-Көрүк айылынын кире бериши. 26-январь, 2018-жыл.

Чүйдөгү Александровка айыл өкмөтү "улут аралык жаңжал чыгышы ыктымал" деген маалыматты жокко чыгарды.

Мунун алдында айылдык кеңешке шайлоодо "дунган жана кыргыз улутундагы талапкерлер өз ара тирешип жатат" деген кабар тараган.

Айылдык кеңешке шайлоо 28-январда өтөт. Соңку шайлоо былтыр өткөн, бирок депутаттар айыл өкмөтүн шайлай албай калгандыктан таратылган болчу.

17 миңдей адам жашаган Александровка айыл аймагы Александровка, Беш-Көрүк жана Крупская деген үч айылдан турат. Дотацияда отурбаган жашоосу бакубат айыл өкмөттөрдүн бири. Жергиликтүү бюджеттин бир жылдык кирешеси 17 миллион сомду түзөт.

Александровка айыл өкмөтү. 26-январь, 2018-жыл.
Александровка айыл өкмөтү. 26-январь, 2018-жыл.

Айрым маалымат каражаттары айылдык кеңешке шайлоодо дунгандар көп жашаган Александровка айылы менен негизинен кыргыздар жашаган Беш-Көрүк айылынан көрсөтүлгөн талапкерлер чатакташып жатканы тууралуу жазышкан. Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, жооптуу катчы Шамил Исмаев "Азаттыкка" айылдагы абал жайында экенин айтты.

Мен муну жалган деп айтам. Интернетте жазылгандардын баары калп.

- Интернетте биздин айылды "улут аралык жаңжал чыгышы мүмкүн" деген кабарды көрсөтүштү. Мен муну жалган деп айтам. Үч айылдын эли ынтымакта жашайт. Аксакалдар өз ара жолугуп, жаштар менен тажрыйбасын бөлүшүп турат. Айылдын имамдары да тез-тез жолугушуп турат. Интернетте жазылгандардын баары калп.

Беш-Көрүк айылын эки миңдей адам байырлайт. Бул айылдын башчысы Болотбек Ишенбеков айыл эли кеңешип, бата берип, шайлоого алты талапкер аттантканын айтып берди. Ал дагы улут аралык жаңжалга байланыштуу маалыматты жалганга чыгарды.

Жанагындай сөздөрдү ким чыгарып жатканын билбейбиз. "Ушундай сөздөр болуп жатат" деп эле айтып жатышат, бирок аны ким чыгарып жатканы белгисиз. Ушундай интрига болуп кетти. Дегеле буга чейин Александровка менен эзели ызы-чуу болгон эмеспиз.

- Биздин айылдан шайлоого алты жигит аттанып жатат. Айыл эли чогулуп улуулар, орто муун жана жаштар деп үч муундун өкүлдөрүнөн чыгардык. Бизде буюрса тынч. Биздин айыл илгертен бери эле ызы-чуудан алыс. Дунган бир туугандар менен иштешип келгенбиз, азыр деле иштешип келатабыз жана мындан ары да иштеше беребиз. Бир туугандай эле мамиледе болуп калдык. Жанагындай сөздөрдү ким чыгарып жатканын билбейбиз. "Ушундай сөздөр болуп жатат" деп эле айтып жатышат, бирок аны ким чыгарып жатканы белгисиз. Ушундай интрига болуп кетти. Дегеле буга чейин Александровка менен эзели ызы-чуу болгон эмеспиз. Былтыр айыл өкмөттү шайлаганда "муну шайлайлы, аны шайлайлы" дегенбиз. Бирок анда деле ызы-чуу болгон эмес. Мындан ары деле ызы-чуу болбойт, кудай сактасын. Айылда аксакалдар, апалар бар, алардын сөзүн угабыз. Ошол кишилердин эле тарбиясы менен келе жатабыз. Чыга калып эле бир нерсени өрттөп жиберип, ызы-чуу кылгандан алыспыз. Ал мыйзамга да туура келбейт.

Александровка айыл өкмөтү. 26-январь, 2018-жыл.
Александровка айыл өкмөтү. 26-январь, 2018-жыл.

Александровка айылдык кеңешине шайлоо былтыр жазында өткөн. Бирок жаңы шайланган депутаттар айыл өкмөт башчыны эки жолу шайлай албай койгондон кийин таратылган.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Сурабалды Ибрагимовдун айтымында, жергиликтүү милиция аймактагы коомдук коопсуздукту камсыз кылып жатат.

- Москва районунда улут аралык мамилелерге байланыштуу эч кандай маселе жок. Александровка айылы боюнча айтылган соңку сөздөр туура эмес. Ал жакта эч кандай маселе жок. Эки күндөн кийин ал жакта шайлоо болот. Милиция коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча бардык иштерди жасап жатат. Баары көзөмөлдө, милиция чыр-чатакка жол бербейт.

Александровка айылдык кеңешинде 21 орун бар. Башында 106 адам талапкер болууга арыз жазган, бирок кайсы бири талапка жооп бербегени аныкталып, айрымдары өз эрки менен баш тартып, учурда 80дей талапкер калды.

Александровка шайлоо алдында тынч
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG