Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Телетаймаш: айрым талапкерлер атаандашсыз калды


Президенттикке талапкерлер бүгүндөн тарта Коомдук телекөрсөтүү аркылуу телетаймашка чыга баштайт.

Кыргызстандагы адам укугун коргоо уюмдары телетаймаш боюнча кайрадан чүчү кулак өткөрүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, айрым талапкерлер телетаймашта атаандашы жок калып, таймаштын шарты бузулууда.

Атамбаев атаандашсыз чыгабы?

Президенттик шайлоого байкоо салып жаткан Коомдук көзөмөл штабы Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда негизги делген Коомдук биринчи каналдагы телетаймаштын жадыбалын кайра түзүүнү сунуштады. Көзөмөл штабдын мүчөсү Таттуу Мамбеталиева “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Суранганыбыздын себеби, мисалы Атамбаевдин атаандашы жок болуп калууда. Мунун менен башка талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берүү болбой калып жатат. Экинчиден, мында атаандаштыктын шарттары бузулуп жатат. Эми кайра өткөрүүгө үлгүрөбү, үлгүрбөйбү белгисиз. Анткени, дүйшөмбү күнү башталыш керек да.

БШК мүчөсү Жеңиш Акматов талапкерлер ортосунда чүчү кулак кармоону баштоо алдында, 10-октябрь.
БШК мүчөсү Жеңиш Акматов талапкерлер ортосунда чүчү кулак кармоону баштоо алдында, 10-октябрь.
Талапкерлерге мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан бекер орун берүү боюнча чүчү кулак 6-октябрда өткөрүлгөн. Андан бери талапкерлердин катары суюлуп, айрымдары телетаймашта атаандашсыз калган. Маселен, телетаймашка 25-октябрда чыкмакчы болгон талапкер Алмазбек Атамбаевге телетаймашта ким атаандаш болору азырынча белгисиз. Себеби бул талапкер менен телетаймашка чыга турган болгон Нариман Түлеев талапкерлигин өз каалоосу менен алып салганы белгилүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы Коомдук каналдан өткөрүлүүчү таймашка кайрадан чүчү кулак өткөрбөсүн маалымдады. Алардын айтымында, бош калган талапкерлерди бири-бирине атаандаш кылуу жагы каралууда. Дүйшөмбү күнү кечинде коомдук биринчи каналда башталуучу телетаймашка талапкерлер Адахан Мадумаров, Сооронбек Дыйканов жана Марат Иманкулов катышмакчы.


Ар бир бюллетенге номур коюлат


Ал аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодон кийин добуштарды туура эсептеп, топ-тобу менен үкөктөргө бюллетендерди салып жибербөөнүн алдын алуу аракетин көрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун билдиришинче, ар бир бюллетенге катар номур коюлат.

-2 млн. 800 шайлоочу болсо, бирден 2 млн. 800 гө чейинки бюллетенге номур коюлат. Анан кайсы шайлоо участогуна канчанчы номурдагы бюллетендер берилгендигин жазабыз. Бул номерден бул номерге чейинки бюллетендер бул участокто деп билебиз. Сырттан алып келип, бюллетендерди салып жиберүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мындай нерсе быйыл жаңы кирип жатат.

Ыкчам топ шайлоочулардын тизмесин тактоодо, Бишкектин Бакай-Ата конушу, 15-октябрь.
Ыкчам топ шайлоочулардын тизмесин тактоодо, Бишкектин Бакай-Ата конушу, 15-октябрь.
Ал эми шайлоо бюллетенине 23 адамдын тизмеси киригизилген. Бюллетенди басмаканадан чыгаруу 10-октябрда эле башталгандыктан, анда шайлоодон баш тарткан айрым талапкерлердин аттары да жүрөт. Учурда талапкерлердин саны ырасмий жыйырма адамды түзүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин түзүүдө кыйынчыктардын орун алып жатканын белгилеп, шайлоочуларды тизмелерди тактоо боюнча ыкчам топтор менен иштешүүгө чакырып жатат.

Бул шайлоодо мурдагыдан айырмаланып, шайлоочулар катталган эмес жашаган жеринде добуш беришмекчи. Андыктан, БШК 19-октябрда жашаган жериндеги шайлоо участокторунан өздөрүнүн тизмесин текшерүү аяктарын кабарлап, шайлоочулар ага чейин барып тизмеде бар-жогун текшерүү керектигин билдиришүүдө. Алардын айтымында, бул сапар тизмеде жок шайлоочу добуш бере албайт.

XS
SM
MD
LG