Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Жогорку Кеңеш энергетикалык абалды талкуулады


Парламент премьер Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өлкөдөгү энергетикалык абалды талкуулады.

Шаршемби күндөгү парламенттин жыйыны өлкөдөгү энергетикалык кырдаалга арналды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңешке келип, энергетикалык каатчылыктын себептери боюнча суроолорго жооп берди.

Көңүл жубатарлык кабарды вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кабарлады. Анын айтымында, 19-декабрдан тарта Казакстан Кыргызстандын түндүгүнө толук өлчөмдө газ бере баштады. Ошондуктан жакынкы күндөрү үйлөргө кайрадан газ бериле баштайт.

Ал эми электр энергиясын берүүдө болсо, пландуу өчүрүүлөр боло баштайт. Бул жалпы системага оорчулук келип жатканына байланыштуу деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев:


- Энергетикалык алкак кечээки саат 10дон баштап ашыкча чыңалуу менен иштеп жатат. Биз чектөө киргизүүгө аргасызбыз. Муну сиздер (депутаттар) туура түшүнөсүздөр деп ойлоймун. Эгерде чектөө киргизбесек энергетика системабыз оор абалга кириптер болушу мүмкүн.

Депутаттарды “Кыргызгаздын”, энергетика министрлигинин, жалпы эле өкмөттүн жоопкерчилиги кызыктырды. Алардын айрымдары энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаал үчүн жетекчилерге кылмыш ишин козгоодон тартып, кызматынан дароо алууга чейин сунуштарды айтышты.

“Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин газ тартыштыгы башталгандан бери көрүнбөгөнү депутаттардын нааразылыгын пайда кылды. Көрсө Кулмурзаев президент Алмазбек Атамбаев менен кошо Москвага учуп кеткен экен.

Депутаттар кошуна өлкөлөр тарабынан газ берилбей калыш себебин аныктоого көп аракет жасашты. Депутат Акматбек Келдибековдун пикиринде, анын себеби - “Кыргызгаз” эки өлкөнүн ортосундагы келишимди аткарбай коюшунда. Депутаттын маалыматына караганда, Казакстан менен Кыргызстан Ташкен - Бишкек - Алматы газ түтүгүн башкаруу үчүн биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашкан. Ал макулдашуу парламентте 2007-жылы ратификацияланган. Бирок “Кыргызгаздын” жетекчилиги аны аткарбай коёт. Мына ошон үчүн кошуна өлкөлөр газды каалаганда өчүрүп жатат дейт Келдибеков:

- Жаңы бийлик келгенде, Кулмурзаев иштебеймин силер менен деп коёт. Ратификация болгон келишимди бузганга кимдин укугу бар? Ошонун айынан “Казтрансгаз” бүгүн жандырса, эртең өчүрөт. Азыр өкмөт башчыбыз алардын өкмөт башчысына чыкканда “Казтрансгаз” ишиңерди кылгыла деп коёт...

Ал эми КСДП фракциясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров азыркы абалды мамлекеттин негизин талкалоо үчүн атайын жасалып жатпайбы дейт:

- Газ жана энергетикадагы кырдаал Кыргызстандан сыртта турган ири монополисттин кызыкчылыгында болуп жатат. Бул жерде элдин аң-сезими үчүн күрөш жүрүп жатат. Ушундай “Кыргызгаз” бизге керекпи? Андан көрө “Газпром” өңдүү ишенимдүү компания менен келишим түзөбүз деген нерсени сиңдирүүгө аракет жасалууда. Өзүбүздүн энергетиканын эмне кереги бар? Андан көрө Орусиянын системасына туташалы. Мына ошондо азыркыдай абал болбойт деген нерсе сиңдирилип жатат.

Депутат Кадыров монополист ишкана менен бул жердегилер жең ичинен сүйлөшүп алган-албаганын текшерүү керек деген маселени койду.

Өкмөт башчы өз кезегинде бул маселени иликтөө үчүн атайын кызматтарга тапшырма берерин билдирди.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев азыркыдан кымбат баада, дүйнөлүк баада газ бар экенин, аны алсак болоорун билдирди. Демек газды өчүрүү менен Кыргызстан калкын кымбат баада аны сатып алууга даярдоо журүп жатканын айткан депутаттардын сөзү негиздүү окшойт.

Депутаттар ошондой эле газ тартыштыгы үчүн “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевди күнөөлөп, аны кызматтан бошотуу талабын коюшту.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG