Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Ток уурдагандарга жаза катаалдайт


Мындан ары ток уурдаганга көмөктөшкөн энергетиктер да жазага тартылышы мүмкүн.
Мындан ары ток уурдаганга көмөктөшкөн энергетиктер да жазага тартылышы мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү электр энергиясын уурдагандарга жазаны катаалдатканы жатат жана келерки жылдан тарта тарифтик саясатты өзгөртүү иштерин баштайт.

Бишкекте 18-декабрда энергетика тармагын реформалоо жана андагы ачык-айкындык, көзөмөлдөө маселелери боюнча талкуу болду.

Тариф саясаты кайрадан талкууда

Кыргызстан бир топ жылдардан бери эле энергетика тармагын коррупциядан арылтып, кризистен чыгаруу жолдорун издеп келет. Быйыл энергетика тармагына келген инвестициянын көбү эсептөөнү жакшыртууга жумшалды.

Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов аталган тармактагы негизги проблема катары уурдоо, электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүккө учурап жатышы, камсыз кылуунун сапатынын начардыгы жана кардарга багытталбаган саясат деп атады. Уурдоону азайтуу үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулганын, жаза катаалдай турганын белгилеп өттү:

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи
- Эсеп так болсо, уурулук азаят. Биз азыр уурдаган кишини кармаган күндө да биздин бөлүштүрүүчү компаниялар аны сот жообуна тарта албай жатат. Ошон үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип жатабыз. Ошол уурдаган керектөөчү да, ошого жардам берген энергетикалык компаниянын өкүлү болсо алар да кылмыш жообуна тартылат.

Өкмөт келерки жылдан тарта тарифтик саясатты өзгөртүү иштерин баштайт. Алгач атайын документ даярдалат, жумушчу топ түзүлөт, анан ал жер-жерлерде талкууланат. Анан өкмөт мыйзам түрүндө парламентке жөнөтүлөт. Электр энергияга баа канчага көтөрүлөт деген маселеге чекитти Жогорку Кеңеш коёт.

Батыркул Баетов тарифти жогорулатмайынча электр энергиясындагы каатчылыктан чыгуу кыйын экенин айтууда:

- Ар бир киловатт сааттан 54 тыйындан утулуп, карызга батып, жалаң насыя менен жашай берсек, анда бул система 90-жылдардагы Казакстандын системасындай караңгылыкка, 2000-жылдардагы Грузия менен Армениядагы эмерегин жаккан абалга келип калышыбыз ажеп эмес. Бүгүнкү күндө жалпы эскирүү элүү пайызга жетти. Бул өтө чоң көрсөткүч. 15 пайыз болсо кризистин алдындагы абал, 25 пайызга жеткенде кризис болот. Бизде болсо кризис эки эсе болуп жатат.

Энергетика тармагын реформалоо боюнча бир катар документтер жазылган, Улуттук стратегияда көрсөтүлгөн. Эгемендиктин алгачкы жылдарынан тартып эле ири суммадагы инвестиция келген.

Жоголбогон жоготуулар

Энергетика министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин теңтөрайымы Нурзат Абдырасулова реформа иштеринде эң ириде ачык-айкындуулук керек деп эсептейт:

- Ошол реформадагы жаңы кадамдар чындыгында эле бардык тараптан каралдыбы, жакшы такталдыбы, ошол кадамдар жакшы натыйжа алып келеби деген маселени коюп жатабыз. Андан сырткары коррупцияга жол берүү мыйзамдарда жана мыйзамдардын алдындагы документтерде болуп жатат. Андагы коррупцияга жол ачкан жагдайлардын баарын алып салмайынча, коррупция жоюлбайт. Андан сырткары чоң мамлекеттик сатып алуулар, корпоративдик башкаруу, тарифтер жана чет жактан келген насыялар боюнча да маселе бар.

“Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаев энергетика тармагындагы чечимдер, жасалган иштер дагы деле ачык эмес деп эсептейт жана анын баамында, коррупцияны ооздуктоо аракети жетишсиз болууда. Ушундан улам элде ишеним аз:

- Негизи баасы бир сомбу, эки сомбу, же элүү тыйынбы деп так билбей туруп, элге ушул тарифти төлөгүлө деп көндүрө албайбыз. Азыр элдин көбүнүн эле колунда бар. Кептин баары элдин ишенбей жатканында. Көбүрөөк төлөсөк, аны энергетиканын ичиндегилер уурдайт, дагы көөп кетишет деген ой менен эл тарифти көтөрүүгө каршы болуп жатат. Биз буга чейин айтып келгендей, структураны өзгөртүү керек. Ага деле акча кетпейт. Мисалы, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирүү керек.

Электр энергиясындагы жоготуу - негизги проблемалардын бири. Өткөн жылы электр энергиясындагы жалпы жоготуу 20 пайыздан ашкан. Быйыл болсо 16,5 пайыз болду. Кыргыз өкмөтү реформалардын негизинде 2017-жылга чейин жоготуулардын көлөмүн 12 пайызга түшүрүүнү пландап жатат. Азырынча мындай дымакка ишенгендер аз.

XS
SM
MD
LG