Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:50

Атамбаевдин Европага үчүнчү сапары башталды


Президент Алмазбек Атамбаев менен Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө жумушчу сапар менен 15-февралда түштөн кийин жөнөп кетти. Сапар алкагында Евробиримдикте бир канча жолугушууларды өткөрөт.

Сапардын күн тартиби

Президент Алмазбек Атамбаев сапар алкагында Белгия жана Германияга барып, бул өлкөлөрдүн лидерлери жана Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск баштаган жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Өлкө башчысынын Европага бул жолку визити тууралуу маалымат берген президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Сапар Исаков бир катар маанилүү жолугушуулар күтүлүп жатканын маалымдады:

- Белгияда Евробиримдиктин бардык институттары бар. Президентибиз аталган уюмдун жетекчилери менен жолугат. Мындан сырткары Германиянын Мүнхен шаарына учуп барып, жыл сайын өтчү коопсуздук конференциясына катышат. Ушул эле шаарда Германиянын канцлери Ангела Меркел айым менен жолукканы жатат. Бул эки өлкө лидерлеринин алтынчы жолугушуусу болот. Анда Европанын жеңилдиктер системасын колдонуу жана башка ири долбоорлор боюнча сөз болот.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бул жолку сапарда Евробиримдик менен кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол коюлары да күтүлүүдө. Жаңы документ мындан 20 жыл мурун кабыл алынган келишимди толуктап, учурдагы шартка ылайык өзгөрүлмөкчү.

Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Чезаре Де Монтис эки күн мурун Бишкекте журналисттер менен жолугушуусунда айтты:

- Жаңы документ Кыргызстан, Европа жана башка дүйнө өлкөлөрү ушул жылдар аралыгында туш болгон өзгөрүүлөргө ылайык жана комплекстүү болуп даярдалат.

Ошондой эле президент Атамбаев Европа сапарында эки каржылык келишимге кол коет. Биринчиси - укуктун үстөмдүгүн камсыздоо программасы боюнча Евробиримдик Кыргызстанга 13 млн евро бөлөт. Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү боюнча 10 миллион евролук келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

Негизи Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө Европага үчүнчү жолу барууда. Буга чейин кыргыз президенти Европада 2013 жана 2015-жылдары болгон. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү Европа өлкөлөрү менен кызматташуу жемиштүү болуп келе жатканын белгилешет.

Мисал катары Европа Биримдигинин Кыргызстанга жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу боюнча ВСП+ макамын бериши айтылууда.

Аталган артыкчылык макамына ылайык, кыргызстандык экспортчулар Европага ташый турган товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүн төлөбөйт. Мунун эсебинен Кыргызстандан Евробиримдик өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү былтыр 53 пайызга көбөйгөнү маалымдалган.

Ошондой эле Атамбаевдин Европа сапары Кыргызстандагы парламенттик системаны бекемдөө жана тышкы саясатта бир гана Орусияга байланып калды деген пикирлерди жокко чыгаруу үчүн да колдонуларын эксперттер белгилешет.

"Таарыныч" коштогон кызматташтык

Саясат таануучу Эмил Жураев президенттин сапары көп вектордуу тышкы саясатты кайрадан калыбына келтирет дегенге анча ишене бербейт:

- Акыркы жылдары биздин тышкы саясатыбыз көбүнесе Орусия жакка ооп, Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча иш-аракеттер үстөмдүк кылды. Ал эми Батыш тарапка карай кыймыл-аракеттерибиз таарынычтар, адам укугу жаатындагы пикир келишпестиктер менен коштолгондой болду. Экономикалык жаатта алгылыктуу жыйынтыкка жетише алган жокпуз. Мында бир гана жетишкендик катары ВСП+ макамы берилишин санай алабыз.

Ал эми мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президенттин Европага сапарлары өтө натыйжалуу болбогонун айтууда:

- Акыркы беш-алты жылдагы Евросоюз менен кызматташтыкты алсак, менин пикиримде, көп нерсе деле өзгөргөн жок. Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн товар алмашуусунун көлөмү 68 миллион еврого жакын экен. 10 жыл мурун деле ушуга жакын көлөмдү түзчү. Ошондуктан, президент үч жолу сапар жасайбы же он жолу жасайбы, дипломатияда жыйынтык маанилүү. Канча келишим түзүлдү, канча инвестиция тартылды, канча долбоор ишке ашты, мына ушул маанилүү. Бул жагынан биз олуттуу өзгөрүү болду деп айта албайбыз.

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Аскаровдун ишин көтөргөн укук коргоочулар

Европа менен кызматташтыкта акыркы жылдары көп талкууланган маселелердин бири камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши болду. Европа өлкөлөрү президенттин буга чейин сапарларында июнь окуяларында адам өлтүрүүгө шектелген укук коргоочунун маселесин көтөрүшкөн.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинин сунушу менен укук коргоочуга байланыштуу Жогорку Соттун өкүмүн бузуп, кайра райондук сот деңгээлинен карай баштаган. Бирок быйыл 24-январда Чүй облустук соту кайрадан Аскаровду өмүр бою абакка кесүү чечимин кабыл алды.

Буга байланыштуу башка эл аралык уюмдардай эле Евробиримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгү да аталган иш боюнча кыргыз бийлигин мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактоого чакырган.

Азимжан Аскаров сотто.
Азимжан Аскаров сотто.

Президент Алмазбек Атамбаев Белгияга аттанган күнү Азимжан Аскаровдун маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Укук коргоочуларды коргоо боюнча обсерватория 15-февралда атайын билдирүү таратып, кыргыз бийлигин сындады. Анда уюм Аскаров боюнча сот жараянын адилеттиктин иммитациясы деп атаган. Билдирүү боюнча Обсерваториянын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Юлия Уанен “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Азимжан Аскаровдун сотто ишинин кайра каралышы адилеттикти орнотуу эмес, тескерисинче “шоу” болду. Өткөн жылы Улуттар Уюмунун эркиндикке чыгарууга үндөгөн сунушунан кийин анын ишин кайра тергөө башталган. Тилекке каршы Азимжан Аскаров темир тор артында жатат. Соттук кайра териштирүүдө Улуттар Уюмунун бир дагы сунушу эске алынган жок.

Укук коргоо уюму Европа Биримдиги Алмазбек Атамбаевдин сапарында укуктук үстөмдүгүн камсыздоо үчүн каржылык жардам берилерине да көңүл бурган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG