Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Москвада каза тапкандардын сөөгү мекенге келди


Он төрт кызын мекен ыйлап тосту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Он төрт кызын мекен ыйлап тосту

Москвада басмаканадан чыккан өрттө каза болгон 14 кыз-келиндин сөөгү Кыргызстанга алып келинди.

Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөгүн алып келген учакты "Манас" аэропортунан Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов баштаган журналисттер, Москвада өрттө набыт болгондордун туугандары тосуп алды.

Ага чейин он кыз-келиндин сөөгү туугандарынын жана өкмөттүк жумушчу топтун коштоосунда Ош аэропортуна келип конгон.

Ош: кыз ордуна табыт келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

Москвада басмаканадан чыккан өрттөн каза тапкан 14 кыздын бири, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, он бир туугандын тогузунчусу, 21 жаштагы Жаңылмырза болуп чыкты.

Жаңылмырза
Жаңылмырза

Жаңылмырза Коргонбай кызы дизайнер болууну самап, бирок окууну бүткөндө оңдуу иш тапкан эмес. Анан курбусу Топчуева Алинанын сунушу менен мындан үч ай мурун Орусияга аттанган экен. Эки курбу бул алардын акыркы сапары болорун сезсе эмне...

Жаңылмырзанын улгайган ата-энесине эрке кызынын кырсыкка учураганын акыркы мүнөттөргө чейин айтышкан жок.

Жаңылмырзанын бир тууган агасы Кылычбек Коргонбай уулу:

- Мага Орусиядан чалып, Жаңылмырза кырсыкка кабылыптыр, бирок каза болгондордун эмес, ооруканага түшкөндөрдүн арасында деп кабарлашты. Анан мен интернетке кирип, аман калгандардын тизмесин окусам, аты чыкпады. Негизи ошол күндөрү жүрөгүм жамандыкты сезип аткан. Эки күн катары менен үйгө да баргым келбей, уйкум качкан эле. Анан эжем чалып, "Жаңылмырзадан айрылып калыппыз",- деди. Менин үч эжем бар, анан мен. Менден кийин беш карындашым бар. Ошол беш ккарындашымдын кенжеси, сүймөнчүгүбүз Жаңылмырза болчу.

Жаңылмырзанын мугалими Арзыкан Асанова болсо кечээ эле өз колу менен мектепттен узаткан окуучусу он гүлүнүн бир гүлү ачылбай кете бергенин угуп, ыйлап отурду:

- Ошол жерде баары туруп бул кыздарды кантип эле эч ким көрбөй калат. Ал окуяны элестетип алып жүрөгүм ооруп чыкты. Бул кыздын өмүрү узун болушу керек эле. Акылдуу, эстүү кыз эле. Мен уккандан бери жаман болуп атам.

Алина
Алина

Отуз-Адыр айылынын тургундары сөөк келгенче үйгө киргенге дааган жок. Айыл башчысы Абдыманап Мустапакулов анын себебин минтип түшүндүрдү:

- Негизи Кыргызстандын өзүндө завод-фабрика иштегенде биздин балдар ошол жакка барбайт эле, өрттөнбөйт эле. Жумуш болсо гана. Биз айыл өкмөттөн колдон келген жардамды көрсөтөбүз деп турабыз. Жай казганга балдарды алып чыктык. Азыр мен ошол жерден келдим. Атасы оорукчан эле. Мурдараак инсульт алган. Ошондуктан ага алдын ала угузуудан чочуладык.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар.​

Алар эңсеген кыялына жетпеди...
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00

29-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдына Москва шаарынын тургундары, кыргызстандык мигранттар да келип, гүлчамбар коюп, 27-августта өрттөн набыт болгон кыргызстандык кыз-келиндерди эскеришти.

Эскерүүгө келген жергиликтүүлөр кырсык тууралуу толук маалымат алган соң, пикирлери өзгөргөнүн айтып жатышты. Алар буга чейин жергиликтүү телеканалдар кырсыкка мигранттар өздөрү күнөөлүү деп берип жатышканын айтып, мигранттардын өлүмүнө аларды кабыл алуучу тарап – орус бийлигинин да күнөөсү бар экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG