Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Жоголгон балыкчылар табыла элек


1-март күнү Ысык-Көлгө балык уулоого чыгып, дайынсыз болуп жаткан Жети-Өгүздүн тургундары изделүүдө.

Мыйзамдын тыюусуна карабастан, көл жээгине жакын айылдарда айрым жергиликтүү тургундар үчүн балык негизги киреше булагы болуп саналат. Ушундан улам түн ичинде алардын айрымдары көлгө чыгып кетип, сууга кайыгы менен кошо чөгүп кеткен учурлар жыл сайын катталып келет.

Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 41 жана 39 жаштагы тургундары Юрий жана Роза Новиковдор 1-мартка караган түнү саат үч чамасында балык уулоого чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Ыкыбал Абдраимованын айтымында, ушул тапта аларды издөө иштери жүрүп жатат.

- 3-март күнү жалпысынан 14 куткаруучу, ошондой эле аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар болуп издөө иштерине тартылып, натыйжа чыккан эмес. Ал эми бүгүн, 4-март күнү саат ондор чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 31 куткаруучу, райондук милициянын эки кызматкери тартылып, учурда издөө иштери жүргүзүлүп жатат, - деди ал.

Түн ичинде, жашыруун балык кармоого чыгып, көлгө кайыгы менен кошо чөгүп кеткендер жыл сайын катталат. Сууга чөккөндөрдүн айрымдарынын сөөгү табылбай калган учурлар да бар.

Саруу айылынын тургуну Улан Бейшеев айылдыктар балык кармоого салынган тыюудан улам түн жарымында уурданып чыгып, өмүрүн тобокелге салаарын айтты:

- Ал куурагырлар деле жыргаганынан алтын чукуюн деп барган жок да. Балдарын багайын деп барды. Жашоо-турмуш ошого алып барып атпайбы. «Мыйзам чегинде болсун, кармабасын» десе деле кармап жатышат. Азыр карасаңар кээ бирөө айылда ачка отурат. Балык уулоону катуу караш керек. Азыр колунда барлар кармап жатат. Карапайым калк болсо минтип жапа чегүүдө.

Мамэкотехинспекциянын Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп жана Каракол шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Талант Борочоров билдиргендей, Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык жаратылышка зыян тийгизгендер үч негизде жоопко тартылат. Ал мындан ары да мыйзамсыз балык кармагандарга каршы чара күчөтүлөрүн эскертти:

- Бизден атайын топ көлдүн үстүнө чыгып, мыйзамсыз балык уулап жаткан балыкчыларды кармайт. Ошол жерден тору болсо торун чечип алышат, анын баарына акт түзүлөт. Балыгы болсо протокол түзүлөт. Кармалса бардык шаймандары топтолуп, протокол, акт түзүлөт. Убактылуу биздин жайга жеткирилет. Реестрге киргизип, анан ошонун негизинде токтом чыгарып, айыбын салабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева жарандар кандай болгон күндө да мыйзамды сакташы керек экенин, бул үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл болорун айтты:

- Эми бул кырсык экен. Баары эле тирилик деп аракет кылып жатат. Бирок бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Мүмкүн кабыл алынган мыйзамдар, түшүндүрүү иштери жетиштүү болбой жаткандыр.

2016-жылдан бери Ысык-Көл облусу боюнча 10 киши балык кармаганы чыгып чөгүп кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, үчөөнүкү дайынсыз бойдон калган. Балык уулоого айрым учурда үй-бүлө мүчөлөрү чогуу чыгып, бир үй-бүлөдөн бир нече адам каза тапкан учурлар да катталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG