Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

"Реал" - "Челси" беттешинде таанылган кыргыз желеги


"Реал" - "Челси" клубдарынын беттеши. Бул оюнда Реал оюнчулары 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен. 30-июль, 2016-ж.
"Реал" - "Челси" клубдарынын беттеши. Бул оюнда Реал оюнчулары 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен. 30-июль, 2016-ж.

АКШда Европанын мыкты футболдук клубдары катышкан International Champions Cup мелдешинин кезектеги оюндары өтүп жатат.

30-июль күнү Мичиган штатында Испаниянын “Реал” жана Англиянын “Челси” клубдары беттешкен учурда стадиондо илинген Кыргызстандын желеги футбол күйөрмандарынын кызуу талкуусун жаратты.

Аталган желекти учурда Чикаго шаарында эмгектенген Жакшылык Муратов илген. Муратов "Азаттыктын” кабарчысы менен маектешип, желекти эмне максатта илгени тууралуу айтып берди.

"Азаттык": 100 миңге жакын күйөрман күбө болгон “Реал” менен “Челси” клубдарынын беттешине кандайча барып калдыңыз?

Жакшылык Муратов: Бул оюндар Чикаго шаарынан 4-5 саат алыс аймакта жайгашкан Мичиган штатынын Michigan Stadium стадионунда болду. Бул стадиондо менин эң жакшы көргөн клубдарым Испаниянын “Реал Мадрид” клубу менен Англиянын “Челси” клубдары ойношту. Кыялдарымды орундатайын деп досторум менен бирге аталган клубдардын оюнун көрүү үчүн бардым.

Жакшылык Муратов "Челси" клубунун чабуулчусу Родригес Педро менен. 30-июль, 2016-ж.
Жакшылык Муратов "Челси" клубунун чабуулчусу Родригес Педро менен. 30-июль, 2016-ж.

​Ал оюнду стадиондон жөн гана көрбөстөн, оюнчулар менен жакындан учурашып, аларга белекке калпак алып, чогуу сүрөткө түшүш үчүн Кыргызстандын желегин да ала баргам.

Баштыгымдагы белектерди стадионго алып кирүү да бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Акыры жолун таап белектерди стадионго алып кирдим. Андан соң футболчулар менен жолугуу үчүн да аракет кылып кыйынчылыктар менен акыры тилегим ишке ашты. Негизи “Реал Мадрид” клубунун оюнчуларына жолуксам деп максат койгом. Алар оюн талаасына кечирээк чыгып калган үчүн “Челси” клубунун оюнчулары менен кезигип сүрөткө түшүүгө шарт түзүлдү.

Алардын арасынан Диего Коста, Жон Терри, Бранислав Иванович, Эден Азар, Хуан Куадрадо, Гари Кехилл, Родригес Педро менен сүрөткө түшүп, Эден Азар менен маектешүүгө да үлгүрдүм. Сөз арасында ага “2017-жылы жакшы ойноп, дүйнөнүн мыкты футболчуларына берилген “Алтын топту” алышың керек”, - деп каалоо тилегимди айтсам ал дагы “башкы олжону алуу үчүн машыгууларды жакшы өткөрүп, мыкты оюн көрсөткөнгө аракет кылып жатам”,- деген оюн билдирди.

Эң өкүнүчтүүсү, мен атайын алып барган калпактарды “Реал” клубунун капитаны Серхио Рамоско, коргоочу Марсэлого жана “Челси” оюнчулары жарым коргоочу Эден Азарга, коргоочу Жон Терриге кийгизе албай калдым. Кээ бирине жолукпай калсам, кээ бирине шашылыш болуп белекти берүүгө мүмкүн болбой калды. Буюрса, кийинки оюндарда кыргыз желегин кармап, аталган оюнчуларга калпакты кийгизип, алар менен сүрөткө түшөм деп тилек кылам.

"Азаттык": Аталган оюндун жүрүшүндө экинчи таймда дарбазанын артына илинген Кыргызстандын желеги социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып жатат. Мекендештерден сураштырсак, ал желекти сиз илген экенсиз. Желекти кандай максатта илдиңиз жана эч ким тоскоолдук көрсөткөн жокпу?

"Реал" - "Челси" клубдарынын беттешинде желбиреген кыргыз желегинин алыстан көрүнүшү. 30-июль, 2016-ж.
"Реал" - "Челси" клубдарынын беттешинде желбиреген кыргыз желегинин алыстан көрүнүшү. 30-июль, 2016-ж.

Жакшылык Муратов: Оюндун биринчи бөлүгүндө стадиондун каптал тарабына элге көрүнүктүү болсун деп илгем. Бирок ал жактан "желекти илгенге болбойт, бул жарнама илине турган такта, кааласаң колуңа карма, бул кайсы клубдун желеги?" деп намыска тийип коюшту.

Андан соң оюндун экинчи таймда көптөгөн көрүүчүлөрдү аралап дарбазанын арт жагына бардым. Ал жакта топту тосуп алабыз деп эл жыш отурушат экен. Анан жип таба албай бут кийимимдин боосун чечип желекке байлап көрүнүктүү жерге желекти илип койдум. Ал жерде оюнду көрүп турган поляк жигитке табыштап, "желекти көзөмөлдөп туруңуз" деп стадиондо өзүм отурган аймакка кеттим. Желекти илгеним үчүн бир-эки жолу эскертүү берилди. Көрүүчүлөргө деле ыңгайсыздык жараткан жокмун. Бул аракетим үчүн уюштуруучулар тарабынан мага чара колдонулган жок.

Стадиондон биздин желек кызыл болуп алыстан эле көрүнөт экен. Стадиондун ортосуна келип өз ордумдан карап толкунданып отурдум. Кийин үйгө келип сыналгыдан оюнду көрүп башкача сезимдер болуп аябай сүйүндүм. Бул желекти илүү менен тоону томкоруп, чоң иш кылдым деп мактанбайм. Мен жөн гана кыргыз футболчулары дал ушундай жүз миңдеген киши баткан стадиондо ойноп, Кыргызстандын желеги да ошол жакта желбирешин каалайм. Биздин желекти көргөндө бул кайсы клубдун желеги деп сурашпастан, дүйнө эли биздин желекти тааныса деп тилек кылам.

Жакшылык Муратов "Реал" - "Челси" клубдарынын беттеши башталар алдында достору менен. 30-июнь, 2016-ж. Мичиган.
Жакшылык Муратов "Реал" - "Челси" клубдарынын беттеши башталар алдында достору менен. 30-июнь, 2016-ж. Мичиган.

​"Азаттык": Европанын эң мыкты клубдары ойногон чемпиондордун эл аралык кубогунун оюндары (international champion`s cup) кандай өтүп жатат? Оюндар көрүүчүлөр тарабынан кандай кабыл алынууда?

Жакшылык Муратов: Оюндар аябай эле курч өтүп жатат. Биз барган стадион 115 миң көрүүчүгө ылайыкталган экен. "Челси" менен "Реалдын" оюнун көрүү үчүн 105 миңге жакын киши келиптир. Оюнга клубдардын экинчи курамы чыкты. Эң кызыктуусу “Реал” клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан баласы, “Реалдын” жаштар курамында ойногон жарым коргоочу Энцо Зиданды экинчи таймда оюнга чыгарып, ал жакшы оюн көрсөттү.

Оюнга экинчи курамдагы оюнчулар чыгып, негизги оюнчулар ойнобой калышса беттеш жупуну эле болду деп биз ойлошубуз мүмкүн. Бирок, оюн талаасында футболчулар жеңишке жетүү үчүн болгон күчүн жумшап жакшы оюн көрсөтүштү.

"Азаттык": Футболго болгон кызыгууң тууралуу айтып берсең. Өзүң футбол ойночу белең?

Жакшылык Муратов: Нарында кыргыз-түрк лицейинде окуй баштагандан тартып футбол ойноп келем. Өзүм жогорку чеберчиликте ойной албасам дагы футбол ойногондон ырахат алам. Ошону менен бирге Чикагодо майрам күндөрү футбол мелдештерин уюштуруп турам. 2009-жылдан бери Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата кичи футбол боюнча “Достук жана Биримдик” кубогуна арналган мелдештерди өткөрүп келем. Аталган мелдешке АКШнын штаттарында жашаган мекендештерибизден куралган 8-10 команда катышып, жыл сайын таймаштар жогорку деңгээлде өтүп келет.

"Азаттык": АКШга качан барып калдыңыз? Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

Жакшылык Муратов: АКШда 2008-жылдан бери жашап, иштеп келем. Буюрса, келечекте Кыргызстанда футболдук клуб түзүп, футбол мектебин негиздөөнү максат кылам. Өз мекенимде дагы Европада, дүйнөдө атагы чыккан футболчуларды окутуп, ойнотуп кыргыз футболун башка тармактар менен бирге өнүктүргүм келет.

P.S: 30-июлда болгон International Champions Cup мелдешинин кезектеги беттештеринин жыйынтыктары төмөндөгүдөй:

"Реал" (Испания) — "Челси" (Англия) - 3:2, ПСЖ (Франция) – "Лестер Сити" (Англия) - 4:0, "Интер" (Италия) – "Бавария" (Германия) - 1:4.

Кезектеги оюн 3-августта өтөт. Бул күнү Барселона менен Лестер клубдары беттешет. Бул турнирге 2016-жылы Европа чемпиондугунда ойногон футболчулар катышкан жок. Машыктыруучулар аларга эс алууга убакыт беришкен.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG