Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Азия кубогу: Кыргызстан Кытайга утулду


"Ак шумкарлар".
"Ак шумкарлар".

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калды.

Оюн Бириккен Араб Эмираттарында Азия кубогунун алкагында өтүп, биринчи таймдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан.

Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяш одоно эки ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү кытай футболчулары эки ирет голго айланта алышты.

Бирок футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин дарбазачы Павел Матяжды колдоого алды.

Ал футболдо жаңылыштык болорун, ал үчүн жеке бир оюнчуну күнөөлөш туура эмес экендигин кошумчалады.

- Матч күтүлгөндөй эле эки командага тең оор болду. Бирок биз атаандашка караганда көбүрөөк жаңылдык. Мыкты оюнчулар деле жаңылышып жүрбөйбү. Ошол эле учурда биз өзүбүзгө тиешелүү чабуулдарды аягына чыгара албай калдык. Эң негизгиси башты бийик көтөрүп, кийинки атаандаштарга даярданышыбыз азбел, анткени биздин чемпионат дагы деле уланып жатат.

Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, “С” тайпасында көч баштады.

6-январда басма сөз жыйынында Александр Крестинин Кытай командасы менен оюн жеңил болбосун айткан эле.

Ошол эле маалда атаандаштын оюну туурасында маалыматтар жетиштүү экенин басма сөз жыйынында билдирген:

Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

- Оюн эки командага тең оор болот. Бизде да, Кытай командасында да даярдыктар жакшы. Кытай биз үчүн күчтүү атаандаш. Бул өлкөдө футбол өтө тездик менен өнүгүп жатат. Мыкты машыктыруучусу бар. Бирок Кытай чоң турнирлерде ута элек жана азырынча эсеп 0:0, андыктан бардыгын оюн көрсөтөт.

Ал эми Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин Кытайга каршы оюндун алдында, Кыргызстан атаандашы күчтүү экенине карабай өз оюнун ойной турганын кошумчалаган:

- Биз өзүбүз кайсы жаатта күчтүү болсок, ошол оюнубузду көрсөтөбүз. Ар бир оюнчубуздун артыкчылыгы бар. Андыктан атаандаш кандай деңгээлде болбосун, кармашка даярбыз.

Кыргызстан – Кытай оюну Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталды. Оюнду “КТРК-Спорт” каналы түз ободо көрсөттү.

Ошондой эле бүгүн “С” тайпасында экинчи жуп саналган, Түштүк Корея менен Филиппиндин футболчулары ойношот. Мындан тышкары “D” группасындагы Ирак – Йемен командалары күч сынашат.

БАЭ менен Бахрейн тең чыкты

5-январда Азия кубогунда оюнду баштап берген Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) биринчи оюнда жеңилип кала жаздады. Анткени Бахрейн командасы голду биринчи киргизип, абалды оорлотуп койду.

БАЭ оюн бүтөргө эки мүнөт калганда пенальтинин жардамы менен эсепти теңеди. 11 метрликти ийгиликтүү ишке ашырган Ахмед Халил болду. Натыйжада эки команда бирден упай алды.

“А” тайпасында Индия командасы көчтү баштады. Алар кечээ 6-январда Таиландды 4:1 эсебинде утуп алды. Учурда Индияда үч упай, БАЭ менен Бахрейнде бирден упай бар.

БАЭ - Бахрейн оюну.
БАЭ - Бахрейн оюну.

Австралия утулду, Сирия тең чыкты

Кечээ кечинде “В” тайпасындагы оюндар башталып, турнирдин күчтүү командасы саналган Австралия Иорданиянын командасына 0:1 эсебинде утулуп калды.

Бирок Австралия тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Алдыда Сирия жана Палестина менен оюндар күтүп турат. Бул эки команда да бири-бири менен ойноп, дарбазага топ киргизе алышкан жок.

Натыйжада Сирия жана Палестина бирден упай, ал эми Иордания үч упай менен “В” тайпасын жетектеп келет.

Сириянын күйөрмандары. (Архив.)
Сириянын күйөрмандары. (Архив.)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG