Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кубат Оторбаев: Коомдук каналда сөз эркиндиги орноду


Жогорку Кеңеш бүгүн КТРК жана анын Байкоочу кеңешине байланышкан маселелерди кароодо.

Буга байланыштуу КТРК башкы директору Кубат Оторбаевди сөзгө тарттык.

“Азаттык”: Парламент бүгүнкү отурумунда Коомдук телерадио корпорациясынын ишин талкуулайт экен. Жогорку Кеңеш коомдук каналдын ишин эмнеге чукул талкуулаганы жатат?

Кубат Оторбаев: Парламенттин бүгүнкү күн тартибинде Коомдук телерадио корпорацияга байланыштуу эки маселе бар. Биринчиси, КТРК Жогорку Кеңештин ишин кандай чагылдырып жатат деп менден маалымат алышат. Экинчиси болсо күн тартибинде он үч маселенин он биринчиси болуп “Коомдук телерадио корпорация тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууга кирет. Анын автору Каныбек Иманалиев.

Бул мыйзам өзү негизи мурда эле даярдалган экен. Бирок кабыл алынбай, күчүнө кирбей калган экен. Бирок былтыркы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен жобо кабыл алынган эле. Жобо болсо ошол эле азыр сунушталып жаткан, же болбосо мурдагы эле мыйзамдын долбоору. Азыркы жобо менен Каныбек Иманалиев сунуштап жаткан мыйзам долбоордун ортосунда кескин өзгөрүү жок.

“Азаттык”: Сиз ушул мыйзам долбоор менен кайсы бир күчтөр президенттик шайлоону утурлай КТРКны колго алгысы келип жатат деп билдирип келген элеңиз. Сиз муну эмнеге таянып айтып жатасыз?

Кубат Оторбаев: Бул мындай болуп жатат. Эң негизги өзгөчөлүк ошол жерде Байкоочу кеңештин ушул курамын таратуу маселеси козголуп жатат. Жогорку Кеңештин комитеттеринде да ушул тууралуу ачык эле айтылды. Буга жамаат дагы каршы болуп кечээ президентке, парламенттин төрагасына жана өкмөт башчыга 564 адам кол коюп, пикирин жөнөттү. Анткени азыркы тапта, ушундай учурда, президенттик шайлоонун алдында Байкоочу кеңештин курамын өзгөртүү жаңы шайлоолорго алып келиши мүмкүн. Мындайча айтканда, азыр мунун эч кандай мааниси, зарылдыгы жок деп эсептейбиз. Болгону мыйзамдын өткөөл мезгил деген жерине “ушул тапта иштеп жаткан Байкоочу кеңеш мөөнөтү бүткөнгө чейин иштесин”, деп гана киргизип койсо болот. Алардын 2 жылдык мөөнөтү калды. Бирок ага комитеттен макул болушкан жок.

“Азаттык”: Байкоочу кеңеш кайра тандалса, КТРКнын жетекчиси да кайра шайланат эмеспи. Сиз тажрыйбалуу адиссиз да, “Азаттыктын” мектебинен өткөнсүз. Кайра шайлоо болсо ага катышып, утуп алып, ордуңузду бекемдеп алып эле иштей бербейсизби? Андан эмнеге чочулап жатасыз?

Кубат Оторбаев: Эч кандай чочулоо жок. Болгону биринчиден декреттин өзү дагы мыйзам. Ошол декреттер аркылуу бир топ иштер жасалган. Азыркы Жогорку Кеңеш да, референдум да ошол аркылуу өткөн. Экинчиден, бул шайлоонун өзү процесстерди, биз жасаган иштерди жарым жыл артка кайтарат.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн тандоо өзүнчө узак жана оор процесс. Мындан сырткары шайлоо да убакытты алат. Биз жаңыдан стратегияны бекитип, редакциялык саясатты бекитип, иш жаңыдан жолго коюлуп, Адилет министрлигинен уставды каттоодон өткөрүп, структураны аныктап, мындайча айтканда, иш алдыга жылган учурда мунун баары өтө алагды кылат.

Шайлоодон корккон эч ким жок. Эки жолу шайлоого катыштым. Негизи иштин кызыкчылыгы үчүн, жалпы угарман-көрөрамандардын кызыкчылыгы үчүн бул нерселерди коё турса эч нерсе болбойт эле.

“Азаттык”: Азыр деле КТРК болгону менен канал дагы көз каранды бойдон калды, биринчи президентти, экинчи өкмөттү, анан парламентти көрсөтөт деп айтышат. Минтип айтканга негиз барбы? Мына бул мекемени башкарып жатканыңызга бир жылдан ашты. Эң негизги ийгилигиңиз катары эмнелерди көрсөтөсүз?

Кубат Оторбаев: Биринчи сурооңузга, ошол эле жободо, анан сунушталып жаткан мыйзам долбоордо Коомдук канал мамлекет башчыларынын, төраганын, өкмөт башчынын ишин чагылдырышы керек деп айтылган. Бул нерседен биз кача албайбыз. Бул саясат. Анткени кабыл алынып жаткан чечимдерди элге жеткирип турушубуз керек. Бул биздин бирден-бир түздөн-түз милдеттербиз.

Экинчиден, ийгиликтер тууралуу айтсак, бир топ нерселер жасалды. Эң негизгиси каналда сөз эркиндиги орноду. Бул сыймыктанып айта турган нерсе. Дагы бир чоң жетишкендик катары мен жамааттын ынтымагын чыңдап, бир багытка бура алдым. Үчүнчү бир чоң жетишкендик катары техникалык базасын чыңдап, мындайча айтканда, кем-карчын толуктап талкаланганын бүтөп, ушул жаатта да бир топ иштер жасалды. Мунун баарын айтууга убакыт тардык кылат.

Мен бир гана нерсени айтып койоюн, жакында “М-Вектор” деген көз карандысыз компания иликтөө жүргүздү. Ошол жерде Кыргызстанда КТРК бирден бир лидер болуп чыкты. Бул эң чоң жетишкендик. Эң негизгиси бизге болгон угарман-көрөмандардын ишеними болуп көрбөгөндөй артты. Бул да ошол иликтөөдө далилденди.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG