Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Каралоого каршы мыйзам президентке жетти


Кыргыз журналисттери Жогорку Кеңеште. 31-март, 2014-жыл.
Кыргыз журналисттери Жогорку Кеңеште. 31-март, 2014-жыл.

Бир катар коомдук бирикмелер, саясий кыймылдар жана журналисттер президент Алмазбек Атамбаевди сөз жоопкерчилиги боюнча жакында кабыл алынган мыйзамга кол койбоого чакырууда.

Алардын айтымында, эгер бул мыйзам долбоору күчүнө кирсе, Кыргызстан артка кадам шилтеп, сөз эркиндигин чектеген болот. "Кылмыш жасады" деп бирөө тууралуу жалган маалымат тараткандарды кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам долбоору 16-апрелде парламентте кабыл алынган.

“Кой аксагы менен миң”


29-апрелде Бишкекте кыргыз тилдүү басылмалар чогулуп, эгер мыйзам долбоору күчүнө кирсе, анын журналисттерге тие турган кесепетин талкуулашты. Жыйынтыгында президент Алмазбек Атамбаевди аталган мыйзамдагы өзгөртүүгө кол койбоого чакыруу жана Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясын уюштуруу чечими кабыл алынды. Аталган мыйзамдын кесепети тууралуу журналист Айбек Шамшыкеев мындай деди:

- Демократиянын негизги принциби - сөз эркиндиги. Эгер бул мыйзамга кол коюлса, анда ал демократияга, сөз эркиндигине карама-каршы келген көрүнүш болот. Азыр Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээли дүйнөлүк рейтингде кудайга шүгүр жаман эмес. Ал да сөзсүз артка кетет. Өлкөнүн имиджине да тескери таасирин тийгизет. Эгер кол кое турган болсо президент Алмазбек Атамбаевдин да кадыр-баркына көлөкө түшөт.


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.
Деген менен саясатчылар арасында дал ушул кыргыз тилдүү басма сөзгө сын-пикир арбын. Бир жагынан жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизген мыйзам долбооруна кыргыз тилдүү журналисттер түрткү болду дегендер да бар.“Фабула” гезитинин башкы редактору Эрнис Балбаков чаласабат журналисттер бар экенин моюнга алып, бирок алардын запкысын башкалар тартпашы керек дейт.

- Биз, журналисттер деле “баарыбыз аппакбыз” деп айткандан алыспыз. Бирок бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин муунтуу болот. Мындай жолду өтө аша чапкандык деп эсептейбиз жана ал жакшылыкка алып барбайт.


Мыйзам күчүнө кирсе, өлкө артка кетеби?

"Кылмыш жасады" деп бирөө тууралуу жалган маалымат тараткандарды жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоору 16-апрелде парламентте кабыл алынып, аны 86 депутат колдосо, жетөө каршы добуш берген. Бул өзгөртүү Кылмыш-жаза кодексине киргизилгени турат. Ага ылайык, жалган маалымат тараткандыгы сотто далилденсе, ким гана болбосун 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же бир жылдан беш жылга чейин соттолушу мүмкүн. 29-апрелде президентти мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган “Демократия жана мыйзам үстөмдүгү институтунун” жетекчиси Медер Алиев буларга токтолду.

- Алгачкы революциялардын да чыгуу себеби сөз эркиндигин басмырлоо болгон. Президентти ошолор кайталанбасын, туура багытта өнүгөлү десек, мыйзам долбооруна кол койбоңуз деп чакырып жатабыз.


Ушундай эле чакырык менен Улуттук оппозициялык кыймыл президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Оппозиция мыйзам долбоор Конституциянын 33-беренесине каршы келерин жана өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө тоскоол болорун эскерткен.

Конституциянын 33-беренесинде “Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн эмес” деп жазылган.

Журналисттер коркпосо да болот


Бирок маалымат каражаттары багытында иш алып барган “Медиа полис институту” бейөкмөт уюму жаңы өзгөртүү бир катар себептерден улам журналисттерге эч кандай коркунуч жаратпайт деген билдирүү менен чыкты.
Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.
Аталган уюмдун медиа өкүлү Акмат Алагушевдин оюнча, учурда журналисттер билбестен туруп чуу көтөрүүдө. Ошол эле кезде Алагушев бул мыйзам бир жагынан журналисттердин жоопкерчилигин күчөтөт десе, экинчи жагынан ал дегеле иштеп кетеринен күмөнү бар. Анткени мыйзам Баш мыйзамга каршы келет.

- Бул мыйзамдын журналисттерге эч кандай тиешеси жок. Журналисттердин укугун коргоп жүргөн уюм катары бир канча жолу комментарий бердик, өзүбүздүн сайтыбызга түшүндүрмөлөрдү илдик. Бирок болбой эле бул маселени көтөрүп жатышат. Бул мыйзамга кол койгон күндө да аны колдонгондун өзү мыйзамсыз болот.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, аталган мыйзам долбоору 25-апрелде президенттин кол коюусуна келип түштү. Бир айдын аралыгында ага Алмазбек Атамбаев ага же кол коюшу керек же артка кайтарышы шарт.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин 12 депутаты сөз жоопкерчилигин күчөткөн бул мыйзам долбоору боюнча кайрадан добуш берүү демилгесин көтөрдү. Депутат Өмүрбек Абдрахманов айтышынча, бирок аны Жогорку Кеңештин Регламент жана этика комитети 29-апрелде колдогон жок.

- 12 депутат “мыйзамдын маанисин жакшы түшүндүрүлбөй туруп, добуш берүүгө коюлган. Ошондуктан кайрадан добуш берүү болсун” дешкен эле. Бирок Регламент жана этика комитети бүгүн аны карабай койду. Демек мындан ары кимдир бирөөнү “коррупционер” деп койсок, журналисттерди болобу же бизди болобу, үч жылдан беш жылга чейин түрмөгө камайт.


Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Эристина Кочкорова. Анын түшүндүрүшүнчө, кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат таратылган учурда жоопкерчиликке аны жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаты эмес, маалыматтын булагы тартылат. Ал адамдын кылмыш кылгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандарга карата кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштыра турган бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт жана сөз эркиндигин чектебейт деп эсептейт.

Буга чейин ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча Дунья Миятович Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди сөз эркиндигине шек келтирген мыйзам долбоорун колдобоого үндөп, ал Баш мыйзамга каршы келерин билдирген жана бир катар бейөкмөт уюмдар президентти ал мыйзамды артка кайтарууга чакырган.
XS
SM
MD
LG