Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Текебаев: Журналисттер каралоону бизнеске айлантты


Жогорку Кеңештин 14 депутаты атайылап жалган маалыматты таратуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал өткөн аптада биринчи окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев бул боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, депутаттардын бул маселеге кайра-кайра кайрылуусуна негиз барбы? Мындай аракетти сөз эркиндигин тымызын тизгиндөө катары баалагандар да жок эмес...

Текебаев: Конституцияда кадыр-баркка шек келтирген жалган маалымат тараткан учурда да, эч ким кылмыш жообуна тартылбашы керек деген норма бар.

Бизде сөз эркиндиги өстү, бул нерсени эл аралык иликтөөлөр да көргөзүп жатат. Бирок ошол эле учурда анын терс жактары да тездик менен жайылууда. Кээ бир гезиттер, журналисттер жалган айтканды, жалаа жапканды бизнеске айлантып алышты. Мээнет кылып маалымат издебей эле жалганды ышкыртып, каралоо массалык кубулушка айланды. Бул көрүнүшкө коом тараптан, өзгөчө депутаттар тараптан жооп катары ар кандай мыйзам долбоорун киргизүү аракети жүрүп жатат. Буга чейинки сунуштар өткөн эмес. Экинчи сунуш “Жалган билдирүү” деген норма менен биринчи окуудан өттү.

“Азаттык”: Муну бардык депутаттар колдоп берет деп ойлойсузбу?

Текебаев: Депутаттар колдоп атат. ММКдагы жоопкерсиздиктин күчөшү депутаттардын көпчүлүгүн кандайдыр бир чара көрүүгө түрттү. Бирок мен бул көйгөйдү журналистти кылмыш жообуна тартпаган жол менен чечүү керек деп ойлойм. Мисалы, кадыр-барк, ар-намысты колдогон мыйзамды кабыл алып, сот процессинин тез бүтүшүн камсыздоо зарыл. Бүгүнкү күндө 2-4 жылга чейин соттошуп жүргөндөр бар.

“Азаттык”: Өзүңүз айткандай, журналисттерди кылмыш жообуна тартпоо Конституциянын 33-беренесинин 5-пунктунда так көргөзүлгөн. Бул өңүттөн карасак, депутаттар Баш мыйзамга каршы чыккан болуп жатпайбы?

Текебаев: Бул эми маңызы жагынан Конституцияга туура келбеген мыйзам. Менимче бул туура эмес.

“Азаттык”: Бул мыйзам долбоорун кайра-кайра алып чыгуунун артында журналисттердин соңку учурда депутаттарга тиешелүү байма-бай маалымат тараткандыгы себеп эмеспи? Мисалы, кагазда кедей, иш жүзүндө чириген бай аткаминерлер тууралуу жазылган макалалар...

Текебаев: Негизи бул сунуш жалган маалымат тараткан журналисттерге тиешелүү.

“Азаттык”: Президент бул мыйзам долбооруна вето коюш керек деп ойлойсузбу?

Текебаев: Мен муну Конституциянын маңызына туура келбейт деп ойлойм. Президент кандай ойдо болот аны айта албайм.

“Азаттык”: Учурда доллардын наркы күн сайын өсүп, баалар кымбаттап жатканына күбө болуудабыз. Депуттардын ушундай маселелер менен алек болуп жаткандыгы, коомчулуктун көңүлүн көйгөйлүү маселелерден башка жакка буруу аракети эмеспи?

Текебаев: Жок, ошол күнү 10 мыйзам кабыл алынган, анын бири ушул болду. Баанын көтөрүлүшү сыяктуу орчундуу маселелерди депутаттар карап жатат. Бул эми бир жылдан бери, бир нече депутаттардын аракети менен өткөн мыйзам долбоору. Бул дагы коомдук көрүнүш, ага да көз жумуп койгон болбойт. Башта айткандай журналисттер арасында бирөөгө жалаа жаап, андан бизнес жасоо коомдук кубулушка айланып кетти. Бул нерсеге да чара көрүү керек.
XS
SM
MD
LG