Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

КСДП: жалган маалымат тараткандар жазалансын


Сүрөттө: Парламентте кабар жазып жаткан журналист
Сүрөттө: Парламентте кабар жазып жаткан журналист

Парламенттеги бийликчил Социал-демократтар фракциясы маалымат атайлап жалган маалымат тараткан ММКны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорду үч окууда колдоду. Мыйзам долбоорду КСДП фракциянын мүчөсү Галина Скрипкина иштеп чыккан.

Жаңы мыйзам долбоору жалган маалымат тараткан үчүн жазаны күчөтүп, Кылмыш кодексинин 329-беренеси боюнча иш козгоо каралган. Жалган маалымат тараткан журналист коомчулук алдында кечирим сурап, бир жылга чейин мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Мурадыл Мадаминовдин айтымында, мыйзам долбоору такталбаган, имиш деңгээлиндеги маалыматтарды таратып, жарандардын кадыр-баркына шек келтирген маалымат каражаттарын жоопкерчиликке чакырат:

- Бул мыйзам долбоору атайлап жалган маалымат тараткан журналисттер жоопкерчиликке тартылсын деген максатты көздөйт. Азыркыдай "бир жерден көрдүм эле, муну айтты эле" деп, такталбаган маалыматтарды таратып жатат деген туура эмес. Айрым журналисттер бул кесиптин кадыр-баркын сезбей жатышат. Мыйзам долбоор мына ушундайларга багытталган. Болбосо, өз ишин так аткарган журналисттерге эч кандай тиешеси жок.

Мадаминов кошумчалагандай, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин талкуусуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоордун сунушталышын медиа адистер Баш мыйзамга каршы келет деп айыптап, тынчсызданууда. Маселен, “Медиа полиси” институтунун директору Бегайым Үсөнова бул мыйзам долбоорун сөз эркиндигин чектөө аракети катары баалап жатат:

- Албетте Галина Скрипкина сунуштаган жалган маалымат таратууга жоопкерчиликти күчөтүүнү караган Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр сөз эркиндигин олуттуу чектелешине жана журналисттерди өзүн-өзү чектөөсүнө алып келет. Бийликчил Социал-демократтар фракциясы бул демилгени колдогону таң калтырат. Себеби бул партия негизги принциптеринин бири катары сөз эркиндигин коргоо жана өнүктүрүү деп жарыялаган. 2008-жылы ал кездеги “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова дал ушул берененин негизинде куугунтукка кабылып, чет өлкөгө качууга аргасыз болгон. Дал ошондой эле катаны учурдагы бийликтин партиясы да кайталап жатат.

Буга чейин өлкөнүн Кылмыш кодексинде “мазактоо" жана "жалган жалаа” беренелери боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган болчу. Бул беренелер 2010-жылдагы ыңкылаптан соң жокко чыгарылып, административдик жоопкерчилик гана калтырылган. Мындай шарттан пайдаланып, айрым журналисттер такталбаган маалымат таратып жатат деген сындар айтылып келет.

Өз нааразылыгын президент Алмазбек Атамбаев эки-үч курдай билдирген болчу:

- Албетте бизде азыр демократия, журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт. Бирок журналисттер өз жоруктары үчүн жаза алыш керек. Жакында эле Британияда ББСнин журналисти бир саясатчыга байланыштуу туура эмес маалымат бере коюп, үч жума өтпөй 300 миң фунт стерлинг айып пул төлөп берди. Бизде да ошол сыяктуу жок дегенде айып пул төлөш керек. Жазгандарын окуп отурсаң, ушундай ыплас нерселер бар! Ошондуктан мындай ыплас нерселер үчүн жазалоо зарыл, жок дегенде чөнтөгүн кагып, акчалай айыпка жыгуу зарыл.

Ошентсе да бийликчил партиянын журналисттерди кылмыш жазасына тартуу аракетин артка чегинүү деп баалайт публицист Кубан Мамбеталиев:

- Бул артка кадам. Акаевдин учурунда, Бакиев башкарган жылдарда да ушундай аракет болгон. Ошол кездеги президенттерге кошомат кылып, ушундай аракеттерди жасашкан. Азыр деле ошондой кадамдар кайталанып жатат. Ал жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан учурдагы президент муну туура түшүнүп, бул демилгени тыйып салганга укугу бар.

Эми Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзамды колдошу арсар. Маселен, журналисттерден кылмыш жоопкерчилигин алып салуунун демилгечиси болгон “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев парламент бул мыйзам долбоорду колдобойт деген пикирде:

- Буга чейинки режимдерде журналисттер куугунтукка кабылып, алардын ишине көптөгөн тоскоолдуктар болуп келген. Ошондуктан биздин фракциянын сунушу менен журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Кылмыш кодексиндеги беренелер алып салынган болчу. Ал эми мындай демилге эмне максат менен киргизилип жатканын түшүнбөй турам. Бул мыйзам долбоору парламентте талкуу жаратат деп ойлойм. Депутаттар долбоорду колдойт деп да кепилдик берүүдөн алысмын.

Кыргызстан Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы салыштырмалуу дурус саналган өлкөлөрдүн катарына кирет. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун быйылкы баяндамасында дүйнөдөгү 179 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 106-орунду ээлеген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG