Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Басма сөз эркиндигинин күнү белгиленди


Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Кыргызстанда журналисттер-карикатурачылар арасында сынактар өттү.

3-майда “Журналисттер” коомдук бирикмеси карикатурачылар арасында “Сөзсүз сөз эркиндиги туралуу” деген темада 4-ирет уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады.

Сынактын жеңүүчүсү Руслан Валитов Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт.

- Сөз эркиндиги мен үчүн жаңы тема эмес. Мен Кыргызстандагы жана
Казакстандагы көптөгөн көз карандысыз маалымат каражаттарында иштегем. Сынакка жыл сайын катышам. Быйыл экинчи ирет биринчи орунду алып отурам. Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, эгер болбогондо мен бул сүрөттөрдү тартпайт элем.


Бишкек шаарындагы Чапаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги журналисттер аллеясында уюштурулган иш-чарада журналисттер арасында да карикатура тартуу боюнча сынак болду. Сынакта түркиялык ТРТ каналынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн продюсери Асел Дүйшөбаева “Азаттык” үналгысын сөз эркиндигинин символу катары чагылдырды.

- Мен операторум Тимур жана кабарчым Мурасен менен эмне идеяны алсак деп ойлондук. Тимур бизге “Азаттык” үналгысынын символун колдонууну сунуш кылды. Тема сөз эркиндиги болуп жаткандыктан “Азаттыктын” эн тамгасын сөз эркиндигинин символу катары чагылдырдык.

“Аят пресс” гезитинин сүрөтчү-карикатурачысы Ринат Мамытбеков заманбап журналистти чагылдырган экен. Ал сөз менен айта албаганды кээде сүрөт менен берүүгө болорун айтат.

- Мен бул жерде төрт кол, төрт бутту тарттым. Анткени бул журналисттин баарына жетишкендигин көрсөтүп жатат.

Башына скафандрды кийгизгенимдин себеби, азыр аба жок жерде да, кыйын жерлерде да журналисттер маек уюштуруп жаткандыгын айткым келди. Саясий жагынан алганда жаза албаган нерсени сүрөт менен билдирсе болот. Аларды чоңдор көрсө өздөрү деле уялат болуш керек.


Эркиндик эле эмес, этика да керек

Иш-чаранын акырында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү журналисттерге “Пресса” деген жазуусу бар күрмөлөрдү тапшырды.

ЕККУнун өкүлчүлүгүнүн маалымат каражаттары боюнча кеңешчиси Бурул Усманалиева Кыргызстанда журналисттер этикалык жактан аксап жаткандыгын айтты.

- Кыргызстанда азырынча сөз эркиндиги бар. Гезиттер каалаганын жазып жатышат. Бул азыр психологиялык эркиндик.

Ошондой эле куугунтуктун жоктугу - бул структуралык эркиндик. Көбүнчө бул мыйзам ченемдүү нерсе. Мамлекетте бийлик өзгөргөндөн кийин ушундай мезгилдер болот. Бирок Кыргызстанда маалымат каражатарынын арасында этика жана стандартты көтөрүш керек. Чындыгында эле, моюнга алыш керек, бизде ушул жагы начар болуп жатат.


Ала-Тоо аянтындагы акция

Бул күнү Ала-Тоо аянтында Коомдук телерадиону колдоо боюнча акция өттү. Анда жакында эле парламентте биринчи окууда кабыл алынган “Коомдук телерадио жөнүндөгү” мыйзам депутаттардын колдоосуна ээ болсо, былтыркы апрель окуяларынан бери каналда жүрүп жаткан реформаларды аксатаары айтылды.

Коомдук телерадио компаниянын директору Кубат Оторбаев мындай дейт.

- Кыргызстанда 7-апрелден кийин канчалык көз жаш менен келген эркиндикти сактап калуу маселесин дагы бир жолу элдин, бийликтин эсине салалы деп жатабыз.

1993-жылы Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 3-майды Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү катары жарыялаган.

Кыргызстан сөз эркиндигинин деңгээли боюнча былтыркы апрель ыңкылабына чейин эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесинде болсо, быйыл жарым-жартылай эркин мамлекеттер катарына кошулду.
XS
SM
MD
LG