Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Кыргыз жаранына Грузия издөө жарыялады


Грузиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Ооганстанда кызмат өтөп жаткан грузин аскерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн коркуткан видеону интернетте тараткан адамдын ким экени аныкталды.

Грузин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нино Гиоргобани белгилегендей, ал Кыргызстандын 24 жаштагы жараны Самар Чокутаев болуп чыкты.

Маалымат технологиясы боюнча адис Чокутаев Абхазия борбору Сухумиде орусиялык уюлдук байланыш компаниясында иштеген.

- Тергөө аныктагандай, Самар Чокутаев Сухумиде мобилдик байланыш компаниясында иштеген. Ал IT тармагында жогорку даражадагы адис жана Грузия көзөмөлдөбөгөн аймакта кылмыш жасаган.

Грузин бийликтери Самар Чокутаевдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, аны камакка алууга буйрук чыгарышты. Ал “террордук акт жасоого шыктандырган маалыматты ачык тараткан” деп айыпталууда.

Грузин Ички иштер министрлиги кабарлагандай, учурда Самар Чокутаев изделип жатат. Кыргызстандын изделип жаткан жараны эмне себептен бул кадамга баргандыгы тууралуу маалымат жок.

Чокутаев “Талибандын Ооганстандагы грузин аскерлерине жихады” деп аталган видеону интернетке 2013-жылдын 4-июнунда чыгарган. Кийин Youtube сайтынан ал видео өчүрүлгөн.

Видеодо грузин аскерлери менен катар президент Михаил Саакашвилинин дарегине да коркутуу сөздөрү айтылган.

"Кылмыш Абхазиянын аймагында жасалган. Өз изин жашыруу максатында Самар Чокутаев Грузиянын GSM операторлорунун USB интернет-модемдерин колдонгон", - деп кошумчалады Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нино Гиоргобиани.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG