Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

"Германияда тиш дарылоо ыкмасы башкача"


Касиет Асекова.
Касиет Асекова.

Касиет Асекова Германиянын Крефельд шаарында жашайт.

Ат-Башыда төрөлгөн кыздын Европага сапары мындан алты жыл мурда “Au Pair” деген программа менен башталган. Ал немис тилин үйрөнүп, бир үй-бүллөгө бала багуучу болуп кеткен.

- Бул программа негизи жөнөкөй. Себеби өтө көп деле эмгек талап кылынбайт. Эң негизгиси керектүү документтерди топтош керек жана немис тили боюнча А1 баскычындагы сынакты тапшырыш керек. Бул сынак Кыргызстанда болот. Андан өткөндөн кийин Германияда убактылуу жашап турганга үй-бүлө табыш керек.

Касиет программанын шарты боюнча немис үй-бүлөсүнүн балдарын карап, алар менен чогуу жашаган. Күнүнө алты саат, жумасына 30 саат гана иштеген Касиет бош убактысында тил үйрөнгөн.

- Бала карап жаткан учурда эле немис тили курсуна барсаң болот. Курстун акчасын үй-бүлө төлөп берет. Көпчүлүгү “Au Pair” программасы аркылуу акча тапканы барам деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул программа өтө аз төлөйт, айына 260 евро. Бул балким Кыргызстан үчүн жакшы акча, бирок Германия, дегеле Европада жашоо кымбат да. Бирок ошол акчаны деле өзүңө жеткирсең болот.

Касиет да баса белгилегендей, бул программанын максаты акча табуу эмес, маданият алмашуу болгондуктан үй-бүлө менен чогуу жашайсың. Ал эми чогуу жашаганда алар менен тил табышуу - эң башкы маселе. Касиет жакшы үй-бүлөгө туш болуп, алар тил үйрөнүүдө же кесип тандоодо журтташыбызга ар тараптан колдоо көрсөткөн.

- Мен жаңы келгенде тилден кыйналдым. Мага окшогон эле кыргыз кыздар-балдардын сүйлөгөнүн көрүп, "мен качан ушундай деңгээлге жетем, качан немис тилин ушундай сүйлөп калам?" деп таң калчумун. Бирок немис үй-бүлөсү жакшы болгон үчүн мага жеңил болду. Албетте, өз үй-бүлөмдү сагынганым болбосо, немис үй-бүлөсүнө тез эле көнүшүп кеттим. Азыркыга чейин ошолор менен чогуу жашайм. Экинчи үй-бүлөм болуп калган.

Башка студенттердей эле Касиет да бул программадан кийин визасын узартып, Германияда калып калууну кыялданган. Ал үчүн окууга тапшырып, Berufskolleg Vera Beckers колледжинин тиш дарылоо бөлүмүндө окуйт. Анын айтымында, Германиянын окуу системасынын дагы бир жакшы жагы - теория менен тажрыйба кошо болот. Анткени дал ушул практиканын артынан Касиет окууну бүтөөр замат жумуш менен камсыз болгон.

- Мен "Zahn Zoo Kinder Praxis" тиш дарылоо клиникасынын балдар бөлүмүндө эмгектенем. Бул жакта система башкача болгондуктан студент кезимде эле үч күн сабакка барып, эки күн ушул клиникада практикада жүрчүмүн. Үч жыл бою ушул клиникада жүрүп, окуумду бүтүрдүм. Анан клиниканын башчысы ушул жакта эле иштеп калууну сунуш кылды. Мен ойлонбостон дароо макулдугумду бердим, себеби ишиме көнүп калгам, анан негизгиси жамаатым өтө жакшы болчу. Мени да абдан сыйлап турушат. Башка эл, башка жерде алардын тилин үйрөнүп, алар менен теңтайлаша иштеп, өзүңдүн ишиңди мыкты билсең эле немистер сени колдоп, жакшы мамиле кылышат.

Жаш дарыгер Германиядагы балдардын тиш дарылоо системасы Кыргызстандагыдан толугу менен айырмалана турганын айтты. Ал жактагы дарыгерлердин негизги принциби - баланы ыйлатпоо.

- Мен иштеген жерде ар бир бөлмө бала үчүн ылайыкталган. Мисалы, оюнчуктар бар, жаныбарлардын сүрөттөрү илинип турат, телевизордон балдарга арналган берүүлөр көрсөтүлөт. Ушул сыяктуу нерселер менен баланы кызыктырабыз. Алар менен достой сүйлөшүп, жакшы мамиле жасап тиштерин дарылайбыз. Эгерде баланын каалоосу болбосо, ыйласа, анда биз эч качан баланы кыйнабайбыз. Балдар ийнеден корккону үчүн “ийне” деп айтпайбыз, анын ордуна башка сөздөрдү колдонобуз.

Касиет жашаган Крефельд шаарында кыргыздар жокко эсе. Бирок коңшу шаарларда мекендештер көп болгондуктан алар дайым чогулуп, иш-чараларды өткөрүп турушат.

Германиядагы активисттер менен
Германиядагы активисттер менен

- Германияда кыргыздар ар кандай майрамдарда чогулат. Мындан тышкары өздөрү түптөгөн уюмдары бар. Мисалы, Германияга келүүнү каалаган студенттерге жана адамдарга ар кандай маалымат берген уюмдар бар. Ошондой эле программисттердин өздөрүнүн бирикмелери бар. "Европада жашаган активисттер" деген уюмубуз да бар. Өткөндө Прага шаарында Европадагы кыргыздардын футбол турнири өттү. Айтор, Германиядагы кыргыздардын ынтымагы аябай бекем.

Дарыгердин жардамчысы болуп жаңыдан иштей баштаган Касиет Кыргызстанга келген сайын ал жактан көрүп-билгендери менен бөлүшүп турат.

Медицинасы мыкты өнүккөн Германиядан тажрыйба топтоп, келечекте Кыргызстанда бардык талаптарга жооп берген клиника ачуу анын башкы максаты.

Касиет Германиядагы үй-бүлөсү менен Кыргызстанда
Касиет Германиядагы үй-бүлөсү менен Кыргызстанда

- Жайында каникул учурунда Кыргызстанга барып семинарларды өтүп жүргөнүмө эки жыл болуп калды. Германиядагы тажрыйбамды айтып берип, бул жакта балдар клиникасында иштегендиктен көбүнчө ата-энелерге балдардын тиш ооруларынын алдын алуу, тишти сактоо тууралуу маалыматтарды берем. Кыялым ишке ашса, келечекте Кыргызстанда акыркы үлгүдөгү заманбап тиш дарылоо клиникасын ачканга аракет кылам.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG