Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Google Кыргызстанга баш бакты


Дүйнөлүк белгилүү компаниянын жетекчилик өкүлдөрү Борбор Азияда Кыргызстанга баш багышы жакшы жышаан катары бааланууда.

Дүйнөлүк айтылуу Google Inc. компаниясынын жетекчилигинин өкүлдөрү Кыргызстанга келишти. Компаниянын мүдүрлөр кеңешинин жетекчиси Эрик Шмидт баштаган топ өткөн ишембиде өлкө президенти Алмазбек Атамбаев, вице-премьер Жоомарт Оторбаев жана маалымат технологияларынын адистери менен жолугушуп, өлкөдөгү интернеттин өнүгүү абалын талкуулашты.

Компаниянын Борбор Азияда жаңы бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери, кыргызстандык Тилек Мамутов «Азаттыкка» билдиргендей, бул чоӊ корпорациянын Кыргызстандагы интернеттин кудуретине кызыгуусу жөн жерден эмес.

- Кыргызстандагы акыркы өзгөрүүлөр - демократия жараяндары жана ачыктык биздин жетекчилик кызыккан себептердин бири болушу мүмкүн. Интернеттин эркиндиги абдан маанилүү жана алар Кыргызстандын интернетинде башкы тренд болуп жатканын биз көрүп жатабыз.

Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев кыргыз бийлиги интернет үчүн эркин шарттарды түзүп жатканын белгиледи:

- Биздин өлкөнүн күчү – бул бардык бийлик бутактарынын ачык иштөөсүндө. Биздин ар бир жаран интернет аркылуу бийлик бутактары жана мекемелер кандай иштеп жатканына көз салып турса жакшы болмок. Эгер биз ачыктыкка жана бийликтин жасап жаткан иши боюнча болгон маалыматты алууга басым жасасак, биздин оюбузча, ошол өлкөгө жардам берет.

Кыргызстандын жетекчилиги өлкөгө Google’дын кеӊсесин ачууну сунуштап, ар-кандай долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын да билдиришти. Маселен, вице-премьер Жоомарт Оторбаев жакында Жогорку технологиялар паркы ачыларын айтты. Президент болсо Кыргызстан Борбор Азияда алдыӊкы инновациялык технологиялардын борбору болооруна ишеним артты.

Адистердин айтымында, коӊшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын интернет тармагы кыйла эркин өнүгүүдө.

Маалымат технологиялары боюнча эксперт Мирбек Токтогараев болсо ошол эле кезде өкмөт чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл деп эсептейт:

- Өкмөттүн чечкиндүү кадамы болуш керек, анткени биз, жарандык коом, же жөнөкөй адамдар мамлекеттин колдоосу жок бул чоӊ, перспективдүү тармакты өнүктүрө албайт. Бул жерде шериктештик болуш керек. Мамлекет, жөнөкөй адамдар жана IT адистер чогуу иштеш керек. Эгер мамлекет ошол тарапка жакшы көӊүл буруп, инфраструктура менен камсыз кылса – мектептерге чейин интернет жеткирсе, wi-fi орнотсо – көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечип коюшу мүмкүн.

Мирбек Токтогараев өлкөдө инновациялык борбор ачылса, аймактардын өнүгүшүнө тикелей таасир этээрин да кошумчалады. Анын пикиринде, интернет аркылуу жаштарды иш менен камсыздап, билимин жогорулатса да болот:

- Эгер биз Борбор Азияда интернет технологиялар боюнча алдыӊкы өлкөлөрдөн болгубуз келсе, биз ушул темптен эч калбай, ушундай деӊгээлде өнүгүшүбүз керек. Азырынча эки-үч эле ишенимдүү кадам болду. Мындан тышкары мисал үчүн, аймактарда интернетти өнүктүрүш керек. Эгер Кыргызстандын ар бир бурчунда сапаттуу, тез интернет болсо керек болсо ички миграцияны да жок кылышына алып келиши мүмкүн. Анткени жаштар, ошол эле адистер өз аймактарында отуруп, иштей берсе болот, иштегенге мүмкүнчүлүк болот.

Айтор Google компаниясынын Кыргызстанга баш багышы жакшы жышаан болду көрүнөт. Борбор Азияда өз өкүлчүлүгүн ачса, балким Кыргызстан башкы талапкер болуп калгысы бардыр деп үмүттөнүп жатышат. Ал үчүн бир катар талаптарды Кыргызстан аткарууга милдеттүү болот. Өлкөнүн салыштырмалуу эркиндиги сырттан интеллектуалдык инвестициянын агымына шарт түзүшү да мүмкүн.
XS
SM
MD
LG