Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Прокурор саясий куугунтукка кабылдыбы?


Марсбек Кыдыкбаев саясий кысымга кабылышын агасы Кубанычбек Кадыровдун ишмердиги менен байланыштырууда. (Сүрөттө: ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров (оңдон экинчи) Балыкчыдагы шайлоо күнкү тополоң учурунда, 23-июль, 2009-жыл.)
Марсбек Кыдыкбаев саясий кысымга кабылышын агасы Кубанычбек Кадыровдун ишмердиги менен байланыштырууда. (Сүрөттө: ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров (оңдон экинчи) Балыкчыдагы шайлоо күнкү тополоң учурунда, 23-июль, 2009-жыл.)

Токмок шаарынын мурдагы прокурору Марсбек Кыдыкбаев бийликтин саясий кысымына кабылганын билдирүүдө. Ал анын себебин агасы, оппозициячыл саясатчы Кубанычбек Кадыровдун ишмердигине байланыштырып жатат.

Башкы прокуратура Кыдыкбаев Токмокто прокурор болуп турганда жасаган мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын маалымдоодо.

Марсбек Кыдыкбаев агасы Кубанычбек Кадыров ушул жылы 1-мартта Ошто өткөн оппозициянын митингине катышкан соң, ага каршы басым күч алганын 2-апрелдеги басма сөз жыйынында айтып чыкты:

Агам 1-мартта Ошто митингге катышып келген соң 7-мартта мага каршы иш ачышты. Мени 23-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырышты. 24-мартта барып, тергөө башкармалыгындагы Жаныбек Салиев аттуу тергөөчү менен сүйлөшсөм, ал киши «сен агаң менен чоң саясий ишке кийлигишип алдыңар, агаң Кубанычбек Кадыров азыркы бийликтегилерди ачык жамандап жатат. Силерге Бакиевден көргөн куугунтугуңар аз болуп калдыбы, биз силерди камап-жоготобуз» деп ачык эле айтты.

Кыдыкбаевдин айтымында, суракка эч каршылыксыз келгенине карабастан аны эки күнгө убактылуу кармоочу жайга камап салышкан. Бирок Биринчи май райондук соту Кыдыкбаевди камакка алууга негиз жок деп, үй камагына чыгарат.

Кыдыкбаев мунун баары атайын буйрук менен жасалган деген ишенимде:

- Бул иш 2010-жылы август айында болгон экен. Анда Токмоктогу кылмыштарды каттаган китепчеден прокуратурадан каттоодон өткөн бир баракты милициянын жергиликтүү башчысы айрып салган окшойт. Мен бул жөнүндө билчү эмесмин, ишим да жок болчу. Ал жактагы нөөмөт бөлүмүндө кайсы иштер катталып жатат, мен кайдан билем? Бирок ошол жерде жоопкер болгон нөөмөттөгү кызматкерди, бул иштерге жоопкерчиликтүү болгон менин орун басарымды камабастан, мени эч суроо-сопкутсуз камап коюп жатышат. Бул түздөн-түз эле саясий буйрук экени көрүнүп жатпайбы.

Кыдыкбаев эл аралык уюмдарга, чет өлкөлөрдүн элчиликтерине кайрылып, саясий баш паанек сурап жатканын да жарыялады.

Анткен менен башкы прокуратуранын өкүлдөрү Марсбек Кыдыкбаев ишинде саясий негиз жок деп ишендирүүдө. Башкы прокурор Аида Салянова конкреттүү кылмыштын негизинде гана тергөө жүрүп жатканын билдирди:

- Бул жерде эч кандай саясат жок. Азыр тергөө жүрүп жатат. Мен азыр анын деталдарын айта албаймын. Бул ишти тергеп жаткан башкармалыктын башчысынан бул боюнча кененирээк маалымат алсаңар болот.

Бул ишти тергеп жаткан Башкы прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды тергөө боюнча башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев Кыдыкбаевге козголгон иштин чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, Кыдыкбаевге каршы кылмыш иши УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызмат тарабынан 2011-жылдын ноябрь айында ачылган. Анда Кыдыкбаевдин 2010-жылы ошол кездеги Токмок ШИИБинин башчысы Руслан Боргуловдун финансылык мыйзам бузуулары боюнча кылмыш ишин ачып, бирок кийин Боргуловдун сурануусу менен бул иштер жок кылганы айтылган.

Жаныбек Салиев Марсбек Кыдыкбаевге мына ушул кылмышты жашырууга болгон аракети үчүн Кылмыш кодексинин 304-беренесинин негизинде гана иш козголгонун айтат:

- Токмок ШИИБисинде акча жетпей калган факт боюнча кылмыш иши ачылып, кылмыштарды каттоо китепчисине каттоого алынган. Бирок Боргулов Кыдыкбаевден бул кылмыш ишти жок кылууну суранган соң экөө келишип, сүйлөшүп туруп бул кылмыш иштерди тытып салышкан. Учурда Боргуловго дагы айып угузулуп, ал кызматтан бошотулду.

Жаныбек Салиевдин айтымында, кылмышка катышуучу катары шектелген Токмок милициясынын мурдагы жетекчиси Руслан Боргулов бул иш боюнча көргөзмөсүн бере баштады:

- Ошол эле Боргулов азыр тергөөдө Кыдыкбаевдин макулдугу менен барактар тытылган деп көрсөтмө берди. Токмок ШИИБинен беш-алты күбө дагы, прокуратуранын кызматкерлери да ушундай иш болгон деп көрсөтмө берип жатат. Анан кайдагы куугунтук болот? Бул прокурор мыйзамды сактоонун ордуна аны тытып жок кылып жатса, ага каршы кылмыш иши ачылса кандайча куугунтук болот?

Ошондой эле тергөөчү Марсбек Кыдыкбаев жасады делген кылмыш оор кылмыштардын катарына киргендиктен аны сурак учурунда камакка алууга мыйзам жол берээрин билдирди.

Марсбек Кыдыкбаевдин агасы Кубанычбек Кыдыкбаев мурдагы бийлик тушунда оппозициячыл КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган. 2009-жылы президенттик шайлоодо Балыкчы шаарында Кадыров баштаган топ шайлоо учурунда башаламандык уюуштурду деген кине менен ага кылмыш иши козголгон.

Андан соң ошол кездеги парламент Кадыровдун кол тийбестигин алууга макулдук берген соң, ал Швецияга баш пааналап кеткен. 2010-жылы апрель окуясынан соң Кыргызстанга кайтып келип, ИИМдин биринчи орун басарлык милдетин аткарган. Бирок аз өтпөй азыркы бийлик менен мамилесин үзүп, оппозициянын катарында 1-мартта Ошто, 31-мартта Баткенде өткөн митингдерге катышкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG