Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Атамбаев: Суудан согуш коркунучу жок


Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеште. 12-сентябрь, 2012.
Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеште. 12-сентябрь, 2012.

Кыргыз президенти кошуналар менен суу ресурсуна байланыштуу согуш коркунучу жоктугун парламентте суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-сентябрда парламентке жаңы өкмөт курамынын ант беришине байланыштуу келип, өлкөнүн өнүгүү жолундагы кемчиликтер, стратегиялык багыттар тууралуу сөз сүйлөп, депутаттарды сынга алды. Парламенттеги элдешкис оппозиция президенттин сынын коркутуу катары кабыл алды.

“Уурунун арты - кууш”

Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жаңы өкмөт курамы ант берген күнү Жогорку Кеңешке келген президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүн таза иштөөгө чакырды:

- Жаңы өкмөттү дагы бир жолу таза иштөөгө чакырам. Кыргыздын “уурунун жолу - кууш” деген сөзү бар, аны унутпагыла. Мындан ары уурулардын орду темир тордун аркасында болот. Дагы бир жолу кайталайм, кээ бир министрлер, алардын орун басарлары, департамент башчыларына чейин уурулукка көнүп алганын көрүп жатабыз. Муну тамырынан тазалайбыз. Түрмөгө барбастан, уурдаганды токтоткула.

Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 12-сентябрь.
Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 12-сентябрь.
Атамбаев парламенттеги сөзүндө өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык багыттарын айтып, башкы көйгөйлөрдү атады. Мыйзамдуулук менен тартипти орнотуу аркылуу өлкө ийгиликке жетет деп эсептеген президент инвестиция тартуу өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Тоо-кен тармагына инвестиция салууга, чет элдик компаниялардын иштешине тоскоолдуктар жасалып жатканын айткан өлкө башчысы тартип коргоо жана прокуратура органдарынан сергек иштөөнү талап кылды:

- Конституцияны, мыйзамдарды аткарууга ар бир жаран милдеттүү!
Аткаминер же жумушсуз болобу, жашпы, кары болобу – ар бир жаран
мыйзамды бузса, жоопко тартылыш керек! Болбосо өлкөбүздө эч качан
тартип орнобойт, инвесторлор келбейт, экономика бутуна турбайт.


Оппозиция: “парламентте коркутпагыла”

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле баш мыйзамдын баркына доо кетирилип, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары укуктарынан аша чаап жатат деген оюн билдирди. Баш мыйзамда айрым кемчиликтери болгону менен Конституцияны өзгөртүүгө негиз жоктугун жана парламентти таратуу демилгеси пайдасыз экенин айтты.

Анын белгилешинче, өлкөдөгү ар тараптуу кризиске Конституция эмес, адам фактору күнөөлүү. Ал айрым эл өкүлдөрү парламентте мыйзам чыгаруунун ордуна, аткаруу бийлигинин ишине ченемсиз кийлигишип, сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын талашып жатканына токтолду.

Президенттин сынына «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев мындай жообун берди:

- Алмаз Шаршенович, сиз өтө көп жакшы нерселерди айттыңыз. Бирок мен да бир неселерди айтып коюуга милдеттүүмүн. Анча-мынча коркуп калган депутаттарды, эли-журтумду “ап-аптап” койгум келип жатат. Коркпогула, баары жакшы болот. Бул жерде, парламентте коркутуп сүйлөгөнгө болбойт.

“Суу согушуна коркунуч жок”

Камчыбек Ташиев ошону менен бирге Алмазбек Атамбаевди Өзбек президенти Ислам Каримовдун өткөн аптада Астанада суунун айынан согуш чыгуу мүмкүндүгү бар деп айткан сөзүнө карата пикирин сурады.

- Биздин кошунабыз, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жакынкы арада Орто Азия мамлекеттеринде суунун айынан согуш чыгып кетиши мүмкүн деп так айтты. Ал киши ким менен согушканга даярданып жатат? Ошондой согуш жүрүшү мүмкүн болсо, биздин күч, коргоо органдарыбыз, армиябыз согушка даярбы, даяр эмеспи?

Кыргыз президенти бул суроого жооп берип жатып, Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча келишимдерге Өзбекстан менен Казакстандын нааразычылыгы бар экенин, бирок Орусияга өзү ээлик кылган 50 пайыз үлүштү бул эки өлкө менен бөлүшүүнү сунуш кылып жатышканын айтты. Атамбаев ошондой эле суудан согуш чыгышына негиз жоктугун билдирди.

- Бул маселелер боюнча мен Ислам Абдуганиевичтин өзү менен да сүйлөшүп жатам. Андай коркунуч азыр жок. Балким бул сөздөр башка мамлекеттердин дарегине айтылып жатат.

Парламенттеги КСДП, "Ар-намыс", "Ата Мекен" фракциялары кураган «Ырыс алды-ынтымак» коалициясы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт курамын сунуштап, аны өткөн жумада Жогорку Кеңеш бекитип берген болчу.

XS
SM
MD
LG