Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Өкмөт бар, программа жок


Буудай тартыштыгы азыртадан эле байкалып, нандын баасы кымбаттады. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана 2011-жылдын жай мезгилинде тартылган.
Буудай тартыштыгы азыртадан эле байкалып, нандын баасы кымбаттады. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана 2011-жылдын жай мезгилинде тартылган.

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн өкмөт өлкөнүн экономикалык абалын оор деп баалады. Бул абалдан чыгуу үчүн ал кандай экономикалык саясат жүргүзөт?

Кыргызстандын быйылкы бюджети 23 млрд. сомдон ашуун тартыштык, ал эми экономикасы 5% төмөндөп баратат.

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө караганда, бюджетти каржылоо үчүн Азия банкынан сентябрда 20 млн. доллар, андан кийин Дүйнөлүк банктан 30 млн. доллар түшүш керек эле, бирок сүйлөшүүлөр создугуп жатканга байланыштуу ал каражаттар түшпөй калышы мүмкүн. Андан сырткары мурунку өкмөт 9 млрд. 500 млн. сом салыкты алдын ала алганы абалды ого бетер оорлоштурууда.

Жаңы шайланган өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ошондуктан бюджеттин абалын өтө оор деп баалады:

- 9.5 млрд. сом салык алдын ала төлөнгөн. Ал эми алына элек салыктын өлчөмү болгону 1 млрд. 200 млн. сом гана. Буга бюджеттин тартыштыгын кошсоңуздар абалыбыз кандай экенин жакшы түшүнөсүздөр.

Мына ушундай шартта жаңы өкмөт бюджетти секвестирлөөгө же кыскартууларга барат. Мындан сырткары өкмөт алдында турган негизги милдет кышка даярдык жана азык-түлүктүн кымбаттоосуна жол бербөө экенин Сатыбалдиев белгиледи.

Албетте бул кайсы өкмөт болбосун аткара турган иштер. Ал эми Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн мурунку өкмөттөн айырмасы мамлекеттик системаны эски, текшерилген ыкмалар менен ишке киргизүү аракети болмокчу. Аны Сатыбалдиевдин эки баскычтуу бюджеттик системаны жоюп, аким, губернаторлордун ролун күчөтүүгө умтулуусунан көрүүгө болот:

- Эки баскычтуу бюджет менен биз бийлик вертикалын жоготуп койдук. Ошон үчүн бул жагын карап көрөлү. Акылдашалы.

Ошондой эле Сатыбалдиев Өнүктүрүү банкы сыяктуу мурунку өкмөттүн реалдуу каражат менен бекемделбеген долбоорлорун токтотуп, негизги көңүлдү бюджетти жана кырдаалды турукташтырууга багыттамакчы. Ал эми экономиканы көтөрүү боюнча Жантөрө Сатыбалдиевдин программасы мындан үч ай мурун эле даярдала баштаган экен, бирок ал азырынча толук жарыяланган жок. Ал программа 3 айдан кийин өкмөттүн структурасы өзгөргөндө жарыяланары күтүлөт.

Кыргызстандын либералдык чөйрөгө жакын экономисттери Сатыбалдиевдин багыттарын сынга алууда.

Маселен, экономист Азамат Акелеев Жантөрө Сатыбалдиев программа эмес, декларациясын жарыялады дейт:
Жыйырма жылдан бери реформа жасай берип, жаңы программаларды жаза берип, эч кандай натыйжа чыккан жок
- Ошол декларацияларды карап көрсөк, бийлик вертикалын күчөтөбүз деп жатат. Мен буга макул эмесмин. Бул туура эмес деп эсептейм.

Акелеев ошондой эле эки баскычтуу бюджеттен кетүүнү да туура эмес деп эсептейт. Анын пикиринде мындай кадам жергиликтүү бийликтердин өз алдынчалыгына терс таасирин тийгизет.

Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев бул өкмөт эч кандай реформага жөндөмдүү эмес дейт:

- Мунун программасы жок деп эсептеш керек. Бул саясий интригадан улам келген өкмөт. Эч нерсе жасай албайт. Сегиз-он ай туруп, андан кийин кайрадан жаңжалдар чыгат болуш керек.

Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев реформаларга карата мындай көз карашын билдирген эле:

- Жыйырма жылдан бери реформа жасай берип, жаңы программаларды жаза берип, эч кандай натыйжа чыккан жок. Ошон үчүн азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштөө - менин программам.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев бул өкмөт практикалык иштерге көбүрөөк көңүл бурат дейт:

- Бул өкмөт мурункудан жумуш менен айырмаланат. Жалаң эле кагаз жүзүндө болбойт. Жантөрө Сатыбалдиев тажрыйбасы мол практик катары кагазга ишенбейт, жумушту сурайт. Ошон үчүн бул өкмөт мурункуга караганда жемиштүүрөөк иштейт.

Кандай болгон күндө да депутаттар Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнө ишеним көрсөтүп, 111 добуш менен шайлап берди. Ал эми Кыргызстан калкынын ишеничин алуу үчүн практикалык иштер жана натыйжалар талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG