Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:25

«Ырыс алды - ынтымак» коалициясы түзүлдү


Үч фракциянын лидерлери коалициялык келишимге кол коюуда. Жогорку Кеңеш, 3-сентябрь, 2012-жыл.
Үч фракциянын лидерлери коалициялык келишимге кол коюуда. Жогорку Кеңеш, 3-сентябрь, 2012-жыл.

3-сентябрда Жогорку Кеңеште үч фракциядан турган «Ырыс алды ынтымак» коалициясы түзүлдү.

Социал-демократтар, "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан түзүлгөн коалиция менен кызматташуу келишимине 15 депутаттан турган топ да кол койду. Жаңы түзүлгөн коалиция өкмөт башчылыкка президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди талапкер катары чыгармай болду.

Үч фракциянын "Ынтымагы"

Президенттен коалиция куроо мандатын алган Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков жаңы парламенттик көпчүлүк куралганын Жогорку Кеңеште жарыя кылды.

- Бир канча күндүк кеңешүүлөрдөн кийин «Ырыс алды - ынтымак» деген коалициянын келишимин түздүк. Буга үч фракция кирди. Андан тышкары эки депутаттык топ менен кызматташуу боюнча коалициялык көпчүлүк келишимге кол койду.

Мыйзам боюнча коалицияга фракциялар гана мүчө боло алат. «Республика» жана «Ата-Журт» фракциялары парламенттик оппозицияда калганына байланыштуу ал фракциялардын 15 депутаттан турган тобу коалицияга кирбей туруп, бирок кызматташуу келишимин бекитишти.

Ага «Республика» фракциясынан Канатбек Исаев, «Ата-Журттан» болсо Хажимурат Коркмазов кол койду. Хажимурат Коркмазов парламенттик көпчүлүктү туруктуулук үчүн колдоп жатканын айтты.

“Республика” фракциясынын мурдагы төрагасы, депутат Канатбек Исаев да ушундай эле пикирин билдирди.

- Биздин «Республика» фракциясынан сегизге чукул депутат бул топко киргенге даяр. Буга кирүүгө эшик ачык, күндөн-күнгө алардын саны көбөйүшү да мүмкүн. Биз Кыргыз мамлекетинде туруктуу коалиция түзүлсүн деп көпчүлүктү түзгөн фракциялардын багытын колдоп жатабыз. Ошондой эле мыйзамдарды кабыл алууга жалпы депутаттардын үчтөн эки добушу керек. Ошол себептен бул коалиция жемиштүү болсун деген максатта ушундай чечим кабыл алдык.

Коалициялык көпчүлүктү колдогон Канатбек Исаевди “Республика”, ал эми Хажимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобаевди “Ата-Журт” фракциялары кетирген саясий катачылыктары үчүн өз катарынан чыгарганын буга чейин жарыялашкан.

Өкмөт качан бекийт?

«Ырыс алды - ынтымак» коалициясы ушул эле күнү жаңы өкмөттүн курамын парламентке алып чыгуу тапшырмасын өкмөт башчылыкка талапкер, буга чейин үч фракциядан колдоо тапкан Жантөрө Сатыбалдиевге тапшырды. Ал жаңы өкмөт курамын эки күндүн ичинде парламентке алып чыгары айтылды. Анын талапкерлигин өкмөт башчылыкка Социал-демократтар фракциясы сунуштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев
Жантөрө Сатыбалдиев
«Ар-намыс» фракциясынын башчысы Феликс Кулов зарылчылык болбосо, жаңы жылга чейин өкмөт курамын сөзсүз эле алмаштыруу зарылчылык жок деп табышканын билдирди. “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев болсо, “Республика” фракциясынан дайындалган өкмөт мүчөлөрү кызматтарында калышы мүмкүн экенин белгиледи:

- Премьер-министрге да өзгөчө укук берилди. Ал фракциянын кызматка сунушталган талапкери менен макул болбой койгонго толук укуктуу. Андай учурда фракция жаңы талапкер сунушташ керек болот. Мурдагы премьер-министрде мындай укук болгон эмес. Ошентип көпчүлүктүн “коалиция бийликти, майлуу жерлерди бөлүштүрүш үчүн гана тарады” деген сөздөрү туура эмес болуп чыкты. Эгер “Республика” фракциясынын өкмөттөгү өкүлдөрү жакшы иштеп жаткан болсо, алар кызматта калышы да мүмкүн. Муну келечектеги премьер-министр чечет.

Коалициялык көпчүлүктүн төрагалыгына болсо, Феликс Куловдун талапкерлиги сунушталууда.

Бийлик бир колго топтолдубу?

Ал эми “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров “Азаттык” менен маегинде билдиргендей, аларга коалицияга кирүү боюнча расмий сунуш болгон эмес. Бирок сүйлөшүүлөрдө парламенттик көпчүлүк саясий топтордун эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшү керек деп демилге көтөргөнүн билдирди.

Ал бийликти бир колго топтоо жүрүп жатат деп эсептейт.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров
- Акаевдин бийлиги сегиз жылдан кийин көзүн май басып, эл менен эсептешпей баштаган. Бакиевдин бийлигинин көзүн эки жылдан кийин май баскан. Ага чейин эл менен эсептешип турган. Бул бийликтин көзүн эки айдан кийин эле май басты. Эл менен эсептешпей калды. Мисалы, спикер да, премьер-министр да, президент да КСДП фракциясынан болсо, анда булардын “Ак жолдон” эмне айырмасы бар? Булар өздөрү “Ак жол”, “Ак жол” деп кыйкырып жүрбөдү беле.

Парламентке каршылар митингге чыкты

Ушул эле күнү парламент алдына өзүн Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча демилгелүү топ атаган он чакты адам митинг өткөрдү. Алардын бири - Ырыспай Сарногоев өз демилгесин мындайча негиздеди.

Парламент тарасын дегендердин митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00
- Таркатуунун себебин көрүп турасыздар, 120 депутат эмне жасап жатат? “Катын ушак”, папке талашмай, жумуш талашмай, өздөрүнүн адамын кызматка коймой менен алек. Биз Жогорку Кеңешти ушун үчүн шайладык беле!? Кана өкмөттү оңдойм деген депутат? Бири да соо эмес. Биз ошон үчүн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарашын талап кылабыз.

КСДП, “Ата Мекен, “Ар-намыс” жана “Республика” фракцияларынан турган “Биримдик” коалициясы эки апта мурда андан “Ар-намыс” жана “Ата Мекен" фракциялары чыгып кеткенден кийин тараган. Ага ылайык өкмөт да отставкага кетип, премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 1-сентябрда биротоло кызматынан кеткен болчу. Ал өз кайрылуусунда мурдагы эки коалиция айрым саясатчылардын жана саясий топтордун кызыкчылыгына садага чабылып кетти деп эсептээрин, өзү болсо мындан ары да саясатта кала берерин айткан.

XS
SM
MD
LG