Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Жантөрө Сатыбалдиев ким?


Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Жантөрө Сатыбалдиевдин тегерегинде коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. "Азаттык" анын саясий бейнесине көз салып көрдү.

Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Кесиби - жол куруучу. Эмгек жолун 1979-жылы баштап, 1992-жылы транспорт жана байланыш министринин орун басары, 1996-жылы Бишкек-Ош автожолун реконструкицялоо жана ишке киргизүү дирекциясынын башкы директору болуп иштеп, 1997-жылы министрлик орунга отурган. Андан кийинки жылдары эки ирет Жогорку Кеңештин депутаты, үч ирет вице-премьер министр болгон.

Жантөрө Сатыбалдиев узак жылдык катаал саясий күрөштүн жемишин эми көрүп жаткан азыркы коалициялык бийлик лидерлерине да чоочун эмес. Ал март ыңкылабынан кийин шайланган парламентте демократиялык өнүгүүгө ыктаган саясатчылардын “Эл менен” депутаттык тобун башкарып туруп, кийинчерээк азыр бийликте турган саясий күчтөрдүн лидерлери түзгөн “Реформа үчүн” оппозициялык кыймылына мүчө болгон.

2007-жылы ноябрда апогейине жеткен бул оппозициялык кыймыл жылдын этегинде алсызданып, кийинчерээк анын Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу мүчөлөрү Бакиев сунуштаган кызматтарга кетишкен. Курманбек Бакиев оппозициялык саясатчыларды, анын ичинде Жантөрө Сатыбалдиевди да өз бийлигин бекемдөөгө пайдаланып, бирок, өзүнүн командасында санаган эмес деген пикирлер айтылып келатат.

Мына ушундай көп кырдуу тажрыйбасын, саясий салмагын эске алган парламенттеги коалициялык көпчүлүк Сатыбалдиев бүгүнкү фракциялары ыдырап турган парламентти, түндүк-түштүк маселесин курал кылгысы келип жаткан оппозицияны ийге келтирип, бардык тарапты ымалалаштыра алат деп ишендирүүдө. Тандалган саясатчынын дагы бир утушу ошондой эле парламентте өз фракциясынын жоктугу болууда.

Мындай пикирин “Азаттыкка” Коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди:

- Айлакер десең айлакер, куу десең куу, дипломат десең дипломат саясатчы. Буга чейин үч президенттин тең күнү кыйын кездерде Жантөрө Сатыбалдиевге түшкөн экен.

Буга далил катары Текебаев Сатыбалдиев Аскар Акаев бийлиги тушунда президенттин энергетика коопсуздугу боюнча вице-премьер министр деңгээлиндеги өкүлү, Курманбек Бакиевдин убагында президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү – Ош облусунун губернатору, Роза Отунбаеванын убагында июнь окуясынан кийин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын вице-премьер министр деңгээлиндеги жетекчиси болуп иштегендигин келтирет.

Анткен менен коомчулукта Сатыбалдиевдин артында мыйзамсыз иштерге аралашкан деген сөз ээрчип жүрөт. Маселен, “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатов “Азаттыкка” берген интервьюсунда жаңы тандалып жаткан премьер Бишкек-Ош автожолун куруудагы, Ошту калыбына келтирүүдөгү фактыларды текшерсе эле “коррупциянын башы чыгат” деп билдирди.

Сатыбалдиевдин тарапкерлери болсо мындай дооматтарды юридикалык негизи жок, саясий кызыкчылыгы бар карандай жалаа деп жуутушпайт. Мындай пикирин “Азаттыкка” “Кыргызтрансжолдолбоор” институтунуну директору Жамшид Калиев билдирди.

Ал эми Өмүрбек Текебаев жаңы өкмөт башчы коррупцияга аралаша албайт деген ишенимде:

- Жантөрө Сатыбалдиев кичине кылт этсе эч ким аябай турган өзгөчө позицияда. “Камикадзедей” оор кырдаалда келгенин, аны эч ким аябасын жакшы түшүнөт. Мен жоопкерчилик менен айтам: эгер Жантөрө Сатыбалдиев жакшы иштебесе, коррупциялык схемаларга аралашканынын чети эле билинсе “Ата Мекен” фракциясы аяп отурбайт. Башка фракциялар деле ошентет деп ойлойм.

Жантөрө Сатыбалдиев өзү болсо "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында коррупциялык схемалар менен күрөшөм деп убада берди. Анткен менен жергиликтүү талдоочулар Сатыбалдиевди акактай таза саясатчы деп айтууга болбой тургандыгын айтып жүрүшөт.

Алардын бири Марат Казакпаев:

- Бу киши Совет убагынан бери, Акаевден бери иштеп атат. Реформатор деп да айта албайбыз. Мисалы, Бакиев учурунда иштеп атканда коррупцияга аралашты деп айыпталбадыбы. Ошон үчүн таза өкмөт башчы, таза мамлекеттик ишмер деп баары бир айта албайбыз.

Талдоочунун баамында, коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялар Сатыбалдиевди коррупцияга каршы күрөшүү үчүн эмес, кризистик кырдаалдан чыгуу үчүн техникалык милдеттерди аткартууга алып келди.

Ошол эле мезгилде көшөгө артында саясатчылар жаңы келген өкмөт жарым, же бир жылдан узак иштээрине ишенбей турушат. Жергиликтүү талдоочулар болсо депутаттар тынчын албаса Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн саясий кадырын сактоо үчүн саясий-экономикалык кырдаалды турукташтырууга буга чейин топтогон тажрыйбасын жумшап, тыянак чыгарууга аракет кылат деген божомолдорун айтып жатышат.

Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин Жантөрө Сатыбалдиевди өз администрациясына аппарат башчы кылып алып келген. Ал 56 жашта. Эч кандай партияга мүчө эмес. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG