Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Ажылыктан куру калгандар арбыды


Кыргызстандык зыяратчылар 11-октябрдан тарта кезек-кезеги менен Сауд Арабияга жөнөп жатат.
Кыргызстандык зыяратчылар 11-октябрдан тарта кезек-кезеги менен Сауд Арабияга жөнөп жатат.

Быйыл ажылык зыяратка ниет кылып, бирок бара албай калган адамдардын саны дээрлик 3 миң адамды түзүүдө.

Муфтият муну быйыл Меккеге барууну каалагандардын көп болгондугу менен түшүндүрүүдө. Ал эми ажылык сапардан куру калган адамдардын айтымында, бул муфтияттын ажылыкты туура уюштура албагандыгынан улам келип чыккан.

Ажы болгусу келгендер көп, орун аз

Жалал-Абад облусунун тургуну Рустам Абрасуловдун айтымында, каражатын камдап отурган көп адамдар быйыл ажылыктан куру калды.

- Бир аксакал 70 чакты коюн саткан экен. Дагы бирөөсү арзан болуп жатканына карабай, ажыга барып келейин деген ниет менен пахтасын саткан. 5-10 тоннага чейин пахтасын саткандар болду.

Ал эми ноокендик Алымжан Бекназаровдун билдиришинче, Ноокен району боюнча быйыл жалпысынан 140тай адам ажылыкка барууга ниет кылган. Бирок алардын ичинен болгону 20 чактысы гана ажылыкка кетип жатат. Алымжан Бекназаров бул квотаны жылдагыдай облус, райондорго бөлүштүрбөгөндөн улам чыкты деп эсептейт:

- Бизге быйыл квота жетпей калды. Ар жылы биздин Жалал-Абад облусуна 1,5 миңге чейин квота бөлүнчү. Быйыл болсо 7 ажы башчыга 80 ден гана орун берип койду. Бул 560 адамга гана жетип, калган миңдей адам бара албай калды.

Учурда Жалал-Абад облусунан ажыга жөнөп жаткандардын саны 795 адам. 2010-жылы болсо бул облуска 1100 ажылык орун бөлүнгөн болчу.

Борборлоштурулган тартиптеги ажылык

Быйыл ажылык сапарды муфтияттын алдында түзүлгөн “Ажылык жана умра” борбору уюштуруп жатат. Алардын айтышынча, уюштуруу иши бу сапар борборлоштурулган тартипте өтүп жаткандыктан, орундар мурда болуп келгендей аймактарга бөлүнгөн эмес.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Мамбеталиев буларды билдирди:

- Жылда ажылыктын мезгили келгенде облустарга бөлүнүп берилчү. Бирок азыр борборлоштурулган система болуп, ажы башчылар гана дайындалат. Ошол ажы башчыларга адамдар келип жазыла беришет.

Жогоруда белгиленгендей, “Ажылык жана умра” борборунан лицензия алган ажы башчылар зыяратка барчулардын тизмегин өздөрү толтурган. Ал эми ажылыкка бара албай калгандардын көптүгү быйыл Меккеге барууну каалаган кыргызстандыктардын арбын болгондугу менен түшүндүрүлүүдө. Жыл сайын Сауд Арабастан Кыргызстанга беш миңдин тегерегинде гана ажылык орун бөлүп келатат. Адистердин айтымында, мурдагы жылдары бул орундар араң гана толуп жүргөн.

Сегиз миң адам ажыга барууну каалайт

Муфтияттын алдындагы “Ажылык жана Умра” борборунун уюштуруу кеңешинин мүчөсү Бакыт Нурдинов ажыга баруу үчүн 8 миңге чукул кыргызстандык арыз бергенин билдирди.

-Мындай болот деп күтүлгөн эмес. Быйыл 2011-жылы ажыга баруу үчүн арыз менен кайрылгандардын саны 8 миңдей болду. Быйыл 5 миң гана квота болгонуна байланыштуу 3 миңдей киши арыз берип, бирок бара албай калды.

Быйыл ажылыкка барууну каалаган кыргыз улутундагылардын саны арбыган. 2009-жылы алардын саны 900дүн тегерегинде гана болсо, быйыл 2000ге чукул кыргыз улутундагы жарандар Меккеге жөнөп жатат. Ошондой эле быйыл ажыга кетип жаткан өзбек тектүү жарандардын саны 2130, дунгандар 460, калганы башка улуттун өкүлдөрү.

Меккени самагандардын саны неге көбөйдү?

Муфтият бу сапар ажылык коррупциядан алыс болуп, Меккеге бир гана Кыргызстандын жарандары жөнөп жатат деп ишендирүүдө. Анткен менен мындан күмөн санап жаткандар да жок эмес. Ошондой эле диний башкармалык быйыл ажылыктан куру калгандар, кийинки жылы кезекте алдыңкы орундарга коюларын убада кылууда.

Байкоочулар ажылыкка жөнөп жаткандардын көптүгүн ар кандай себеп менен түшүндүрүшүүдө. Диний серепчи Самаган Мурзуибраимов чет өлкөдө иштеп жүрүп, бутуна турган кыргыз мигранттар кийинки кездери ата-энелерин ажылыкка жөнөтүп жаткандыгын айтууда.

- Намаз окуп, динге көп берилбеген учурда деле, ажыга барып келүүнү ыйык бир иш катары карашат. Ошондой эле Кыргызстандан тышкары жүргөн жаштар ата-энелерин ажыга жөнөтүп жатышат.

Кыргызстандыктар Меккеге 11-октябрдан тарта учуп башташкан. Ажылык жана умра борбору бүгүнкү күнгө карата ажылардын тең жарымы Сауд Арабстанга учуп кеткенин билдирди.
XS
SM
MD
LG