Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Ажылык: башталбай жатып чуу чыкты


Тандалган ажы башчылардын бири сертификат тапшыруу учурунда. (Сүрөт "Ажылык жана умра" борборунун сайтынан алынды.)
Тандалган ажы башчылардын бири сертификат тапшыруу учурунда. (Сүрөт "Ажылык жана умра" борборунун сайтынан алынды.)

Ажылыкты уюштуруу иши кайрадан коррупциялык аракеттер менен коштолуп жатканы айтылууда.

Ошол эле кезде уюштуруучулар мындай дооматтарды четке кагып, ажылыктан акча табууну максат кылгандардын иши деп баалоодо.

Сынга кабылган борбор

Ош шаарынын тургуну Шүкүрбек Жураев быйылкы ажылыкта да коррупциялык иштерге жол берилип жаткандыгын айтууда. Бул үчүн ал муфтияттын алдындагы “Ажылык жана умра” борборун айыптоодо. Жураевдин белгилешинче, ажы башчылар Меккеге барып келүү үчүн ар бир адамга 2100 доллар чыгымдалат деп “Ажылык жана умра” борборуна сунуш кылышкан. Бирок аталган борбор быйылкы ажылыктын чыгымы ар бир адамга 2600 доллар деп көрсөтүп жаткандыгын айтууда..

-“Ажылык жана умра” борборунун деректири Чубак Жалилов ажылыктын баасын быйыл 2600 долларга чейин көтөрүп жиберди. Нааразычылык ошондон улам башталды. Ал эми 17 адам мусулмандардын атынан “Ажы жана умра” деген борбор түзүп, өздөрү устав, ажылыктын чыгымдарын бекитип алышкан. Ушул борбордун бир жылдык чыгымына деп, ажыга барган ар бир зыяратчыдан 260 доллар алынууда.

Жураев буга чейин үч ирет ажы башчы болуп, Меккеге зыяратчыларды алып барып келген экен. Быйыл да сынактан ийгиликтүү өткөн. Анткен менен ажы башчыларды тандоо да калыс өткөн жок деп эсептейт.

- Сынак туура эмес өттү. Кыска мөөнөттө болуп, эч ким ал жөнүндө билген жок. Өтө ыплас, начар деңгээлде, коррупциялык системада өттү.

Ажылыктан акча жасагысы келгендер бар

Быйыл мыйзам аркылуу ажылыкты уюштуруу иши Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына жүктөлүп, муфтияттын алдында “Ажылык жана умра” борбору түзүлгөн. 17 адамдан турган бул борбордо парламенттеги беш фракциядан бирден депутат, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана муфтияттын кызматкерлери бар. Борбордун деректири болуп муфтий Чубак ажы Жалилов шайланган. Ал жогорудагыдай айыптоолорго макул эместигин айтууда.

- Былтыртан бери “лөк” болгон адамдар бар. Алар аяктан, бияктан адамдарды салып, мени жамантты кылгысы келип жатат. Себеби ажылыктагы акчаны бардыгы алгысы келүүдө. Ажылыктын чыгымдарынын баасы “андай болуш керек, мындай болуш керек” дегендердин баары мурда акчаны белине түйүп алышчу. Биз азыр ар бир тыйынды банкка төлөгөнгө милдеттендирсек, ошол акчадан кол жууп кала тургандай болушууда.

Муфтийдин айтымында, быйылкы ажылыкка бычылган 2600 доллар деген баа акыркы чечим эмес. Муфтий азыр өкмөт башчыны ортого салып, түркиялык авиа компаниялар менен арзан баруунун жолдору изделип жатканын кошумчалады. Ал эми ажы башчыларды тандоодо билимине жана таржрыйбасына көңүл бурулганын белгилеп, Кыргызстанда быйыл биринчи ирет ажы башчылар сынак түрүндө тандалып алынганын билдирди:

- Биз алардын кыргыз тилин, араб тилин жана ажылыкка тиешелүү иштерди билгенине көңүл бурдук. Андан сырткары, мурда ажы башчы болуп баргандыгына, тажрыйбасына көңүл бурдук.

Мурдагы ажылыктын сабактары

“Ажылык жана умра” борбору ажы башчыларды тандоо конкурсун өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү жүргүзгөн. Ага жалпысынан 154 адам катышып, 51 ажы башчы тандалып алынган.

Ал эми “Ажылык жана умра” борборунун мүчөсү, Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов ажыга барып келүү борбордун жалпы жыйынында чечилгенин билдирди. Ал ажылык сапардын наркы 300 долларга чейин төмөндөп калышы мүмкүн деген ойдо.

- Былтыркы ажылыктын чыгымынын баалары 2300 доллар болгон. Быйылкы чыгымдарды Ажылык борбордун уюштуруу кеңеши жана депутаттар менен бирдикте, ар бир пункт каралып, бекитилген. Болгону авиакаттамдагы 300 доллар алынышы мүмкүн. Ал эми ажы башчылар 2100 долар болуш керек дегенди эмнеге таянып айтып жатышкандыгын билбейм. Ошону айта албай жатышат.

Буга чейин ажылыкты уюштуруу ишин бирде муфтият аткарса, бирде өкмөт өз мойнуна алып келген. Былтыркы жылы өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча комиссия уюштуруп, чет элдиктерге ажылык жолдомолордун сатылышы ачыкка чыкканы айтылган. Аны иликтөөгө алган парламенттик комиссия ажылык сапардагы коррупциялык иштерге жогорку кызматтагы жетекчилердин да катышы барлыгын ачыктап, андан бери эле дегенде 4-5 миллион доллар пайда көрүшкөндүгү айтып чыгышкан. Бул боюнча кылмыш иштери ачылып, алар бүгүн да акырына чыга элек.

Чет өлкөлүк тажрыйба керек

Дин маселелери боюнча эксперт Бакыт Мурзубраимов ажылыкты уюштурууда өкмөт да, муфтият да чабалдыгын көрсөтүп келди, андыктан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү керек деп эсептейт.

- Ажылыкты уюштурууда бизде эки гана мекеме бар да, муфтият жана өкмөт. Бирок буга чейин байкалып калды, экөөсү тең бул ишти так, даана, ачык-айкын алып бара алган жок. Бирок ажылык сапарды уюштура турган кайра эле ушул экөө болгондуктан, анда иштеген адамдарды башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алмаштырыппы, же окутуппу, башка бир аракеттерди кылып көрүш керек.

Сауд Арапстан Кыргызстанга жыл сайын 4500 жолдомо бөлөт. Бирок байкоочулардын айтымында, ушул күнгө чейин булардын канчасына кыргызстандыктар өздөрү барат, канчасы сатылат, белгисиз болуп келүүдө.
XS
SM
MD
LG