Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 21:08

Дарыгерлерди түйшөлткөн реформа


Бишкектеги ооруканалардын бири. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына каршы болууда.

Зууракан Жусуева шаардагы №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда терапевт болуп иштейт. Ал "Саламаттык сактоо министрлиги медицина борборлорун реформалоодо кызматкерлердин үнүн укпай жатат" деп нааразы.

Зууракан Жусуева.
Зууракан Жусуева.

- Дарыгерлерден “Ушундай кылып өзгөртсөк кандай болот?” деп сурабай эле өйдө жактан мыйзамдарды кабыл алып коюп атышат. Кийин гана “силер ушундай тартипте иштейсиңер” деп айтышат. Ага чейин маалымат үчүн эч кандай жыйындарды, конференцияларды өткөрүшпөйт.

Министрликтин соңку иш-аракетине нааразы болгон бир топ дарыгерлер парламент имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар "реформа деген шылтоонун артында дарыгерлерди азайтуу кызыкчылыгы бар" деп кооптонуп жатышат. Алар буга чейин да ушундай эле талап менен нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Деген менен министрликтин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов дарыгерлердин чочулоосун четке кагып, эч ким жумуштан алынбай тургандыгын билдирүүдө. Ал тескерисинче үй-бүлөлүк медицина борборлоруна 791 дарыгер жетишсиз экенин белгилеп, маселенин төркүнүн башкага бурду:

- Дарыгерлердин саны азайтылбайт. Себеби, азыр калктын саны көбөйүп жатат. Министрликте кайсыл аймакка канча дарыгер керек экендиги тууралуу бардык маалымат бар. Ошондуктан кыскартуу болбойт. Дарыгерлердин көбү “Педиатр, терапевт, гинеколог кантип үй-бүлөлүк дарыгер болуп кызмат көрсөтө алат?” деп кооптонуп жатышат. Азыр жүрүп жаткан иштер - 1997-жылдан бери эле келаткан саясат.

Министрликтин маалыматына караганда, Бишкекте 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Буга чейин алар дары-дармек, медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн өзүнчө тендер өткөрүп, каржылык иштерин да өз алдынча жүргүзүп келген.

Эми шаардын төрт районунда бириктирилген төрт борбор түзүлүп, финансылык маселенин баары ушул борборлордо чечилет жана дарыгерлердин да иш тартиби өзгөрөт. Ал эми калган 19у филиал болуп калат. Министрлик бул аркылуу чыгашаны 40 пайызга чейин үнөмдөөнү көздөп жатат.

Бирок дарыгерлер жаңы иш тартибине макул эмес. Гинеколог Айсалкын Жунусалиева анын себебин мындайча түшүндүрдү:

Айсалкын Жунусалиева.
Айсалкын Жунусалиева.

- Терапевт адамды сегиз ай чала-бучук окутуп туруп, бүт бардык ооруларды караган универсалдуу үй-бүлөлүк дарыгер кылганы жатышат. Мындай болбойт. Биз бүт тармакты беш колдой билгидей робот эмеспиз да. Мисалы, кичинекей баланы карай албай, туура эмес дары жазып берип, менин айымдан ден соолугуна зыян келсе же өлтүрүп алсам эмне болот? Мен ушундан коркуп жатам.

Бир эле учурда бир нече адистин милдетин аткарган үй-бүлөлүк дарыгерлер айрым аймактарда иштеп жатат. Ал үчүн атайын окуудан өтүп сертификат алуу зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги “үй-бүлөлүк дарыгер” деген тастыктамасы бар дарыгерлердин айлыгына кошумча каражат кошуларын билдирди.

Элвира Болотбекова Военно-Антоновка айылында ушундай жаңы ыкма менен иштей баштаган. Бирок ал минтип иштөө бир топ оор экенин айтты:

- Биз гинеколог, педиатр, терапевт болобу, бардыгыбыз бейтаптарды чогуу кабыл алабыз. Жаш бала, кары адам, аял киши же эркек киши келеби, баарын карайбыз. Бизге бул система киргенине көп болду. Ал эми Бишкек шаарында азыр педиатр балдарды, терапевт чоң кишилерди, гинеколог аял кишилерди карайт. Ушул система эң жакшы система. Медицинада дарыгерлерди аз убакытта эле окутуп коюу кыйын. Бир эле дарыгер жаш балдарды карап, андан кийин кары адам келсе, аны карап жетишүү абдан оор.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Аида Исмаилова министрликтин бул ишин “мыйзамсыз” деп эсептейт.

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

- Саламаттык сактоо министрлиги №227 токтомго таянып легитимсиз иш кылып жатат. Бирок бул токтомго ылайык алар алгач Финансы министрлиги менен бирге экономикалык экспертиза жүргүзүп, андан соң өкмөткө сунуштама киргизиши керек болчу. Ал эми “оптимизациялоо” боюнча буйрук жайында эле чыгып калыптыр. Азыркы иштердин баарын андан кийин гана жасашууда. Тилекке каршы, бул иш ойлонулбай башталып, жөн гана “биз реформа жасап атабыз” деп көрсөтүү үчүн гана болуп жатат. Бул реформа эмес.

Бул маселе парламенттин тиешелүү комитетинде талкууланып, мекеме аралык комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алынган. Учурда Бишкектеги 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 3296 дарыгер иштейт. Саламаттык сактоо министрлиги алардын орточо айлык акысы 12 миң сом экенин билдирди. Ал эми окууну жаңы гана бүтүп келгендердин айлыгы беш миң сом.

Дарыгерлер министрликке нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG