Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Aраб жана фарси миниатюраларындагы кыргыздар


Байыркы кыргыздардын арстандарга аңчылыгы, "Бабур-наме" китебиндеги миниатюрадан.
Байыркы кыргыздардын арстандарга аңчылыгы, "Бабур-наме" китебиндеги миниатюрадан.
Мындан мурдараак Захруддин Бабур жана аны менен чогуу жүргөн, ал гана эмес Индияга чейин чогуу барган тарыхый кыргыздар тууралуу сөз кылган элек. Байкашыма караганда көптөгөн окурмандар үчүн Бабур падышаны коштоп жүргөн кыргыздар тууралуу маалымат жаңылык катары кабыл алынып, ошону менен бирге айрым бир жүйөөлүү суроолор да пайда болду окшойт. Маселен, Бабур падышанын тун уулу император Гумаюн калпак кийгени чынбы, эгер чын болсо ага далил кайда?- деген суроо пайда болду. Ошол эле мезгилде араб жана фарси миниатюраларында байыркы кыргыздардын сүрөттөрү көп дегениңиз чынбы, чын болсо ал сүрөттөрдү кантип жана кайдан көрүүгө болот деген суроолор да чыкпай койгон жок.

Башкача айтканда, Бабурду жандап жүргөн кыргыздар, алар кийген ак калпак кайсы тарыхый булактан алынды жана ал булактар канчалык деңгээлде ишенимдүү жана чындыкка туура келет деген суроолор мага көп берилди. Ошондуктан бул жолу кыргызды кыргыз кылып тааныткан ак калпакка, ак калпак кийген кыргыздардын байыркы араб жана фарси миниатюраларында кездешкени тууралуу сөз кылалы.

Биз, кыргыздар, өзүбүздү өзүбүз көп сындайбыз, кээде жан ачыта турган катуу сөздөрдү да айтабыз - ал туура эле нерсе. Ошону менен бирге биз сыймыктана турган нерселер да, кудайга миң мертебе шүгүр, көп эле. Кыргыз деген атыбызды сактап, жазуу-чийүүбүз жок болсо да маданиятыбызды сактап, ата-бабаларыбыздын аты-жөнүн эч качан унутпай, үй-бүлө, урук-тууган, жек-жаат дегенди эч качан унутпай, кыз алып же кыз берсек, аны кылымдар бою эсибизге сактап, ошентип чоң маданиятка жеткенбиз. Айрыкча, үй-бүлө ичиндеги, урук-туугандардын арасындагы биздекидей маданият, бири-бирибизден ийменүү, улууга урматты, кичүүгө ызаатты көрсөтө билгенибиз дүйнө жүзүндө да өтө сейрек кездешкен чоң маданият десек эч бир аша кетпейбиз.


Ошол биздин кыргыз экенибизди билдирген эң негизги белгибиз - биздин ак калпак экен. Эгер ошол ак калпак болбогондо байыркы миниатюраларда, эски китептерде, айрыкча араб жана фарси сүрөттөрүндө кыргыздар да тартылып калганын кайдан билет элек? Мен буга Өзбекстандын Илимдер Академиясынын эң бай миниатюралар коллекциясын көргөндө бир билдим. Орто кылымдардагы араб жана фарси миниатюраларында ак калпак кийген кыргыздар чынында да абдан көп. Ошол араб миниатюраларынын бир канчасы Оксфорд университетинин миниатюралар коллекциясында, Америкадагы Жон Хопкинс университетинин китепканасында сакталуу.

Ошол ак калпакчан кыргыздардын сүрөтү тартылган миниатюралардын бир катары мен жогоруда сөз кылган Захреддин Бабурдун Оксфорд университети тарабынан англис тилинде басылган “Бабур-наме” китебинде иллюстрация иретинде басылган. Китепти атактуу түрколог Уилер М. Трэкстон редакциялап, эски чагатай тилинен эң чоң тактык менен англис тилине которуп, Бабурдун, анын уулу жана мураскору император Гумаюндун өтө сейрек кездешкен сүрөттөрүн жарыкка чыгарган. Ошол сүрөттөрдө ак калпакчан кыргыздар абдан эле көп. Айрым сүрөттөр Шарафуддин-Али-Яздинин “Зафарнаме” деген китебинен алынса, айрымдары Амир Хосров Дехлевинин поэмалар жыйнагынан алынган.

Албетте, эң маанилүү сүрөт - Бабур менен бирге сөрүдө калпак кийип отурган Гумаюн. Калпакты анын вазири да кийип турат. Ырас, императордун калпагы ар кандай асыл таштар менен кооздолуп, укмуштуудай жука жибек чалма менен азыраак гана оролгон (мусулманчылык салты ошондой).

Андан кийинки кызыктуу миниатюра Смирна шаарын (азыркы Измир) рыцарлар камаганын көрсөткөн сүрөт. Абдан бийик курулган чептин эң үстүндө үстөккө-босток жаа тартып, башына ак калпагын кийген кадимки кыргыз жоогерлери турат. Бир эмес, онго жакын ак калпакчан жоогерлердин сүрөтү ташка тамга баскандай даана жана так болуп тартылган.

Дагы бир кызыктуу миниатюра Амир Хосров Дехлевинин китебиндеги арстанга аңчылык кылган кыргыздардын сүрөтү. Бир нече ак калпакчан кыргыз азуусун арсайткан арстанды атчан тегеректеп, жаа тартып турат. Демек, кыргыздардын эр жүрөктүгү, жоогерлиги, жаага ыктуу, жоого мыктуулугу арабдарга да, фарси сүрөтчүлөрүнө да жакшы белгилүү болгон деп жыйынтык чыгарууга болот.


Эгер “Азаттыктын” интернеттеги сайтын карасаңыз Герат менен азыркы ооган шаары Кундуздун өкүмдары Султан Хусейин Мырзанын жанында да бир нече кыргыз турганын көрөбүз. Ошондой эле ак калпакчан кыргыздар Темирланды тегеректеген элдин арасында да турганын көрөбүз.

Экинчи бир миниатюрада аялдар да калпак кийип тартылган. Демек, кыргыздын ак калпагы ошол орто кылымдарда да ар кандай элдерге тараган, аялдар арасында да өзүнчө бир модага айланган.

Айтор, биздин ата-бабадан калган ак калпак атам замандарда да биздин кыргыз экенибизди билдирип келсе, азыр да башыбыздан түшө элек. Эгер ак калпак болбосо ошол орто кылымдардагы кыргыздарды айрып тааный алмак эмеспиз, себеби кийген кийим гана кимдин ким экенин билдирет, башкалардан айырмалап турат.

Ошондуктан ылайым башыбыздан ак калпак, апаларыбыздын башынан ак элечек түшпөсүн деп тилейли.

XS
SM
MD
LG