Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Кыргыз тарыхынын ачыла элек барагы көп


Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен Тарых илимдерин өнүктүрүү комиссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 14-октябрь 2014-ж.
Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен Тарых илимдерин өнүктүрүү комиссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 14-октябрь 2014-ж.

Кыргыз тарыхынын ачыла элек барактарын изилдеп, коомчулукка жеткирүү учурдун талабы. Бул тууралуу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен Тарых илимдерин өнүктүрүү комиссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сөз болду.

Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө маани берүүгө окумуштууларды чакырды. Президент байыркы доордон тартып, эгемендик тушундагы кандуу окуяларга чейинки толгон-токой барактар ачылбаган бойдон турганына токтолду:

- Кыргызстандын тарыхында изилдене элек көп барактар бар. Байыркы, орто кылымдардагы кыргыз тарыхы, кыргыз каганатынын кыйраган мезгили жакшы изилденген эмес. Жунгар жортуулу, Кокон хандыгы менен кыргыздардын алакасы жана Орус падышачылыгынын курамындагы тарыхты изилдөө керек. Бул багытта окуу китептерди, илимий эмгектерди көбүрөөк басмадан чыгарып, коомчулукка кеңири маалымат берүү зарыл. Ага кошумча Аксы окуялары, март жана апрель революцияларына илимий баа берилүүсү кажет.

Атамбаев окумуштууларга эгер бул боштукту кыргыз тарыхчылары толтурбаса, бул ишти башка өлкөлөрдүн тарыхчылары менен саясатчылары аткарат деп эскертти.

Жолугушууда негизги көңүл Кыргызстандын, кыргыздын жана кыргызстандыктардын тарыхын кайра карап, так, таамай иликтөө, аны окутуу жана элге таанытуу маселелерине бурулду.

Тарыхчылар эгемендикке ээ болгондон бери жалпы билим берүүчү мектептер үчүн көптөгөн китептер чыгып, көптөгөн илимий эмгектер жазылганын айтышты. "Бирок мугалимдердин жетишсиздиги, каражаттардын тартыштыгы алардын коомчулукка сиңишине кедергисин тийгизип жатат" дейт тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов:

- Эгемендүүлүк алгандан кийин жазылган эмгектер учурда мектептерде окутулууда. Бирок мугалимдеринин көпчүлүгү айлык акынын аздыгынан чет өлкөлөргө кетип калгандыктан, тарых сабагы мектептерде жакшы окутулбай жатат.Окуу китептери жетиштүү эле чыгарылган. Ал эми ага кошумча альтернативдик окуу куралдары, жаңы илимий эмгектер аз санда гана чыгарылгандыктан коомчулуктун кеңири катмарына жетпей жатат. Анткени аларды чыгарууга көп каражат сарпталат.

Президент өз кезегинде китептерди окумдуу, кызыктуу чыгарууга үндөп, изилдөөгө керектеле турган каражат маселеси чечилет деп убада берди.

Президенттин алдындагы Кыргызстан элдеринин тарыхый, маданий баалуулуктары боюнча «Мурас» фондунун башында турган тарыхчы-окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегиндин айтканына караганда, фонддун алкагында азыр ири илимий конференциялар, экспедициялар уюштурулуп, тарыхты тереңирээк изилдөө далалаттары жасалып жатат.

Тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров кыргыз тарыхын терең изилдөө үчүн тарыхчылардын жаңы муунун даярдап, алар үчүн мамлекет тараптан жакшы шарт түзүлүшү керек дейт.

- Тарыхты жазыш үчүн өтө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Тарыхчылардын жаңы мууну керек. Аны мамлекет өзү дайындап, аспиранттардын, Илимдер академиясында иштеген окумуштуулардын айлык акысын жогорулаткандан кийин гана тарых жазса болот да.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү комиссиясы жана Кыргызстан элдеринин тарыхый, маданий баалуулуктары боюнча «Мурас» фонду мындан эки жыл мурда түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG