Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:51

Турдубекова: Окуучулардын укугу бузулса – мектеп жетекчиси жоопкер


Мектеп окуучулары арасында бири-бирине үстөмдүк кылуу кеңири жайылып кеткени көптөн бери айтылып келет.
Мектеп окуучулары арасында бири-бирине үстөмдүк кылуу кеңири жайылып кеткени көптөн бери айтылып келет.

Өткөн жумада Бишкектеги №49 мектепте окуучуга мугалимдин кол көтөргөнү тартылган тасма интернетте жарыяланды.

Ошол эле жумада шаардык милиция мектептеги рэкеттердин запкысынан тажап, өз өмүрүн кыюуга бараткан жеткинчекти аман алып калды. Мектеп окуучуларынын укуктарын коргоого эң ириде мугалимдердин жана мектеп жетекчилигинин жоопкерчилиги болушу керек деген пикирин “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттык” менен бөлүштү.

- Назгүл айым, мугалимдердин кысым-басымына кабылган балдардын өздөрү же алардын ата-энелери сиздерге кайрылган учурлар көп эле болобу?

- Бул көйгөй боюнча же тагыраак айтканда мектептин ичинде балага мугалимдин кол көтөрүүсү, же кандайдыр бир башка жол менен басмырлоо фактылары боюнча биз абдан көп маалымат алабыз. Бирок көп көйгөйлөр чечилбей келе жатат, чечилбей кала берет. Буга биринчиден, мектептин жетекчилери мектеп ичинде болуп аткан ар кандай көйгөйлүү маселелер, балдардын укугунун бузулганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Балдар мугалимдердин кысымына учураганы, мектептин өзүндөгү эле чоң класстын балдары кичүү класстын балдарын уруп-сабап, тоноп, аларга физикалык гана эмес, психологиялык жактан да зомбулук көрсөтүп жатканы мектептердин жетекчилери үчүн көнүмүш көрүнүш, буларга алар көбүнчө кол шилтеп мамиле кылышат.

Мындай учурлар биздин мектептерде өтө көп. Буга ошол мектептерде окуган балдардын ата-энелери да тилекке каршы кайдыгер карашат. Ошол ата-энелер комитети “балдардын укугу жана эркиндиги баалуу” деп эсептебейт, алар ушундай көйгөйлөр менен чогуу, ынтымакташа иш алып барып, күрөшпөйт. Тескерисинче баласы жабыркаган ата-энелердин мектептин жетекчисинин үстүнөн, балага кысым көрсөткөн мугалимдин үстүнөн арызданып-даттануусун туура көрбөй, тыйган комитеттер көп.

- Ата-энелер комитеттери кандай максатта түзүлөт анда?

- Ата-энелер комитеттери көбүнчө эле мектептин жетекчилери, класс жетекчилер менен жакшы мамиле түзүүгө аракеттенип, аларга жагынууга аракет жасашат, баса белгилеп айтып кетейин көбүнчө ошондой. Анткени алар балдарынын баасы жогору болушуна, баласы мектептен чыгып калбашына кызыкдар. Ошондуктан, көбүнчө алар өздөрүнүн балдарынын укугун да арткы планга калтырышат.

- Назгүл айым, 49-мектепте болгон окуядан кийин бизге угармандар, окурмандар түрдүү пикирлерин билдирип жатат. Алардын ичинде ата-энелер же мектеп окуучулары өздөрүн окутуп жаткан мугалимдеринин терс иш-аракеттерине эле каршы чыкпастан, ошол эле мектептеги башка маселелер, мисалы, мектептеги рэкетчиликке каршы күрөшсө жакшы болмок деген ойлор да бар. Сиз кандай дейсиз буга?

- Мектептеги рэкетчилик, чоң класстын балдарынын кичүү класстын балдарын сабашы, башка жактан бирөөлөр келип, окуучуларды тоноп кетип атса, демек, ошол мектептеги атмосфера жакшы эмес. Мектептин жетекчилиги, мугалимдер өздөрү балдарга ошондой мамиле жасашат. Мугалимдер өздөрү балдарды сабап атканы – балдар башкалар тарабынан да зомбулукка учурай берсе болот деген билинбеген түшүнүк. Эгерде ошол мектепте “бир да бала сабоого, кысым-басымга учурабасын” деген максат болсо, ошол максат мектеп жетекчилиги, мугалимдер тарабынан коюлса, анда балдар мугалимдердин да, рэкеттердин да зомбулугуна туш болушпайт эле. Демек, бир жактан кысым болсо, башка жактан да кете берет.

- Жакында эле Бишкектеги орто мектептердин биринде рэкетчилердин запкысынан тажаган бала өз өмүрүн кыюуга бараткан жеринен ата-энеси жана милиция кийлигишип алып калган окуя катталды?..

- Ооба, ошол окуя 44-орто мектептин окуучусу менен болгон. Ошол мектепте көп эле балдар рэкетчиликтен жабыркашат экен. Мектептин директору бул көйгөйгө көңүл бурбайт экен, милиция органдары да жакшы изилдөө жүргүзүп, рэкетчиликти токтотууга аракет жасабайт. Жабыркаган балдардын ата-энелери билим берүү инстанцияларына барса, тескерисинче алардын өздөрүн күнөөлөп, “балага туура эмес тарбия бергенсиң” деп айыпташат.

Баарынан таң калычтуусу – бул маселе тууралуу канча гезиттер жазды, теледен көрсөттү. Бирок Бишкек шаардык билим берүү департаменти эч кандай реакция жасаган жок. Мектепте баланын өмүрүнө коркунуч туулуп атса, андай мектептин директору тез арада кызматтан алынып, мектептен кетирилиши керек. Бирок ошол 44-мектептин директору эч кандай жоопкерчиликке тартылбай эле кадимкидей иштеп жүрөт. Аргасыздан бул жерде кандайдыр бир коррупция жыттанат деп ойлойсуң.

- Демек, балдар ички жана сырткы рэкеттердин талап-тоноолоруна, мугалимдердин кысымына кабылган учурда бул үчүн мектептин жетекчилиги жооп бериши керекпи?

- Жетекчи болгон соң, ар бир балага, алардын ар бир кыймыл-аракетине жооптуу болушу керек. Андай болбосо анын эмнеси жетекчи? Мектептин ичиндеги эле окуяларга, сабактарга гана эмес, анын айланасында болгон окуяларга да, кыймыл-аракеттерге жооп бериши керек. Директор болдуңбу, демек, жүз пайыз жооптуусуң. Кайдыгер карап, кандайдыр бир баланын укугу бузулушуна жол бердиби, анда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.

- Сизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG