Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Адам укуктарынын бузулушу азайган жок


Кыргызстанда адам укуктары көбүнчө тартип коргоочулар тарабынан бузулаары айтылууда.
Кыргызстанда адам укуктары көбүнчө тартип коргоочулар тарабынан бузулаары айтылууда.

10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата жергиликтүү адистер соңку анализдери менен бөлүштү. Адистердин байкоосунда, Кыргызстанда адам укуктары көбүнчө тартип коргоо кызматкерлери тарабынан бузулуп жатат.

Этникалык азчылыктардын укуктары да өлкөдө орчундуу маселелердин бири бойдон калууда. Аялдардын жана балдардын укуктарынын бузулушу да учурдун талылуу маселеси.

Милиция менен сотко нааразылар арбын

Эркин Наркузиев алты ай мурун Жалал-Абаддан Бишкекке жумуш издеп келген. Бирок ал күн ара көчөдө милицияга кармала бергендиктен, кичи мекенине кайтууга мажбур болгонун айтат:

- Көчөдө баратсам эле кармашат, каяктан келгенимди сурашат. Документтерим баары жайында болгону менен бир-эки саатка камап да коюшат. Бир жолу он саатка камашты. Себебин билбейм. Ошондон кийин Жалал-Абадга кайра кетип калдым. Мыйзам боюнча, жарандын документтери жайында болсо, дароо коюп жибериши керек да...

Адам укуктарын коргоо жаатында иш алып бараткан адистердин байкоосуна ылайык, Кыргызстанда жарандардын укуктарын бузуу боюнча күч түзүмүндө иштегендер сап башында турат.

Омбудсмен Бакыт Аманбаев да Акыйкатчы институтуна түшкөн даттануулардын арасында милиция, прокуратура жана сотто иштегендерге нааразы болгондор арбын экенин айтат:

- Бизге түшкөн арыз-даттанууларды анализ кылып көрсөк, тартип коргоо органдары тарабынан жарандардын укугу тепселген учурлар көп кездешет. Айрыкча тергөө жүргүзүүчү органдарга жана сотко карата нааразылыктар күч.

Тартип коргоо жаатында иштегендер мындай мүчүлүштүк негизинен жаш адистер тарабынан кетирилип жатканын, бул кемчиликти оңдоо аракеттери башталганын белгилешет. Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Турсунбек Чаловду угалы:

Чынын айтканда, күч түзүмүндө иштегендер тарабынан адам укугунун бузулушу - көбүнчө Кыргызстандын мыйзамдарын жакшы билбеген кызматкерлер тарабынан болууда. Соңку кездери бул маселени жоюуга аракеттер күчөтүлгөн. Тажрыйбалуу адистерди жаштарга кошуп берип, аларга билбегендерин үйрөтүп жатабыз. Ошондуктан тартип коргоо тармагындагыларды бир жаңсыл жаманатты кылуу туура эмес.

Артка сүйрөгөн жагдайлар

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан адам укуктарынын сакталышы боюнча 125-орунда турат. Бул жаатта өлкөнү артка сүйрөп жаткан маселелердин орчундуусу - этникалык топторго карата мамиле. 2010-жылдагы июнь окуясынан соң күч алган бул маселе азыр дурус жакка өзгөргөнү менен, бир катар кыйынчылыктар бар экенин укук коргоочу Төлөкан Исмаилова айтат. Анын белгилөөсүндө, милициянын себепсиз сурактарына да көбүнчө этникалык азчылыктын өкүлдөрү туш болот:

- Эл аралык эксперттер 2010-жылдагы окуяны жана андан кийинки абалды жакшы билишет. Коогадан кийин козголгон кылмыш иштеринин элүүдөйү менен таанышмын. Алардын дээрлик баары этникалык азчылык өкүлдөрүнө козголгон. Анын ичинде Азимжан Аскаровдун да тагдыры бар. Өлкөбүздө моноадистик түзүм өкүм сүрө баштады. Башкача айтканда, милицияда, сотто башка улут өкүлдөрү азайып баратат. Мындай көрүнүш бир жактуулукка өбөлгө түзөт.

Кыргызстанда адам укуктарына байланыштуу талылуу меселелердин дагы бири - аялдарга карата зомбулук. Бул жаатта мамлекетте соңку жылдары аракеттер күчөтүлгөн. Кыз ала качкандарды жазалоо мыйзамы кабыл алынып, аны бузгандар сот жообуна да тартыла баштады.

Балдар укугу да өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Соңку жылдары балдардын уурдалышы жана жашы жете электердин сексуалдык зомбулукка кабылышына байланыштуу фактылар көбүрөөк каттала баштаган.

Адам укуктарынын сакталышы боюнча бир катар сындар айтылганы менен Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында салыштырмалуу жакшы көрсөткүчтөргө ээ экени эл аралык уюмдардын анализдеринде белгиленет. Өлкө жетекчилиги да мыйзамга баш ийүү менен гана адам укуктарынын бузулушун азайтуу мүмкүн деген позицияны айтып келет.

XS
SM
MD
LG