Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Милиционер кылмыш дүйнөсүнүн кылтагына кабылдыбы?


Кыргызстанда милиция кызматкери уюшкан кылмыштуулуктун курмандыгы болгонун айтып чыкты.

Милициянын капитаны Адылбек Жыпаркул уулу кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү мүчөлөрүн кармоого катышканы үчүн прокуратура тарабынан куугунтукка кабылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турганын айтууда. Бирок прокуратура милиция кызматкеринин айткандарын төгүнгө чыгарып, аны жоопкерчиликтен качуу айласы катары баалап жатат.

Ким кимдин курмандыгы?

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн курмандыгына айланганын айтып чыккан Адылбек Жыпаркул уулу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн кызматкери. Ал бир катар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоого катышкан. Алардын катарында Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү саналган Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобун кармоого да катышат:

- Былтыр Чүй облусунун криминалдык дүйнөсүнүн башчысы саналган Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун мүчөлөрү, жан-жөнөкөрлөрүнөн 14 кишини камаганбыз. Булардын көпчүлүгү Бокушевдин аялы Анара Жумагулованын инилери, жакындары болуп чыкты. Алардын бири Нурлан Жумагулов биз жүргүзгөн операциянын негизинде кармалган эле. Ал №1 тергөө абагында ден соолугуна байланыштуу каза болуптур.

Ушул окуядан соң анын автоунаасын белгисиз адамдар өрттөп кетишкен. Андан көп өтпөй ага каршы Чүй облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголот:

- Нурлан Жумагулов каза болгон соң Чүй облустук прокуратурасы бизге кыйшык көз менен карай баштаганын сездик. Мунун себебин кийин түшүндүк. Көрсө, Чүй облустук прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген Алмаз Жусупов деген жигит Алмаз Бокушевдин кудасы болуп кетет экен. Анын үстүнө Алмаз Жусуповдун атасы Аалы Жусупов менен Алмаз Бокушев Кара-Балтадагы борбордук базарды тейлешет экен. Ошентип, куда-сөөк, туугандардын жардамы менен бизге каршы кылмыш иши козголуп, куугунтук башталды.

Адылбек Жыпаркул уулунун айтымында, ага кылмыш ишин козгогон Алмаз Жусуповго мурда пара алганы үчүн кылмыш иши ачылган. Бирок чоң кызматтагы туугандарынын киришүүсү менен бул кылмыш иши жокко чыгарылган.

- Биздеги оперативдик маалыматтарга караганда, Алмаз Жусупов Токмок шаарынын прокурорунун жардамчысы болуп турган учурда пара алып жаткан жеринен кармалган экен. Бирок атасынын агасы ошол кездеги Чүйдүн губернатору Кубанычбек Сыйданов болгондуктан, анын жардамы менен кутулган экен.

Анткен менен Чүй облустук прокуратурасынын кызматкерлери бул окуя боюнча башка пикирди айтышууда. Алмаз Бокушев менен байланышы бар делген Алмаз Жусупов Адылбек Жыпаркул уулунун айткандарын төгүнгө чыгарганы менен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Жоопкерчиликтен качуу айласыбы?

Ал эми Адылбек Жыпаркул уулуна каршы козголгон кылмыш ишти тергеп жаткан топтун башчысы, Чүй облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Улан Саткеевдин айтымында, бул иштин Бокушевдин кылмыштуу тобу менен байланышы жок. Тескерисинче, Адылбек Жыпаркул уулу баштаган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 2011-жылдын октябрь айында мас абалда Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кызматтык куралын жоготуп, бул клубдун кызматкерлерин тапанчаны таап берүүнү талап кылуу менен уруп-согушкан.
Мунун негизинде аталган түнкү клубдун кызматкерлеринин бири Адилет Алмамбет улуу Чүй облустук прокуратурасына арыз менен кайрылган. Мына ушул арыздын негизинде гана Адылбек Жыпаркул уулуна кызмат абалынан пайдаланып, зомбулук кылганы үчүн кылмыш иши козголгон:

- Алар түнкү клубдан тапанчаны жоготкон соң, аны табуу максатында аталган клубдун кызматкерлерин топтоп алып, 1 суткага жакын кармашкан. Ошол учурда клубдун кызматкери Адилет Алмамбет уулун уруп-согуп, анын ыктыярына каршы Ысык-Көлгө алып барып келишкен экен. Ошол арыздын негизинде гана кылмыш иши козголгон.Тергөө учурунда экспертиза дайындалып, анын негизинде Адилеттин денесине залал келгени аныкталган.

Мындан улам прокуратура өкүлдөрү Адылбек Жыпаркул уулунун жүйөөлөрүн жоопкерчиликтен качуунун гана айласы катары карап жатат. Улан Саткеевдин айтымында, тергөөчү Алмаз Жусупов атайлап кылмыш ишин ача ала турган укугу жок:

- Алмаз Жусупов тарабынан куугунтук болуп жатат деген негизсиз. Себеби, Адылбек Жыпаркул уулунун зомбулук көрсөткөн кылмыш ишин тергөө үчүн тергөө тобу түзүлгөн. Ал топтун башчысы катары мен дайындалгам. Бул ишке Алмаз Жусупов тергөөчү катары гана кирген. Айыптоо токтомун мен чыгарам, мен чечим кабыл алгам. Анын үстүнө бул ишти Чүй облустук прокуратурасы ачкан.

Ошол эле учурда прокуратуранын кызматкерлери Адылбекке карата буга чейин иш учурунда зомбулук көрсөткөнү үчүн 2 ирет кылмыш иши ачылганын маалымдашты.

Адылбек Жыпаркул улуу болсо өзүнө ачылган кылмыш иштин негизсиз экенин билдирүүдө:

- Тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда аны мен моюнума алып, же кызматтык абалдан пайдаланып, кыйнап зомбулук көрсөткөнүм далилденген жок. Эч кандай күбөлөрү жок. Жабыркадым деп арыз жазган бала Адилет Алмамбет уулу менен да жолуккан кезде да ал эч кандай доо арызы жоктугун түшүндүрүп берди. Ал Алмаз Жусуповго шилтеме берип, ошону менен сүйлөшүп, бүткөрүп алгыла деп айтып жатат.

Милициянын ур-тепкисине кабылды делген Адилет Алмамбет уулу чынында эле Адылбек Жыпаркул уулу баштаган милиция кызматкерлеринин зомбулугуна тушукканын, мунун негизинде Чүй облустук прокуратурасына арыз менен кайрылгынын билдирүүдө. Анын айтымында, тергөөчү Алмаз Жусупов менен эч кандай байланышы жок:

- Чындыгында эле милиция кызматкерлери мени уруп согууга алышкан. Алар бизди эки күн кармап кыйнашты. Азыр болсо жоопкерчиликтен качуунун айласын көрүп жатат. Мага бир нече жолу келип, ишти бүтүрөлү деп айткан. Мен бирок жоопкерчилик тартышын талап кылып жатам.

Учурда Адылбек Жыпаркул уулуна козголгон кылмыш иши тергелип, сотко өткөрүлгөнү дайын болду.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG