Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

“Жашасын!.. Ураа!”


Солдон оңго карай: экинчи А.Туркадзе, төртүнчү А.Жусупбеков, бешинчи Сергей
Солдон оңго карай: экинчи А.Туркадзе, төртүнчү А.Жусупбеков, бешинчи Сергей

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Авазбек Жусупбековдун блогун сунуштайбыз.

Майрам жакындаган сайын шаар ичи тазаланып, кызыл-тазыл желектер желбиреп, ураан-чакырыктар илине баштайт. Ал кезде ошонун баары эң сонун көрүнчү эле. Улуу Октябрь Революциясына карата ар бир мекеме-ишканада салтанаттуу чогулуштар болуп, өндүрүш планын майрамга карата ашыра аткарган эмгектин алдыңкыларына Ардак грамоталар менен кошуп акчалай сыйлыктар берилип турган.

80-жылдардын этеги болсо керек, 7-ноябрь күнүнө карата парадга кадимкидей даярданып жаттык. “Демонстрация” деген сөз сейрек айтылып, ал убакта айтканга оңой “парад” деп көп айтылчу. Эртең майрам деген күнү парторг ар бир бөлүмдүн, ар бир цехтин жетекчилерин чакырып жазылган транспаранттарды бөлүштүрдү. Парторг – бул коммунисттик партиянын баштапкы уюмунун катчысы, ишкананын идеология боюнча жетекчиси.

Биздин бөлүмгө “Улуу Октябрга даңк!” деп жазылган транспарант туш келди. Эртеси шаардын күн мурда айтылган мерчемдүү жерине таң атпай келип күтүп турабыз. Парад аянтта саат ондо башталат. Саат 7ден баштап автобус-троллейбустар ж.б. транспорттор шаар борборуна киргизилбейт. Ошондуктан саат 7ге чейин жамаат толугу менен келет. Анан кезек күтүп, улам борбордук аянтты карай ташбакага окшоп акырындап жылабыз.

Ошол кезде мен байланыш тармагында иштечүмүн, ал эми Байланыш жана транспорт министрлигине караштуу мекеме-ишканаларды параддын эң аягында өткөрүү көндүм болуп калган. Ага карабастан мындай майрамдар элге жакчу. Себеби айлап-жылдап жадаткан окшош күндөрдөн кийин аз да болсо көңүл ачканга шылтоо бар эле. Баары эң жакшы кийимдерин кийип чыгат. Ошончо саат бекер турбай ырдайбыз-бийлейбиз. Анан парторгдун тыюу салганына карабай ала келген арак-винодон ичебиз. Союздун убагында майрамдын маңызы ошол болгон. Ансыз деле жамааттын 90 пайызы орус улутундагылар болуп жатса демек белгилүү да...

Ошол күнү жамгыр жаабаса да, карандай суук болуп турган. Ичибизди ысыта баштадык. Биздин бөлүмдүн башчысы абдан жакшы киши, орус Анатолий, бирок фамилиясы грузинче – Туркадзе болчу. Алгач "абайлагыла" деп чыйпычыктады, анан элүү граммдан кийин "куйбайсыңарбы" дегенге өттү. "Закуска" деп аялдар үйлөрүнөн туздалган бадыраң, помидор жана пирожки, атүгүл тооктун этин, колбаса апкелгендер да болду.

Боюңар узун деп транспарант мага жана Сергей деген жигит экөөбүзгө кечээ эле тапшырылган. Аны биз трибунанын алдынан борбордук аянттан бийик көтөрүп өтүшүбүз керек. Колу-бутубузду бошото туралык деп аны көчө боюндагы дубалга жөлөп койдук. Ырдап-бийлеп, алигиден улам алып, акырындап улам алдыга жыла бердик...

Ошентип аянтка жакындап калганбыз. Бир убакта парторгдун кыйкырыгы чыкты:

- Мать вашу, Туркадзе! Где ваш транспарант?

Анатолийдин көздөрү алайып бизди карады. Кудай сактаа!.. Сергей экөөбүз далбастап элди аралап артка чуркап жөнөдүк. Ичкен арагыбыз чар учкандай тарады. Жүгүрүп келатабыз... Бая койгон жерге келсек, кудай жалгап транспарант ордунда экен. Көтөрүп алып кайра артка жөнөдүк, же жетсекчи... Коллективдин асты аянтка чыга баштаганда кууп жеттик. Үлгүрдүк!!! Туркадзенин бозоргон өңү кызарып ордуна келди. Бизди карап сөөмөйүн кезеди. Ал сөгүш аласыңар дегени. Демек бир айлык акчалай сыйлык (премия) кетти дей бер.

Биз сырт кебетебизди оңдоп, галстукту түздөп, чачыбызды тарап, транспарантты бийик көтөрүп өзүбүздүн жамааттын астына чыктык. Аянтта кылкылдаган эл. Бетон карагайларда илинген үн күчөткүчтөрдөн партияны жана анын акылман жол башчыларын даңктаган ураан-чакырык кулакты жарчудай жаңырууда. Ич кызыткан допинги бар эмгекчил эл диктордун ар бир чакырыгына ураалап жооп берип жатты.

Эл арасында транспаранттын таягын бекем кармап мен да кыйкырып бараттым: “Ура-аа!.. Ура-аа!..”.

Авазбек Жусупбеков

XS
SM
MD
LG