Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Фейсбукта жихадга үндөгөн адам кармалды


Учурда экстремистик уюмдарга тартуунун эң кеңири колдонулган түрү интернет болуп калды.
Учурда экстремистик уюмдарга тартуунун эң кеңири колдонулган түрү интернет болуп калды.

Кыргызстандыктарды жихадга үндөөгө шектелген аскер кызматкери кармалды. Ички иштер министрлиги Фейсбук социалдык тармагы аркылуу элди жихадга үндөгөн жаранга издөө салып, ал чек арачы болушу мүмкүн экенин айткан болчу.

Милициянын билдиришинче, 20-24 жаштардагы жигит 4-апрель күнү Фейсбуктагы жеке баракчасына Кыргызстандагы азыркы башкарууну жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоп жатканын жазган.

Кыргызстандыктарды жихадга үндөөгө шектелген аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди.

- Кызматтык териштирүүнүн негизинде кармалган аскердин тек-жайы аныкталды. Иликтөө иштери аягына чыкмайынча, анын аты-жөнү жана кай жерден экени ачык айтылбайт,- дейт Бөрүбаева.

Буга чейин Фейсбук социалдык тармагы аркылуу кыргызстандыктарды жихадга үндөгөн жаран Жалал-Абаддагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат кылып жаткан болушу мүмкүн экени айтылган. Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын адистери жихадка чакырган бул адамдын ордун аныктаганын мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирген эле.

Ал өз баракчасына “биздин чек ара бекети андай деле жакшы кайтарылбайт, ал жактан курал-жарак чыгарып кетсек болот” деп бир топ куралдардын түрлөрүн тизмектеген.

ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев:

Рафик Мамбеталиев
Рафик Мамбеталиев

- Көбүнчө биздин жарандарды социалдык тармактар, интернет аркылуу азгырып жатышат. Азыр ал баланы издеп жатабыз, кармасак мыйзам чегинде жооп берет. Ал эми ар кандай эктремисттик маанайдагы маалымат тараткан сайттарды жаап салууга мыйзам жок. Ага соттун чечими керек.

Милициянын божомолуна ылайык, шектүүнүн аккаунтун башка бирөө пайдаланып экстремисттик чакырык жазган болушу да ыктымал. Иликтөөнүн толук жыйынтыгы 7-апрелде чыгат. Бул жаатта Мамлекеттик чек ара кызматы да териштирүү жүргүзүп жатат.

Учурда экстремистик уюмдарга тартуунун эң кеңири колдонулган түрү интернет болуп калды. Маселен, жаштардын көбү Одноклассники, Фейсбук ж.б ушул сыяктуу социалдык тармактарда отурушат. Диний аалым Чубак ажы Жалилов мындай дейт:

- Биз элге түшүндүрүү иштери менен гана бул маселени чече алабыз. Расмий адамдар же аты белгилүү аалымдар интернеттен үгүт жүргүзсө болот. Ал эми белгисиз топторго биз тыюу салышыбыз керек. Себеби алар бизге учурда өтө кооптуу болуп турат. Атын жашырып, бирок ачык эле жаман уюмдарга үндөгөндөр толуп кетти.

Замир Турсунбеков
Замир Турсунбеков

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замир Турсунбеков диний экстремизм менен күрөшүүдө интернет мейкиндигине көзөмөл кылуу кыйын болуп жатканын айтат.

- Мисалы, бир ат менен кирип жатса, аны жапсаң кайра башкасын ачып алып кире бериши ыктымал. Кыргызстандын ичинде болсо кайсы жактан кирип жактанын аныктоого мүмкүн. Бирок чет өлкөдө болсо, аныкташ кыйын болот.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда экстремисттик, террористтик маалыматтарды тараткан сайттарды соттун чечими жок эле жаап коюу демилгесин сунуштап жатат.

Өлкөдө экстремисттик маанайдагы канча сайт бар экени жөнүндө да так маалымат жок. Ал эми социалдык тармактарда кыргыз тилинде эле Сирияга, экстремистик топторго үндөгөндөр ондоп саналат. Алар адатта өз атын, сүрөтүн жашырып ар кандай радикалдык видеолорду бөлүшүп, талкууларга катышып турат. Адистер Кыргызстанда диний радикализм менен күрөшүүдө интернетке анча маани берилбей жатканын белгилеп, коңгуроо кагышууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG