Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Кыргыз Уикипедиясынын байлыгы артууда


Маданий байлыкты байытууга салым кошкон бир нече студент баалуу белектер менен сыйланды.
Маданий байлыкты байытууга салым кошкон бир нече студент баалуу белектер менен сыйланды.

Кыргыз Уикипедиясындагы маалымат саны 21 миңден ашты. Жыл өткөн сайын улуттук казынага толуктоо киргизген ыктыярчылардын да саны арбып барат. Кыргыз Уикипедиясы акыркы жылдары кандай өзгөрүүгө ээ болду жана кандай иштер жасалып жатат?

Кыргыз Уикипедиясындагы маалымат саны өткөн жылдын аягында 4400дү көрсөткөн. Учурда анын саны 21 миңден ашты. Бул тууралуу Кыргыз уикипедиячылардын Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйынында маалым болду.

Кыргыз уикипедиячылары кыймылынын жетекчиси Чоробек Сааданбековдун айтымында, учурда кыргыз Уикипедиясында катталган адамдардын саны 6400дөн ашкан. Анын 785и жок дегенде бирден маалымат кошкон.

- Биздин негизги максат уикипедиячы редакторлордун санын арттыруу эле. Быйыл окутабыз деген 200 студенттин ичинен 180ин даярдап бүттүк. Эмки дем алышта Ош, Жалал-Абадга барып, студенттерге тренинг өткөнү турабыз. Эң жакшы көрсөткүч: быйыл кыргыз уикипедиячыларынын арасынан 8 киши миңден ашык редакция кылып салым кошту. Дагы бир жетишкендик: кыргыз уикипедиясында администраторлордун саны 5ке жетти, буга чейин 10 жыл бою бирөө эле болуп келген.

Тажрыйба алмашуу жыйынынын катышуучулары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде кыргызча Википедияга арналган баяндаманы угууда. Бишкек. 31.3.2011.
Тажрыйба алмашуу жыйынынын катышуучулары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде кыргызча Википедияга арналган баяндаманы угууда. Бишкек. 31.3.2011.
Кыргыз уикипедиячыларына буга чейин “Сорос-Кыргызстан” фонду демөөрчү болуп келгени маалым. Бу жолу аларга “Билайн” уюлдук байланыш оператору дагы кол созуп, маданий байлыкты байытууга салым кошкон бир нече студентти баалуу белектер менен сыйлады. Чоробек Сааданбеков бул кызматташтык дагы уланат деп билдирди:

- Мындан эки жыл мурда “Сорос-Кыргызстан” фонду 5 жогорку окуу жайынын студенттерин окутуп, атайын ийримдерди түзгөн. Анан ушул ишти улантуу максатында кыргыз уикипедиячыларынын долбоорун түзгөнбүз. Ал “Биздин мурас” корунун атынан берилип, “Сорос-Кыргызстан” фондунан грант утуп алганбыз. Бул жолу да башкы демөөрчүбүз “Сорос-Кыргызстан” фонду болду. Андан тышкары “Билайн” компаниясы да колдоо көргөздү. Бул бизге кол созгон биринчи жеке компания.

Уикипедиядагы маалымат толук кандуу, так жана кызыктуу болушу шарт. Ал эми ага жооп бербегендерди жетим барактар деп коюшат. Кыргыз уикипедиясында буга чейин андай барактардын саны 4000дей болгон. Эки күндүк жыйын ичинде жер-жерден келген студенттер аларды толуктап, жетим барактардын саны 387 баракка кыскарды. Айталы, Жалал-Абад университетинин биология факультетинин студенти Мээрим Азимжанова өз алдынча 3 маалымат киргизип, андан тышкары 15 жетим баракты толуктоого үлгүргөн:

- Туруктуу органикалык заттарда өзгөрбөөчү заттар бар. Алардын зыяны жеке Кыргызстан эмес, дүйнөнүн да башын оорутуп турган чагы. Алар оңойлук менен бузулбайт, бирок ошол эле маалда айлана-чөйрөнү булгап, адамдын ден соолугуна залал келтирет. Аларга каршы Стокгольм конвенциясы кабыл алынган. Ошол тууралуу маалымат киргиздим. Биринчи жолу болгондуктан азыраак болуп калды. Бирок келечекте бул маалыматты дагы толуктайм.

Ал эми Ош мамлекеттик университеттин кыргыз тарыхы кафедрасынын жетекчиси, профессор Сыдык Смадияров буга чейин кыргыз Уикипедиясына колдончу эмес экен. Бирок эки күн ичинде бир топ тажрыйба топтоп, аны студенттерге жайылтарын кабарлады:

- Өзүм үчүн өтө көп нерсе алдым. Уикипедиянын мүмкүнчүлүгү абдан чоң экен. Ошко баргандан кийин ушул эки күндө алган тажрыйбаны студенттер арасында жайылтып, мурда илинген макалалардын сапатын жакшыртабыз деген жакшы ой менен баратабыз.
XS
SM
MD
LG