Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Мушташкан кыздардын тасмасы тарады


Интернетте бир эле учурда секелек кыздардын мушташы тартылган бири нече видео тарады.

Күч органдары ал тасмадагы окуялар качан, кайсы жерде тартылганы жөнүндө тактай элек.

Бишкек шаарындагы мектептердин биринин атын атагысы келбеген 10-класстагы окуучусу кыздар арасында чыр-чатактар дайыма эле болуп келерин айтууда:

- Мен өзүм мындай окуяларга туш боло элекмин. Бирок мектепте кыздар мушташы дайыма эле болуп келет. Ар бир мектепте ал мектепти "кармаган" тентек кыздар бар. Мисалы, жаңы окуучу кыз келсе аны атайын жөөлөп өтүп, чыр чыгарууга себеп издешет. Жаңы келген кыз кичине эле башкача карап койсо эле болду, сабак бүткөндөн кийин паркка же курулуш жүрүп жаткан имараттарга алып барып сабашат. Анан дагы тентек кыздар кичүүлөргө салык салып турушат. Мугалимге же ата-энеме арызданам десең, биз сени мектептен окутпай койобуз, күн көрсөтпөйбүз дешип коркутушат. Кээде чырдашып кеткен эки кыз деле мушташат. Утулуп калганы кечирим сурап кутулат.

Милициянын тасмадан кабары жок

Youtube сайтында жүргөн кыздардын чыры тартылган тасмалар жүктөлгөнүнө аз эле убакыт болгон. Тасмалардын айрымдары социалдык тамактардагы кызуу талкуулардан кийин кайра алынып салынган. Андагы тасмадан 14-15-жаштагы үч кыз бир кызды ортого алып, уруп-согуп, аябастан тепкилеп, чачынан сүйрөп, сөгүнүп жатканын көрүүгө болот. Азырынча видеолорду ким жүктөгөнү, окуя кайсы жерде, качан болгону аныктала элек. Бирок кыздардын өңү-түсү, келбети тасмага даана эле түшүп калган.

Бул видеолор боюнча милицияга кайрылганыбызда эч кандай маалымат жок экенин билдиришти. Ички иштер министрлигинин басмө сөз кызматынын өкүлү Адыл Оморов акыркы жылдары секелек кыздардын мушташуу фактылары азайып жатат деп ишендирди.

- Сабалган кыздар көбүнчө элге айткандан уялат. Сабагандар болсо бирөөгө айтсаң, мындай жаман болосуң деп коркутуп коюшат. Биздин өспүрүмдөр менен иш алып барган кызматкерлер тынымсыз иш жүргүзүүдө. Акыркы учурда мындай окуялар азайып калды. Ал эми видео боюнча маалымат жок. Аны тактоо керек.

Балдар бүтүп, эми кыздарбы?

Деген менен мындай учурлар дайыма эле ачыкка чыга бербейт. Окуучулардын түшүнүгүндө кордолгон учурда мугалимге билдирүү же башкаларга арыздануу уят иш катары эсептелет. Педагог Чынара Салиева мындай дейт:

- Булар тыкыр иликтенбей калып жатат. Ал эми кыздар кинодон же эркек балдардан көргөнүн турмушта ишке ашыргысы келет. Криминалдарды кумир тутуп жүргөн кыздар да бар. Ушундай учурда күч органдары кыздарды кармап, коомчулукка алып чыгып, жазалоо керек.

Адистер ата-энелерди балдарын дайыма көзөмөлдөп турууга чакырат. Ал эми мектептерде түшүндүрүү иштери, анонимдүү кат салган кутучулардын уюштурулганы дагы мындай көрүнүштөрдүн алдын алат.

Ошентсе да мектептерде жашы улуулардын кичүүлөрдү басмырлап-мазактоосу, рекетчилик, акча, буюм талап кылуу көрүнүшү токтобой жатканы жашыруун эмес. Эми минтип тоноо, коркутуу, мушташуу фактылары кыздар арасында да жайылып бараткандай.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG