ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Аймактардагы ойлоп табуучулуктун аркасы менен чарба жүргүзгөндөр тууралуу "Азаттыктын" баяндар топтомунан тааныша аласыз.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну темирге жан киргизип, өзүнүн ойлогонун бат эле ишке ашырган темир уста айыл чарба шаймандарын, керек болсо ири техникаларды да өз колу менен жасайт. Ал ойлоп тапкычтыгы менен өз айылын эле эмес, коңшу айыл тургундарын да чарбага керектүү шаймандар менен камсыз кылып келет. Устанын өнөрү менен аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков Саруу айылына барып таанышып келди.

No media source currently available

Түз линк

Таластык ойлоп тапкыч Сейиткан Чолпонкулов тирилигине керектүү бардык жабдыктарды өз колу менен жасайт. Ал жасаган шаймандар облустун баш-аягындагы айылдарга чейин жеткен. Сейиткан Чолпонкуловдун Бакай-Атадагы өнөрканасына Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева баш баккан.

No media source currently available

Түз линк

Баткендин тургуну Имарали Бекмухамедов 19 метр бийик жерге өз алдынча суу чыгарып алган. Мунун аркасы менен 5,5 гектар аянтты гүлдөтүп отурат. Өжөр багбан өз тажрыйбасын бүткүл Кыргызстанга жайылткысы келет. Аны менен Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров баарлашты.

No media source currently available

Түз линк

Ошто мектеп мугалимдери жаш ойлоп табуучулардын мууну тарбияланып жатат деп ишендиришет. Бирок ата-энелердин көбү азыркы билим берүү ыкмасы эч нерсеге жарабаган майып муунду өстүрүп жатат деп сындашууда. Ойлоп табуучулукка басым жасабаган билим берүүнүн кесепеттери тууралуу кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун материалынан тыңдайлы.

No media source currently available

Түз линк

Ала-Букалык жигит “Жигули” автоунаасынын кыймылдаткычын колдонуп, өз алдынча чакан кичи трактор жасады. Азырынча аны жер айдоого эмес, жүк ташууга колдонуп жатат. Бензин менен жүргөн жаңы ойлоп табуучунун техникасына кабарчыбыз Руслан Калматов кызыгып көрдү.

No media source currently available

Түз линк

Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Дастан Амангелди уулу бензин менен иштөөчү чөп чапкан жана картошка көмгөн жабдыкты ойлоп таап, кураштырып, ишке киргизди. Анын жаңы табылгасы убакытты үнөмдөп, чөнтөккө да көп күч келтирбейт. Облустук “Жаш ойлоп тапкычтар” сынагында биринчи орунду алган Дастандын кол эмгегине кабарчыбыз Мирлан Кадыров кызыгып көрдү.

No media source currently available

Түз линк
Ош: устанын жол чырагы
Ош: темир устанын көчө чырактары

No media source currently available

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу мурдагы кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы мурдагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
​
XS
SM
MD
LG