Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Абактагы прокурордун "эски дарты" ойлонтууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Пара алууга шектелген мурдагы прокурор Кубан Мамакеевдин психикалык саламаттыгына байланыштуу маселе укук коргоо тутумуна бүлүк салмай болду.

Анын жактоочулары 1982-жылы катталган психикалык оорусу күчөп, сот жүрүп жаткан кезде өз өмүрүнө кол салууга чейин барганын билдиришти. Бирок сот ага дарыланууга мүмкүнчүлүк бербей, соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тартканы белгилүү болду. Адистер эгер анын психикалык оорусу аныкталса, Мамакеевдин буга чейинки прокуратура органдарында жетекчи кызматтарда иштеген кезинде чыгарган аныктамалары жана чечимдерин кайрадан кароо боюнча даттануулар түшүшү мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

33 жылдан кийин ачыкка чыккан сыр

Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара алууга шектелип кармалган Аламүдүндүн мурдагы прокурору Кубан Мамакеевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындоодон баш тартты. Аны өткөрүүгө негиз жоктугун айткан судья Эмил Кайыпов Мамакеев отуз төрт жыл мурун психдиспансерде дарыланганы менен андан кийин прокуратура жана бажы органдарында жооптуу кызматтарда иштеп келгенин белгиледи. Буга чейинки сот жыйынында Мамакеевдин адвокаты анын 1982-жылдан бери психдиспансерде каттоодо турганын айтып, анын оорулуу экенине ынануу үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоону өтүнгөн. Сот бул өтүнүч өкүм чыгарууда эске алынарын айтып, маселени ачык калтырды.

Кубанычбек Мамакеев
Кубанычбек Мамакеев

Мамлекеттик айыптоочу болсо соттолуучунун адвокатынын өтүнүчүнөн биротоло баш тартууну талап кылган эле. Соттолуучу экс-прокурордун уулу Асан Мамакеев соттун келтирилген далилдерге карата мамилесине төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Ооба, ал 1982-жылы республикалык борбордо дарыланууда болуп, мына ошол жактан каттоодон өткөнү анык. Ал жакта атам үч айдан ашуун дарыланып жаткан экен. Андан кийин атам аскер комиссариатына кайрылганда ошол диагнозун – башынан жабыркаганын ырасташкан. Атабыздын апасы, биздин чоң энебиз дагы атайын психикалык диспансерде ооруканада бир жылдан ашуун жатып чыккан. Биз атамдын оорулуу экенин аныктаган документтердин бардыгын сотко көргөздүк. Бирок ага эч нерсе таасир этпей койду. Жок дегенде анын оорулуу же оорулуу эмес экенине ынануу үчүн ага соттук-медициналык экспертиза дайындашы керек болчу. Бирок сот мына ошону дагы жасаган жок. Биз тарап берген өтүнүчтөрдүн бардыгын сот себепсиз эле четке кагып жатат. Ошондуктан атам мындан көрө өлүп калганым жакшы эле деп улам-улам айтууда.

Соттолуучу ырайымсыздыкка дуушар болдубу?

Буга чейинки сот жыйынында Аламүдүндүн мурдагы прокурору Кубан Мамакеев сот залында эсин жоготуп, "тез жардам" чакыртылган. Ага чейин адвокат соттолуучу Мамакеевдин кан басымы көтөрүлүп, психикалык саламаттыгы кескин начарлаганын сотко билдирген. Ал турсун анын тергөө абагында жатып, өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаганы тууралуу маалымат чыккан. Буга чейин соттолуучу Мамакеев тергөө учурунда ооруканага жатып, бирок аны кайра тергөө абагына которуу чечими чыккан болчу. Анын жубайы Гүлбү Мамакеева учурда аны менен жакындарын дагы жолугуштурбай, соттолуучуга адамкерчиликсиз мамиле жасалып жатканына нааразы:

- Ал киши азыр аябай катуу ооруп жатат. Сот менен мамлекеттик айыптоочу аябай мерез экенин көргөздү. Адамдарда кайрымдуулук, боорукердик деген нерселер калбаптыр. Мен ошону байкадым. Абдан ооруп, кулап жыгылып, ооруканада жаткан адамдын жагдайын карабай туруп, күч менен ал жактан алып чыгып, тергөө абагына камап ырайымсыз мамиле жасашты. Ал жакта ага керек болсо дары-дармек бербей жатышыптыр. Мыйзам боюнча камактагы адамга жакындары менен жолугушууга уруксат берилет. Бирок бизге андай мүмкүнчүлүк бербей, аны менен кездешүүгө тыюу салышкан. Анан дарыгерлер ал кишини ооруканага жаткырууну, адвокат болсо соттук-медициналык экспертиза дайындоону талап кылышса дагы анын бардыгына көз жуумп, оор абалда абакта кармап турушат. Ал жерде мал жаткан жок да. Адам го акыры.

Чечим кабыл алган адам өзү кандайдыр бир жагдайлар менен ооруп жүрсө же оорулуу болуп калса, анын туура эмес чечимдеринен жабыркаган адамдар даттанса, анда аларга карата чыккан аныктамалар же тергөө протоколдору бузулушу мүмкүн.
Байтемир Ибраев

Республикалык психикалык саламаттык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Кубанычбек Эмергалиев архивдик материалдарга таянып, мурдагы прокурор Мамакеевдин 1982-жылы катуу ооруп, ал жактан дарыланып чыкканын бышыктаган. Демек мына ошондон бери Кубан Мамакеев бажы жана прокуратура органдарында жооптуу кызматтарда иштеп келген. Укук коргоо органдарына жана күч түзүмдөрүнө жумушка кабыл алууда кызматкердин психикалык саламаттыгын текшерүү талабы болгонуна карабастан, Мамакеевдин психикалык оорулуу болгону тууралуу маалымат соттук териштирүү учурунда гана аны коргоп калуучу жагдай катары адвокат тарабынан жарыяланды. Анткени анын психикалык оорусу аныкталса, мыйзам боюнча анын ишке жарамдуулугу жокко чыгарылып, сот жоопкерчилигинен бошонуп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экс-прокурордун мурда кабыл алган чечимдери бузулабы?

Ошол эле кезде адистердин айтымында, соттолуучу Кубан Мамакеев прокуратура органдарында жооптуу кызматтарда иштеп жүргөн кезде кабыл алган аныктамалары менен чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча дагы маселе жаралат. Себеби, Аламүдүндүн мурдагы прокурору Мамакеев буга чейин Башкы прокуратуранын абак жайларын көзөмөлдөө жана Коррупцияга каршы туруу башкармалыктарын жетектеп келген.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев экспертиза анын психикалык оорулуу экенин аныктаса, анда ал кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу боюнча даттануулар түшүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Эми соттолгондордун арасынан бирөө-жарымы “мага карата ал киши мыйзамсыз чечим чыгарыптыр, ошол кезде ал психикалык жактан оорулуу экен” деген жүйө менен маселе көтөрсө, алардын иштерин сөзсүз караш керек болот. Чечим кабыл алган адам өзү кандайдыр бир жагдайлар менен ооруп жүрсө же оорулуу болуп калса, анын туура эмес чечимдеринен жабыркаган адамдар даттанса, анда аларга карата чыккан аныктамалар же тергөө протоколдору бузулушу мүмкүн. Анан эми прокуратурага кызматка кабыл алып жатканда анын психикалык жагын текшерүүгө кылдат көңүл бурулбаганы чоң кемчилик. Анан эми ал оору кандайдыр бир учурда гана күчөп, сыртынан байкалат экен да. Болбосо ал жөн эле жүрө берет. Мамакеев пара менен кармалып, колго түшпөсө, биз аны билбей деле жүрө бермекпиз да. Бирок мына ошол кишиге окшоп жүргөндөр арабызда көп да.

Аламүдүндүн экс-прокурору Кубан Мамакеев мурда абак жайларындагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча атайын прокурор, транспорт прокурору жана Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы туруу башкармалыгын жетектеген кезинде бир катар оор кылмыштарды ачуу менен алектенип, ири масштабдагы иликтөө иштерин жүргүзүп келгени маалым. Алардын арасында коомчулуктун бүйүрүн кызыткан орчундуу кылмыш иштери дагы бар экени белгиленди.

Гумандуулуктун "иштебей" калышы

Бул сот иши менен тааныш талдоочулардын баамында, мурдагы прокурор Кубан Мамакеев жооптуу кызматтарда иштеген буга чейинки аралыкта оңой эмес душман табышы мүмкүн. Ошентип бир кезде бирөөлөрдү камоо менен алектенген адамдын эми өзү абакка камалуудан чочулап жатканы дагы жөн жеринен эместигине айрым адистер көңүл бурууда.

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Байтемир Ибраев мамлекеттик жооптуу кызматта жүргөн адам кылмышка барган күндө дагы ага карата ырайымсыз мамиле болушун мамлекеттик көз карашка жат көрүнүш деп баалады:

- Бир кезде өзү абак жайларын көзөмөлдөгөн прокурор болуп, андагыларга андай-мындай деп жүрсө, эртең ошолордун арасына өзү түшүп кала турганы анык болуп калса, бул албетте, ойлонто турган чоң маселе. Мүмкүн ал мына ошону ойлоп катуу кабатыр болуп, ооруп калышы дагы мүмкүн. Анткени ага тишин кайрап жүргөн зэктер ошол жерде аны качан келер экен деп күтүп отурушат. Бул турмушта ким мүдүрүлбөйт, ким жаңылбайт?.. Бирок эми ал прокурор башы менен пара алыптыр деп теледен күндө көргөзүп, сот башталганга чейин эле каралап, эртең он беш жылга соттоп, анан тигилердин колуна салып берип, өлтүртүп койгондон бизге мүйүз чыгабы? Мына ошол коркунучтуу кылмышкерлер менен иштегенин эске алып туруп деле ага карата башкача бир жаза чарасын колдонууну караштырышса болмок. Мүмкүн күнөөсүн моюнуна алса, аны сыртынан соттоп, ага карата айып пул салып, ошону менен жазаласа деле болмок да. Жазалоо бир эле камап, түрмөдө чиритиш керек деген принципте болбошу керек. Мына ошончо жыл органдар иштеген ал адамга оңолууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл болчу. Азыр ага дарыланууга дагы мүмкүнчүлүк бербей жатышса, демек аны биротоло сотко жеткизбей жинди кылалы деп жатышабы? Мен түшүнгөн жокмун.

Кубан Мамакеев буга чейин бажы жана прокуратура органдарында жооптуу кызматтарда иштеп, жетекчиликке чейин көтөрүлгөн. Бирок мына ошол жумушка кабыл алынып, кызматтан кызматка көтөрүлгөн учурда анын психикалык саламаттыгын ырастаган документтери кандай болгону азырынча белгисиз. Мурдагы прокурор Кубан Мамакеев буга чейин прокуратура органдарындагы өзгөчөлөнгөн кызматы үчүн өкмөт башчысынын буйругу менен атайын тапанча менен дагы сыйланган. Бул үчүн ички Иштер министрлигинин атайын уруксаты талап кылынат. Ошондой эле психдиспансерден анын саламаттыгынын жайында экенин далилдеген маалымдаманы ичине камтыган документтер даярдалышы шарт. Бирок ошол кезде ага курал алып жүрүүгө уруксат берүүдө анын психикалык саламаттыгы боюнча документтеринин текшерилип-текшерилбегени учурдагы анын кылмыш иши боюнча соттук териштирүү учурунда мамлекеттик айыптоо үчүн чоң суроо жаратып жаткан кези. Мамлекеттик айыптоо экс-прокурордун адвокатынын анын психикалык саламаттыгы боюнча маселе көтөрүүсүн аны сот жоопкерчилигинен куткарууга жасаган амалы катары кароодо.

Коомдук активист Келдибек Жээнбеков мыйзам бардыгына тең болушу керек экенин белгиледи:

- Мыйзамдын талабы бардыгына бирдей болууга тийиш. Бардыгы мына ошол мыйзамда жазылган шартта жасаган кылмышына жараша жоопко тартылганда гана мамлекетте тартип болот. Учурда прокурор, сот жана башка мамлекеттик жетекчилер пара менен кармалып жатышат. Чынын айтыш керек, мурдагы бийлик режимдеринин тушунда мындай болгон эмес. Бул жагынан азыркы жогорку бийликтин саясаты бир топ алгылыктуу жана колдоого аларлык деп айтса болот. 20 миң доллар пара талап кылган прокурорлор мурда деле болсо керек. Бирок алар эч качан кармалып, сот жоопкерчилигине тартылган эмес эле.

Аламүдүн районунун мурдагы прокурору Кубан Мамакеев былтыр 25-августта талап кылган паранын кайсы бир бөлүгүн алуу учурунда колго түшкөн болчу. Аны кармаган улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамакеев өзүнүн жардамчылары аркылуу Көк-Жар айылындагы мыйзамсыз курулуштун ээсинен 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган деген айып койгон. Бирок кармалган мурдагы прокурор Кубан Мамакеев муну ага каршы атайын уюштурулган чагым деп жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG