Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ошто адвокаттар менен прокурор тирешүүдө


Адвокаттардын митингинен бир көрүнүш
Адвокаттардын митингинен бир көрүнүш

Ошто адвокаттар шаар прокурорунун иштен кетишин талап кылууда. Шаардык адвокаттар прокурор тарабынан ачык коркутуулар болгонун айтышса, прокурор ал дооматтарды четке кагып келет.

Өткөн айдан бери токтобой келаткан Ош шаардык прокуратурасы менен адвокаттар биримдигинин тиреши митингге жеткирди.

Ош шаардык адвокаттар биримдиги учурда Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулунун кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышты. Алар “Укук коргоочу орган укук кордоочу органга айланды”, “Атай Шакир уулу кызматтан кетсин”, “Мыйзам баарына бирдей” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Шаардык адвокаттар биримдигинин төрагасы Немат Катаганов шаар прокурорун кызматтан алууну талап кылууга бир нече мыйзам бузуулар себеп болгонун билдирди.

- Ош шаарынын прокурору Шакир уулу Атай кызматтан кетиш керек деген талапты коюп жатабыз. Жарандардын конституциялык укуктарын, жеке менчиктин кол тийбестигин бузган прокуратуранын тергөөчүсү Ильич Исамамбетов да кызматтан кетиши керек деп эсептейбиз. Анткени Ош шаарында Атай Шакир уулу прокурор болуп турганда жарандар ага кайрыла албай калган. Арыздануучулардын каттарына "тигиге бар, буга бар" менен жооп берип калган, бул жерде мыйзам коргоочусу эмес, бир бюрократ, бир трайбалист отурат деген сөз болуп жатат.

Ош шаардык прокуратурасынын алдындагы нааразылык митингге адвокаттардан сырткары Кыргызстандын укук коргоо системасына нааразы жарандар да кошулду. Алардын бири Илтичохан:

- Мыйзам жок Кыргызстанда! Бардык маселе акча менен чечилип жатат. Бардык маселенин ачкычы акча болуп калды. Менин акчамды да ала тургандар алып бүтүштү.

Ош шаардык адвокаттар бирикмеси менен Ош шаардык прокуратурасынын бул тиреши бир айдан бери токтобой келет. Адвокаттар буга чейин маалымат жыйын куруп, шаар прокурорун кетирүүнү Башкы прокуратурадан талап кылышкан болчу.

Бирок шаар прокурору Атай Шакир уулу өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет. Ал тергөөгө тоскоолдук кылган деген жүйө менен айрым адвокаттардын аракетине укуктук баа берилиши керек деген ниетин жашырбайт.

- Мунун баары жалган. Мындай факты болгон эмес. Бирок дарыгер кармалып тергөө амалдары жүрүп жатканда ага адвокаттар тоскоолдук кылышкан. Бул боюнча тергөөчү мага атайын рапорт менен кайрылган. Ошол рапорттун негизинде текшерип, жыйынтык чыгарыш керек деген сөз болгон. Анткени тергөө амалдары жүрүп жатканда адвокат болобу, башка болобу, тергөөгө тоскоолдук кылууга эч кимдин укугу жок.

Негизи адвокаттар менен шаар прокурорунун тирешине 15-март күнү жеке клиниканын ээси Айнагүл Камбарованы пара менен кармоо операциясы себеп болгон.

Шаардык милиция менен шаар прокуратурасынын биргелешкен операциясы учурунда дарыгердин бөлмөсүнөн 4 миң сом акча пара табылган. Бирок дарыгер ушул күнгө чейин ал акчаны албаганын, бейтаптан УЗИге жана дарыга деп жалпысы 2500 сом гана сураганын айтып келет.

Учурда дарыгер Айнагүл Камбарова менен ага каршы арыз жазган бейтап Адина Абдисалам кызы биригип, бөлмөдөн табылган төрт миң сомду прокуратура кызматкерлери өздөрү атайлап ташташканын ырасташууда.

- Мен дарыгерге 2500 сом гана бергем. Төрт миң сомду көргөн да эмесмин. Төрт миң сомду 5-бөлүмдүн кызматкери Абдыкалыков Улук деген алып кирген. Андан кийин да Абдыкалыков "жер үстүндө баспай каласың" деп мени коркутуп, Камбаровага каршы көрсөтмө жаздырып калган. Азыр мен мунун баарынан баш тарттым. Бул менин акыркы көрсөтмөм.

Ал эми паракорлукка айыпталып жаткан Айнагүл Камбарова болсо прокуратура жана милиция кызматкерлери тарабынан кандайча айыпталып жаткан жөнүн мындайча түшүндүрдү.

- Биз Адина экөөбүз дарылоонун жалпы баасын 2500 сомго сүйлөшкөнбүз. 500 сому УЗИге, эки миң сому дарыга. Мунун баары касса аппаратына түшүрүлгөн. Органдын кызматкерлери менин колумду бурап, диванга отургузушуп, менин ордума ушаланган миң сомдук акчаны таштап салышкан. Мен аларды кармаган да жокмун, өздөрү таштап, өздөрү таап, өздөрү кайра алып кетишкен.

Шаар прокурору менен адвокаттар тирешине себеп болгон бул иш-чара Башкы прокуратура жиберген атайын комиссия тарабынан иликтенген. Бирок ал комиссиянын жыйынтыгы чыга элек. Атай Шакир уулу Ош шаарынын прокурору кызматында алты жылдан бери иштеп келет.

XS
SM
MD
LG