Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Ош: токмок жеген жигит милицияны айыптады


Өмүрбек Калмурзаев.
Өмүрбек Калмурзаев.

Ошто 21 жаштагы Өмүрбек Калмурзаев милиция кызматкеринин таягынан жаагы сынганын айтууда.

Жабырлануучунун айтымында, милиция кызматкери 200 сом карызы үчүн ушундай кадамга барган.

Деген менен тартип сакчысы токмок жеген жигит анын адамдык аброюна шек келтирип, мазактаганын билдирген. Ошто милициянын жай тургунга кол көтөрүшү биринчи жолу катталып жаткан жок.

Окуя карыздан улам чыкканбы?

- Искендер 200 сом аласасын достору менен сурап келиптир. Анан чыксам эле "мен чакырганда сүйүнүп келишиң керек" деп сабай баштады. Жанында Эдил, Дайыр, андан башка дагы үч досу бар эле. Досторунун көзүнчө сүйрөп жүрүп токмоктоду, кийимдерим жыртылып, канга чыланып калды. Анан Искендердин Эдил деген досу келип, бетиме эки жолу тепти, - деди жаагы эки жагынан сынып, бет булчуңу тултуя шишиген Өмүрбек Калмурзаев. Ал учурда Ош облустук ооруканасында дарыланууда. Милициянын ур-токмогунан соң ага эки ирет операция жасалган. Жаагы төрт жеринен тигилип, сүйлөөгө араң жарайт:

- Жаагым тырс эткенде сынып кеткенин сездим. Койгула, менин жаагым сынды дегениме карабай сабашты. "Аның эч нерсе эмес, мен сени өлтүрүп да кое алам" деди. Анан кан болгон бетимди кар менен жууганга мажбурлашты.

Оштогу биргелешкен оорукананын дарыгери Абдрахман Эшиев Өмүрбек жеңил эмес жараат алганын айтууда.

- Өмүрбек Калмурзаевдин жараты орточо. Жеңил эмес. Себеби жаак сөөгү эки жагынан тең сынган. Сынган сөөктөрү тигилип, оозу байланган. Ошондуктан суюк тамакты соруп гана иче алат.

"Уруштун себеби башкада"

Өмүрбек Калмурзаевди токмоктоду делген Искендер Сайидхаджаев​ ИИМдин алдындагы атайын даярдыктагы бөлүктүн Оштогу кызматкери. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Ош шаардык милициясына барганыбызда Искендер Сайидхаджаев түшүнүк кат жазып отурган экен. Ал окуя боюнча биздин суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Бирок, анын атасы Айпар Сайидхаджаевдин айтымында, урушка жабырлануучу айткан 200 сом себеп болгон эмес.

- Балам мага "бир досум менен урушуп кеттим, себеби мени мазактады" деди. Милиция кызматкери экенинен улам "мент", "козел" деп маскаралаптыр.

Айпар Сайидхаджаев өзү милициянын ардагери экен. Мындан улам жабырлануучунун апасы Кымбат Калмурзаева карга-карганын көзүн чокубайт болуп, уулун таяктаган тартип сакчысы жазасыз калат деп чочулайт.

- Президенттин баласы болсо да баламды урган милиция кызматкери мыйзам чегинде жооп бериши керек. Ал эптеп кутулуп кетүүнүн амалын кылып атат. Балама чалып, ооруканадан чыгып эле үйдө дарылан деп айтыптыр. Сөөгү эки жеринен сынып, эки жолу операция болгон адам кантип үй шартында дарыланат?! Ушуга акылы жетпей жатат окшойт анын. Адамдын убал-сообунан коркпогон бала экен.

Күнөөлүүлөр жоопко тартылат

Ал арада бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы тергөө иштерин баштаганы маалым болду. Тергөөчү Каныбек Аманбаев медициналык экспертизанын тыянагына жараша кылмыш иши козголот деп ишендирди.

- Биз материалды чогултуп туруп, экспертизаны Калмурзаевдин жаткан жерине жиберебиз. Экспертизанын тыянагы чыкса, окуя боюнча кылмыш ишин козгойбуз. Күнөөлүүлөрдү жазага тартабыз.

Мындай окуя Ошто алгач ирет катталып жаткан жок. Карапайым адамдардын тартип сакчыларынан жапа чеккен учурлары мурда-кийин да катталган. Байкоочулардын баамында, мындай фактылардын көбөйүүсүнө алардын жазасыз калганы себеп болот.

Токмок жеген жигит милиционерди айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

XS
SM
MD
LG