Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Жолго чыгып кайтпаган таксист аял


Казакстанга жана Орусияга каттап жүргөн таксист аялды кордоп өлтүрдү деген шек менен эки адам кармалды. Ош - Бишкек жолунун Ноокен аймагында өлтүрүлүп, Өтмөк ашуусунун белинде карга көмүлгөн аялдын сөөгүнө жырткычтар да кол салган.

Төрт баланын энеси, 44 жаштагы Гулчехрахан Мамадалиева өзүнүн жеңил автоунаасы менен Орусияга жана Казакстанга жүргүнчү ташычу. Акыркы жолу, 2014-жылдын 15-декабрь күнү таксистти эки жигит Оштон Бишкекке жалдаган. Айдоочуну алар Ноокен районунун Разан-Сай айылына барганда сабап өлтүрүшкөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу кармалгандардын бири, ноокендик 22 жаштагы Жакшылык Эргешов айтып берди:

- Бишкек шаарына иштегени барабыз деп, Оштогу досум менен сүйлөшкөм. Анан мен анын чакыруусу боюнча Ош шаарына бардым. Ошол күнү кечинде бир таксист аял менен Бишкек шаарына жөнөдүк. Досум эч нерсе айткан эмес болчу. Бир убакта Разан-Сайга келгенде эжени сыртка чыгып келели деп токтоттук. Анан эле досум травматикалык тапанча алып чыгып, эжени өлтүрөбүз деп, мени коркута баштады. Бирок мен ага колум барбай койду. Анан өзү эжени муунтуп, башына 3-4 жолу чаап жиберди. Эси оогон эжени мени артка карматып, өзү болсо унааны айдап жөнөдү. "Өлтүр" деп айтканынан ага колум барбай койду. Акыры артка өтүп, эжени башка уруп, кыйнап жатып араң жанын чыгарды. Менин айыбым - коркконумдан эжеге жардам бере албай койдум. Бул окуя боюнча мен кийин атама айтып берип, анан милицияга кабар бердик.

Кылмышка шектүү деп кармалгандардын экинчиси, Ош шаарынын тургуну Бегалы Сүйүналы уулу мурда да соттолгон. Ал окуя тууралуу буларды айтты:

- Досум "Орусияга барганга паспортум жок, Бишкекке чогуу барып иштейли, анан ошол жактан паспорт алам" деген... Мындай ой деле жок болчу. Акчабызды ресторан, мейманканаларга барып, 10 күндүн ичинде түгөттүк.

Кармалгандардын айтуусунда, алар өлүктү Суусамыр менен Таластын ортосундагы Өтмөк ашуусуна карга көмүп таштап, унааны Бишкек шаарына өздөрү айдап барышкан. Аялдын денесин жапайы жырткычтар жарым-жартылай да жеп салышыптыр. Бишкекте айдоочунун алтын буюмдарын 80 миң сомго сатышкан. Ал эми таксисттин «Тойота-Авенс» үлгүсүндөгү автоунаасын сата албай коюшуп, төрт дөңгөлөгүн 4700 сомго сатып жиберишкен.

Үрөй учурган бул окуянын тергөөдө аныкталган жагдайлары тууралуу Ноокен райондук ИИБнин башчысы Нариман Өсөров мындай маалымат берди:

- Бизге келген оперативдүү маалыматтын негизинде 28-декабрь күнү иликтөө иштерин баштап, 3-январда кылмышка шектүүлөр кармалып жатат. Маркум Гулчехра Орусия, Казакстанга таксист болуп каттагандыктан телефону өчүп калган кезде туугандары ошол жакка кетти деген ойдо издешкен эмес. Ал эми жолдошу болсо Орусияда иштейт экен. Өлүктү аныктаганда жарым денеси жок болуп чыкты. Ээн талаада чөөлөр, түлкүлөр же карышкыр жеп койгон окшойт. Экинчи кылмышка шектүүнү Ош шаарынан балдар кармап келишти. Азыр экөө тең камакта отурат.

Кыргызстандын тартип сакчылары
Кыргызстандын тартип сакчылары

Райондук милиция башчысынын айтымында, кармалган эки адам тең кылмыш жасашканын мойнуна алып, акчанын айынан ушул ишке барганын айтышууда. Кармалган экөөнүн үстүнөн райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат. Кылмыштары далилденсе, бул шектүү эки адамдын ар бири 20 жылдан соттолот.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Шералиев оор кылмыштарды адатта 20-25 жаш курактагы жаштар жумушсуздуктун, акчанын айынан жасашат дейт:

- Өзгөчө оор кылмыштар негизинен жаштар арасында көп катталат. Ага бир эле мисал жумушсуздук жана акчага азгырылуу болууда. Жеңил ойлуулук кылган жаштар өзү эмнени жасап койгондуктарын убагында түшүнбөй жатышат. Ошондой эле тарбиянын начардыгы да ага себеп болууда. Экөө алдын ала сүйлөшүп, жолдон кур жана магазинден тапанча сатып алышып, акча үчүн аялды өлтүрүп жатышпайбы.

Жалал-Абад облусу боюнча 2014-жылы 71 оор кылмыш катталган. Алардын 38 фактысы адам өлтүрүүгө байланышкан.

XS
SM
MD
LG