Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Карга камалган Жаз-Кечүү


Жалал-Абаддын Жаз-Кечүү айылынын тургундарынын сырткы дүйнө менен байланышы үзүлдү.

Базар-Коргон районуна караштуу Жаз-Кечүү айылында 150 түтүн бар. Жалал-Абадга келген Жолболду Калмаевдин айтымында, облус борборунан жүз чакырым ыраакта турган тоо айылына барчу жолдун он сегиз чакырымында калың кар жатат.

Ошондуктан ал жолдо ушул тапта унаа тургай атчан жана жөө-жалаң адамдын жүрүүсү мүмкүн эмес. Жаз-Кечүүгө май айына дейре унаа каттабайт. Аталган кыштакта мурдатан эле электр жарыгы болгон эмес. Айыл тургундары чырак жагышат. Учурда чырактарына куяр күйүүчү майлары да калган эмес:

- Ал жакка чөп жеткирүү кыйын, бир метр кар бар. Чөптү вертолет менен гана жеткирсе болот. Свет жок. Ооругандардын бул жакка келүүсү кыйын. Жалал-Абаддан Кадуу деген жерге чейин машина барат. Андан ары он сегиз километр бою машина жүрбөйт. Он сегиз километрде кар жатат. Жазкечүүлүктөрдүн оокат-ашы түгөндү, тамак-ашты бири-биринен сурап ичип жатышат.

Тоо арасында калган айылдыктардын жем-чөбү да түгөнгөн. Айыл тургуну Айымбү Байымбетованын айтымында, тоюттун жетишсиздигинен күнүнө бодо мал кырылып жатат:

- Биздин күздө камдаган ун, май, чай, туз, кантыбыз, самыныбыз түгөндү. Айылда бардыгы эле күтүп отурушат, ушулардан жардам болсо жакшы болоор эле деп. Электр жарыгы каякта дейсиз, керосинибиз да калган жок. Элдин күнүгө экиден-үчтөн малы өлүп жатат. Экиден-үчтөн уй, бирден жылкы, тайлар өлүп атат, кой-эчкилерди айтпай эле койолу. Кыш узакка созулуп кетти, карга камалып турабыз. Оокат-азыкты башка жактан ала албайбыз.

Жазкечүүлүк Баатыр энелердин бири Үмүт Баймуратова “шайлоодо керек болгон элден депутаттар эмнеге кабар алышпайт" деп телефон аркылуу байланышты:

- Жол тосулду, аттарыбыз баспайт, ачка. Ат менен жети-сегиз саат жүрөөр жол. Кар түшө электе азык-түлүктөрдү ат менен ташып алчубуз. Баарыбыз бири-бирибизден оокат сурап калдык. Кокус кимдир-бирөө ооруп калса, билбейм ооруканага кантип жеткиребиз. Жалгыз ФАП бар, анда иштеген бир дарыгердин колунан эмне келет? Шайлоодо эл издеген депутаттар кайда жүрөт? Жетекчилер деле кабар албай атышат.

Жолболду Калмаев Жаз-Кечүүгө жардам берүү тууралуу элдин атынан облустук бийликке кайрылуу тапшырса, облустук бийлик ал кайрылууну Базар-Коргон райондук бийликке жолдогонун билдирди.

Район акими Кубат Артыков жазкечүүлүктөрдүн өтүнүчү боюнча иш-аракеттер жасалаарын жана аталган айылга аралыгы он бир чакырым турган Чат-Көпүрө деген жерге буга дейре тоют жеткирилгенин маалымдады.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG